Ливиядагы малайлар алып барып жаткан согуш кимге пайдалуу, андан кандай максаттар көздөлгөн жана кандай акыбетке алып барат?

401
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Ливиядагы малайлар алып барып жаткан согуш кимге пайдалуу, андан кандай максаттар көздөлгөн жана кандай акыбетке алып барат?

Асъад Мансур

Ливиядагы күрөштүн маңызы алда качан ачык болду. Бул, эл аралык күрөш болуп, колонизатор Америка менен колонизатор Британия ортосунда, алардын регионалдык жана жергиликтүү малайларынын жардамы менен алып барылууда. Күрөштө Америка малайлары болгон Мисир менен Саудия Хафтарды колдоп-кубатташууда. О.э. Россия да бар, ал Жакынкы Чыгыш маселелеринде АКШнын этегин кармап, муну менен регионалдык күчтөрдүн бирине айланды. Алжир, Тунис, Марокко жана Катар Европага көз каранды болуп, Европа Сарражды колдоп-кубаттоодо. Бириккен Араб Амирликтери болсо Британиянын тыңчысы болуп, анын ролу Американын Ливиядагы адамдарын англистердин пайдасына ыплас роль ойноого үндөп жатат. Жергиликтүү топтордун баары ал же бул тарапта согушуп, колонизаторлордун малайларынын пайдасы үчүн бири-бирин өлтүрүшүүдө! Бүгүн Ливиядагы кырдаал мына ушундай.

Европа Сарражды колдоодо, аны бийликке алып келген да Европа болот. Сарражды алып келүүдөн мурун Британия 2015-жылы Схират келишимин даярдады. Франция болсо таяктын ортосунан кармап алмакчы т.а. Хафтар менен болгон мамилелерин бекемдөөнү да, Сарраж менен болгон мамилесин сактоону да каалап жатат. Франция 2017-жылы 25-июлда эки малайды Парижге чакырып, ок атууну токтотуу, президенттик жана парламенттик шайлоолорду уюштурууга келиштирди. Бирок, бул келишимди ишке ашыра албады. Анткени, башка колонизатор күчтөр ага каршы атаандашып жаткан. Жакында Франция 2019-жылы 8-майда Европадан колдоо издеп Рим, Париж жана Берлинге сапар тарткан Сарражды кабыл алды. Франция президенти Макрон кийинки аптада Хафтарды кабыл аларын билдирип, Ливияда ок атууну токтотуу келишимине жетишүүнү т.а. ага басым кылып, Триполиге каршы чабуулдарды токтотууга мажбурлоону максат кылды. Андан мурун 2019-жылы 16-майда Италия премьер-министри Жузеппе Конте Римде Хафтар менен жолугушуп, эки саат талкуу өткөргөн. Конте маалымдашынча, ал Хафтарды саясий чечимге жетишүү үчүн согушту токтотууга чакырган т.а. Триполиге каршы чабуулду токтотууга басым кылган. Белгилүү болгондой, Конте Хафтар менен жолугушуудан мурун АКШнын Италиядагы элчиси менен учурашкан. Бул болсо, Италия Европа саясатына ылайык жүрүшүнө карабастан, өз кызыкчылыктары үчүн Ливия маселесинде Америка менен келишип аракет кылып жатканын, Америка Хафтарды колдоп-кубатташын жакшы билерин түшүндүрөт.

Франция менен Италия келишип аракет кылуу зарылдыгын, антпесе, Америка каршысында уттурушун түшүнүп жетишти. Ошондуктан, эки мамлекеттин тышкы иштер министрлери 2019-жылы 13-майда жолугушуу өткөрүштү. Бул жолугушуудан максат жарашуу болгон. Анткени, мурун Ливия байлыктарын талап-тоноо жана иммиграция маселесинде эки мамлекет жаңжалдашып калган. Италия Сарраж өкмөтү көзөмөлдөгөн нефть аймактарына каражат жаткырууну абзел деп жаткан болсо, Франция Хафтар көзөмөлдөгөн аймактарга каражат тартууга аракет кылууда жана Хафтар Ливия түштүгүн көзөмөлгө алган соң Чаддагы таасирин жоготуудан кооптонууда.

Ушул себептен улам, Франция тышкы иштер министри Ле Дриан Хафтардын «терроризмге» каршы күрөштөгү ролун мактап, 2019-жылы 10-май күнү «Le Figaro» гезитине: «Мен Франциянын, дос мамлекеттердин жана алардын союздаштарынын коопсуздугуна кызмат кылган ар бир ишти колдоп-кубаттаймын», – деди. Францияда чыккан «La Croix» гезитинин 2019-жылдын 2-майдагы санында мындай делет: «Макрон өз адатына ылайык, эки тарапта ойноого чебер. Макрон 8-май күнү Сарраж менен өткөргөн жолугушууда аны колдоп-кубатташын айтып, ошол эле учурда, аскерий техника жана разведка жагынан Хафтарга жардам берип жаткан аскерий чечимди каалабашын баса белгиледи». Гезиттин кабарына ылайык: «Франция, Мисир, Саудия жана Амирликтер Хафтардын негизги колдоп-кубаттоочулары болуп эсептелет. Хафтарды аскерий жана саясий жактан колдоп-кубаттоо, эң оболу, саясий Исламды жок кылууга багытталган болсо, экинчиси, бул мамлекеттердин нефтиге байланыштуу кызыкчылыктарын камсыздоого каратылган».

