Могерини Борбор Азиянын Тышкы иштер министрлери менен Бишкекте жолугат

335
0

Могерини Борбор Азиянын Тышкы иштер министрлери менен Бишкекте жолугат

Европа Биримдигинин Тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Федерика Могерини 6-7-июлда Бишкекке расмий сапар менен келет. Иш сапардын  алкагында Борбор Азия өлкөлөрүнүн Тышкы иштер министрлери менен жолугушат. Буга байланыштуу Брюсселде эл аралык кызматташтык жана өнүгүү боюнча Европа комиссары Невен Мимица менен чогуу билдирүү жасашты.

Биргелешкен билдирүүдө көз карандысыз жалпыга маалымдоо каражаттарын бекемдөө, жарандык коом үчүн шарттарды түзүү, укук үстөмдүгүн жана мамлекеттик башкарууну күчөтүү, коорупция менен күрөш, ошондой эле жаштар жана аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү тармагында аймактагы мамлекеттер менен кызматташтык күчөтүлөрү айтылат. Ошондой эле аймактар аралык кызматташтык бүгүнкү дүйнөлүк байланыш үчүн абдан маанилүү экени жана Евро Биримдик менен Борбор Азия буга чейин мындай жакын мамиледе болбогону белгиленди.

“Аймактагы өлкөлөр реформа жасап, бири-бири менен болгон кызматташтыкты күчөтүшүүдө. Алар бул кызматташтык аркылууу кубатка ээ боло баштады. Борбор Азиянын саясий салмагы Чыгыш менен Батыштын негизги өнөктөшүнө айланышына шарт жаратууда. ЕБ дүйнөдөгү жеке инвестиция жаткырууда эң чоң булак болуп эсептелгендиктен, аймактагы туруктуу долбоорлорго кызыктар. Ушул максатта ЕБ аймактагы экономиканы реформалоо, модернизациялоо тармагында кызматташат. ЕБ Борбор Азия менен бирге көптөгөн чакырыктарга каршы турат. Бул экология, суу чарбасы жана терроризмге каршы күрөшүү үчүн чек араларды башкаруу тармагы”.

Билдирүүнүн соңунда жаңы стратегиянын негизинде студенттер үчүн Европада тажрыйба топтоого, жумушка орношууга, коопсуз аймак түзүүгө басым жасалаары айтылат.

Белгилей кетсек, Евро Биримдик 15-майда Борбор Азияга карата жаңы стратегиясын жарыялаган. Буга байланыштуу Орусия өзүнүн позициясын билдирип, ЕБди Борбор Азиянын кабыл алган чечимдерин сыйлоого чакырган. Ошондой эле айрым тармакта орток көз карашка жетүү мүмкүн экени айтылган. Мындан белгилүү болгондой, Борбор Азияда АКШ, Орусия, Кытай менен бирге Евро Биримдик да саясий оюнга кирип келе баштады. Мында аймакка инвестиция аркылуу экономикалык таасирин күчөтүүдөн баштап студенттерди окутуу, тажрыйба алмашуу шылтоолору менен өз кадрларын даярдоого чейин каралган. Буга кошумча, аталган державаларды Исламга каршы күрөшүү кызыкчылыгы бириктирмекчи. Анткени, аймактагы Исламдын таасири күн санап күчөп, колонизаторлордун тынч уйкусун бузуп жатат.  

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here