Саудия падышалыгы АКШга малайлыгын улантууда
Сауд Арабиянын падышасы Салман ибн Абдулазиз АКШнын аскердик күчтөрү өлкөсүнө жайгашуусуна уруксат берди. Бул тууралуу SPA агенттиги маалымат таркатты.
Маалыматка ылайык, Саудияга АКШнын 500дөй аскерийлери жайгашат. Алар падышалыктын аскер жетекчилерин АКШ ыкмасында машыгуулардан өткөрмөкчү. Ошондой эле, аймактын коопсуздугун шылтоолоп, АКШга каршы турган күчтөргө каршы күрөшмөкчү.
Буга чейин АКШнын коргоо министрлиги Саудия менен 1,5 млрд долларлык курал-жарактарды сатуу боюнча келишим түзүлгөнүн кабарлаган. Бул келишим 2018-жылы 5 млрд 360 млн долларлык THAAD системасын сатуу келишимине кошумча катары түзүлгөн. Бул система жакынкы жана ортоңку аралыкка учуучу ракеталарды өз ичине алат. Башкача айтканда, Саудия аны Иранга же коңшу өлкөлөргө каршы колдонуп, Орусия, Кытай же АКШ сыяктуу державаларга каршы иштете албайт.
Белгилей кетсек, АКШ президенти Дональд Трамп ар дайым Саудияны Жакынкы Чыгыштагы жакын өнөктөшү экенин билдирип келет. Чындыгында, Саудия тарыхында АКШга мынчалык деңгээлде малайлык кылган эмес. Учурда падыша да, анын мураскор шахзаадасы да АКШга берилүү менен малайлык кылууда.
Мумтаз Маверанахрий