Шавкат Мирзиёев Дүйнөлүк банктын делегациясын кабыл алды

446
0

Шавкат Мирзиёев Дүйнөлүк банктын делегациясын кабыл алды

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 19-июлда Дүйнөлүк банктын Европа жана Борбор Азия региону боюнча вице-президенти Сирил Мюллер башчылыгындагы делегацияны кабыл алды.

 Мирзиёев конокторду чын дилден куттуктап, Өзбекстан менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы узак мөөнөттүү жана пайдалуу кызматташтыкта ийгиликтер болгонун айтты.

Буга чейин Өзбекстанда ишке ашырылган жана бүгүнкү күндө да уланып жаткан экономикалык алаканын көлөмү 5,2 миллиард доллардан ашкан. Үстүбүздөгү жылы Дүйнөлүк банк 850 миллион доллардан ашуун кредит берүүнү макулдады. Бул кредит ишкердикти жана мектепке чейинки билим берүү тармагын өнүктүрүүгөо.э. айыл жерлерин жумуш менен камсыздоо сыяктуу тармактарга жумшалат.

О.э. айыл чарбасын жана коммуналдык инфраструктураны модернизациялоо, “Обод махалла” программасын биргеликте каржылоо, санариптик экономиканы өнүктүрүү жаатындагы долбоорлор иштелип чыгууда.

Дүйнөлүк банк 1944-жылы АКШда болуп өткөн Бреттон-Вудс конференциясында түзүлүп, Эл аралык валюта фонду сыяктуу ири каржылык уюм болуп эсептелет.

Бул уюм “үчүнчү дүйнө” мамлекеттерине кредит жана гранттарды бөлүп, бул гранттардын акысына карыздар мамлекеттерден бир катар шарттарды аткарууну талап кылат, эгерде аталган мамлекеттер ал шарттарды аткарбаса бериле турган жардамды азайтуу же жокко чыгаруу менен коркутуп, аларды өзү (АКШ) каалаган жолго салууга аракет кылат.

2001-жылдагы иликтөөгө ылайык, Дүйнөлүк банк долбоорлорунун 60 пайызы кризиске дуушар болгон. Дүйнөлүк банк жакырчылыкка каршы күрөшүүнү максат кылып белгилешине карабастан, анын жардам пакеттерин алган өлкөлөрдө жакырчылык азайбастан, тескерисинче күчөп кеткен. Мындан тышкары, Дүйнөлүк банктан эч кандай жардам албаган мамлекеттер жакырчылык менен күрөшүүдө ийгиликке жетишкендиги көрсөтүлгөн.

Себеби, Дүйнөлүк банк кредит жана гранттарды төмөнкү пайыз менен беришине карабастан, кредит жана гранттарды алган мамлекеттерден электр энергиясына, коммуналдык кызматтарга жана башка төлөмдөрдү жогорулатууну талап кылат. О.э. муну инвесторлорго жагымдуу шарт түзүү деген шылтоо менен актоого аракет кылат. А бирок, ансыз деле жакыр мамлекетте экономикалык кыйынчылыкта жашап жаткан калктын абалы ого бетер начарлап бара берет.  

 Дүйнөлүк банк жана Эл аралык валюта фонду сыяктуу финансылык уюмдар – “үчүнчү дүйнө” мамлекеттерин карызга батырып, экономикалык колония кылуу үчүн ири мамлекеттердин, айрыкча АКШнын кызыкчылыктарын жүзөгө чыгаруу үчүн түзүлгөн. Ошондуктан да аталган уюмдар менен мамиле кылуу, билип туруп отко секирүүгө барабар.

Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here