Түштүк Корея премьер-министри расмий визит менен Кыргызстанга келди

383
0

Түштүк Корея премьер-министри расмий визит менен Кыргызстанга келди

 Түштүк Корея премьер-министри Ли Нак Ён расмий визит менен 17-июлда Кыргызстанга келди.

Визит алкагында 50дөн ашык Корея компаниялары катышуусунда кыргыз-корей бизнес-форуму, эки тараптуу жолугушуулар пландалган. Кабарланышынча, таратптар соода, айыл чарбасы, саламаттыкты сактоо, тоо-кен тармагы, туризм, энергетика, транспорт, тигүүчүлүк өнөржайы жана маалымат технологиялары тармактарында кызматташтык маселелерин талкуулашат.

 Корея премьер-министрин президент Сооронбай Жээнбеков кабылдайт. 2018-жылы 13-августта болуп өткөн Кыргызстан республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйынына төрагалык кылган Жээнбеков “…Биз Кытай менен кызматташтыкты стратегиялык деңгээлге жеткирдик о.э. Түркия, Япония, Түштүк Корея, АКШ жана ЕС мамлекеттери менен да мамилелерди өнүктүрүүгө аракет кылабыз”, – деген.

Белгилүү болгондой, “стратегиялык өнөктөш” наамы астында Түштүк Корея АШга көз каранды. АКШ Түштүк Кореяга эң көп капитал жаткыруучу мамлекет болуп, аерде АКШга қараштуу ири компаниялар иш алып барат. Кореянын башка “өнүгүп келаткан” мамлекеттер менен боло турган алакасы АКШ алакаларынын ичине кирет. Азыр АКШ Кыргызстандагы абалдан пайдаланып, Түштүк Корея аркылуу да өзүнүн экономикалык жактан кирип келүүсүн күчөтүп алмакчы. АКШ Түштүк Корея аркылуу бир эле Кыргызстанга эмес, балким, бүткүл Орто Азияда экономикалык байланышын күчөтүүгө көңүл бурууда. Ушул жылдын апрель айында Түштүк Корея президенти Мун Чжэ Ин Орто Азиянын үч мамлекетин кыдырган. 16-18-апрель күндөрү Түркмөнстанга, 18-21-апрель күндөрү Өзбекстанга,  21-23-апрель күндөрү Казакстанга барган.

Түштүк Корея президентинин сапарынан көздөлгөн максат – Түштүк Кореянын Орто Азия мамлекеттери менен жакын мамилелерди бекемдөө жана Мун Чжэ Индин “Жаңы түндүк саясаты” алкагында консенсуска жетишүү экендиги кабарланган.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here