Кытай копманиясы Тажикстандын карызы үчүн алган кенди иштете баштайт

261
0

Кытай копманиясы Тажикстандын карызы үчүн алган кенди иштете баштайт

Тажикстандын Айнин районунда жайгашкан «Чыгыш Дуоба» жана «Жогорку Кумарг» алтын кендерин Кытайдын ТВЕА компаниясы жакынкы күндөрдө иштете баштайт. Бул тууралуу Тажикстандын Геология башкармалыгы кабар таркатты.

Маалыматка ылайык, ТВЕА компаниясына аталган алтын кендерин иштетүү үчүн лицензия 2018-жылы берилген. Айтылган кендердеги алтындын запасы жогорку бөлүгүндө 51,7 тонна, казуу кыйын болгон төмөнкү бөлүгүндө  117,16 тоннага жетет. Кытай компаниясы алтын өндүрүүдөн түшкөн пайданы «Душанбе-2» Жылуулук электр борборуна кеткен каражатты актаганча өзү алат. Буга кошумча, алгач заводдорду курууга кеткен каражаттар да акталышы керек.

Белгилей кетсек, «Душанбе-2» ЖЭБи 349 млн. долларга курулган. Анын 17,4 млн. долларын тажик бийлиги бөлүп берген.

Тажикстанда чалгындалган 600дөн ашык кен-байлыктар аныкталган. Алардын жүзгө жакыны ишке берилген. Тажикстанда Кытайдын алтын казуу менен алектенген ТВЕАден башка дагы бир катар компаниялары иш алып барып, алардын көпчүлүгү 100%, 75% акцияга ээлик кылат. Булардын баары Кытай Тажикстанды экономикалык жактан чынжырлап алганын анык көрсөтүп турат. Анткени, Кытай өтмүштө Орто Азияны жибеги менен муунтуп келсе, бүгүнкү күндө карыздары менен чынжырлап жатат. Берилген ар бир карыз бул өлкөлөрдүн кен байлык же стратегиялык мекемелерин ээлеп алууга каратылган. Учурда Тажикстандагы Кытай компанияларынын саны 200дөн ашат. Ушул күнгө чейин Кытай Тажикстанга 3 миллиарддан ашык долларлык инвестиция салган. Аларды эселеп ташып кеткенин айтпасак да белгилүү.  

Тажикстандын тышкы карызы 2018-жылы 2,879 миллиард долларды түзсө, анын
1,2 миллиардын Кытайга берет.  

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here