Алмазбек Атамбаев Россияга барат

362
0

Алмазбек Атамбаев Россияга барат

Кыргызстандын мурунку президенти Алмазбек Атамбаев – анын Россияга баруусу тууралуу сураган журналисттерге – «эмки аптада, бирер күнгө» барып келерин айтты. Аман-эсен барып келишинин кепилдиги жөнүндө берилген суроого: “Мени чакырган адамдар бардыгы өз жайында болушуна аракет кылышат”, – деп жооп берди. Мындан мурун 11-июлда, президент Жээнбеков Швейцариядан кайтып келатып, Москвада Россия президенти Путин менен жолугушкан эле. Серепчилер анда Атамбаевдин тагдыры тууралуу да кеп болгонун боолголошкон. Ошондон кийин, Атамбаевдин чет өлкөгө чыгып келери тууралуу расмий эмес маалыматтар таркаган.

Ушул окуялар – Кыргызстан жада калса өз ички иштерин да – өз алдынча чече албашын көрсөтүп турат. Бирок буга карабастан, 31-августта Кыргызстанда “эгемендүүлүк” күнү зор салтанат менен белгиленет. Негизи, Кыргызстанда “желек” деген чүпүрөктөн, “герб” деген сүрөттөн, “гимн” деген ырдан башка эгемендүүлүк көрүнүштөрү жок.

Батыш империалисттери Советтер Союзун кулатып, анын колонияларын өз колонияларына айландырыш үчүн, аларга жасалма эгемендүүлүк беришкен.. Учурда Орто Азияда АКШ, Россия, Европа жана Кытай колонизаторлугу өз ара ат салышууда. Алардын арасынан эски колонизатор катары Россиянын таасири күчтүү болуп турат.

Абдулхакийм Караханий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here