Америка Хафтарды колдоп-кубаттап жатканын 2019-жылы 19-апрелдеги кабары менен ачыктады. Кабарда «Трамп Хафтар менен телефон аркылуу сүйлөшкөнү» айтылды, Трамп «Хафтардын терроризмге каршы күрөштөгү жана Ливиядагы нефть ресурстарын камсыздоодогу ролун моюнга алганы» жана «эки жетекчи Ливияны туруктуу жана демократиялык саясий түзүмгө алып чыгуу кызматташтыгын талкуулашканы» баса белгиленген.

«Ал-Жазира» 2019-жылы 2-май күнү Сарраж өкмөтүндөгү булактарга таянып «АКШ күчтөрү өкмөт менен түзгөн коопсуздук кызматташуу келишиминин алкагында борбор Триполи менен Мисирата шаарына кайтканын» кабарлады. Кабарда Сарраж өкмөтүнүн маалымат катчысы Муханд Юнус: «Өкмөтүбүз АКШ менен кызматташуу жолдорун, АФРИКОМ күчтөрүн күчөтүүгө жана кеңейтүүгө аракет кылууда, анткени, АКШ менен терроризмге каршы күрөш жаатында кызматташуубуз токтогон жок, уланат», – деди. Белгилүү болгондой, Хафтар Триполиге чабуул жасагандан үч күн өтүп, АФРИКОМ командачылыгы 2019-жылы 7-апрелде Ливиядан күчтөрүн алып чыгууга токтом кылган жана «коопсуздук кырдаалы туруксуз болгондуктан ушул чечимди кабыл алганын» айткан. Т.а. Америка өз күчтөрү кыйын ахвалда калбашы үчүн Хафтарга Триполи чабуулуна жол ачып берди. Хафтардын чабуулу Триполиден кайтарылган соң, Америка күчтөрү өз жайына кайтарылды. Бул болсо, Сарраж өкмөтүнүн айла-амалдуулугуна жана коркоктугуна далалат кылууда. Сарраж өкмөтү Америка ушул чабуул аркылуу ага басым кылып жатканын жакшы түшүнгөн о.э. Американы ыраазы кылуу үчүн Америка күчтөрү «терроризмге» каршы күрөш деген чүмбөт астында Ливияда жайгашып алганына да сүкүт кылууда!

«Америка өкмөтүнүн расмийлери Ливиянын ири командачылары жана көптөгөн кесиптештери менен Ливия кризиси маселесинде кеңеш алып барышууда», – деди АКШ тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы «Ал-Жазирага». Катчы маалымдашынча, «Бул кеңеш туруктуулук орнотуу жана Сарраж менен Хафтарды сүйлөшүү столуна олтургузуу үчүн басым болуп эсептелет». Америка Хафтарды колдоп-кубаттап жатканын маалым кылган соң, Сарраж өкмөтүнө басым кылып, аны сүйлөшүүгө жана Хафтарды өкмөткө шерик кылууга мажбурлоодо. Муну менен Британиянын Схират келишими жокко чыгууда. Абал Хафтар Ливиянын мыйзамдуу командачысы катары моюнга алынып, АКШнын Ливиядагы таасири жайылышына жардам беришине карай бара жатат. Эгер, Хафтар Триполини көзөмөлгө алса, мыйзамдуу түрдө моюнга алынбай калат жана бийлик баскынчысына айланып, адамдар Каддафийди кулатышкандай, аны да кулатууга аракет кылышат.

Ливиядагы күрөш эки максатта алып барылып жатканы айкын болууда: биринчиси, «терроризмге», «экстремизмге» жана саясий Исламга каршы күрөшүүнү шылтоолоп Исламдын бийликке келишин алдын алуу. Экинчиси, нефть ресурстары. Т.а. инвестиция деген нерсени шылтоолоп, бул ресурстарды уурдоо.

Ливиядагы эң чоң ката – колонизатор күчтөр НАТО аркылуу киришине жол берилгени болду. Жергиликтүү тараптар ушул күчтөр жана ага көз каранды регионалдык мамлекеттер менен алака кылышты. Негизи, ар бир өлкөдөгү ахвал ушундай. Анткени, чет мамлекеттен жана ага көз каранды мамлекеттерден жардам суроо өз жанына кол салуу жана кыйроо болуп эсептелет. Пикирсиз прагматик оппортунист кимселер муну түшүнүшпөй жатат. Анткени, алардын пикири, ыңгайлуу учурдан пайдаланып, жеке кызыкчылыктарга жетишүү жана бул үчүн ким болбосун жардам суроо болуп калды. Алар өлкө тагдырын да, Умматты да, акыретте да ойлошпойт. Алар пикирлөөдөн бүтүндөй алыс болуп, принципиалдуу болууну маскаралашууда, өз эркин «колдоп-кубаттап жаткан мамлекеттерге» туткун кылып, өзүлөрүнүн жана өлкө тагдырын ошолордун колуна тапшырышууда. О.э. кафирлерге малай жана дос болуудан арданышкан жок. Хафтар менен Сарраж да чет жактан колдоо алуу үчүн ушундай аракет кылышууда.

Ошондуктан, калыс даъватчылар адамдар жана жетекчилер арасында аракет кылып, алардын аң-сезимин өстүрүүсү керек, малай акимдерди жана алардын кожоюндары жеңилтирип, Аллахка жардам беришсин жана Аллах да аларга нусрат-жардам тартуу кылсын.

Роя гезити

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here