Муфтият Ошто “экстремизм”дин алдын алуу маселелерин талкуулады

430
0

Муфтият Ошто “экстремизм”дин алдын алуу маселелерин талкуулады

 Ошто “Экстремизм жана терроризмге каршы күрөшүүнүн негиздери” деп аталган талкуу болуп өттү. Бул жөнүндө муфтияттын басма сөз кызматы кабарлады.

 Иш-чарада Ош облусунун казысы Самидин Атабаев, Дин иштери боюнча мамкомиссиясынын түштүк бөлүмүнүн жетекчиси Исакбай Мурзабеков жана башка мамкызматкерлер, орган кызматкерлери, 30дан ашык курсанттар катышышты.

Комментарий: Дүйнөлүк куфр системасы Ислам жана мусулмандарга каршы күрөш ыкмасын өзгөртүп барууда. Мурун мусулмандарды куралдуу аракеттерге шыктандырып, “Ал-Коида” сыяктуу топтор аркылуу жасалма уруш майдандарына алып кирип, миңдеген калыс мусулмандарды кырдыртып жиберген болсо, эми бүгүнкү күнгө келип “Умеренный ислам” (же “традиционный ислам”) долбоорун иштеп чыгып, аны мусулмандар арасына жаюуга өттү. Бул ыкмада жетекчи куфр мамлекеттери “сапты өзүбүздөн жасоо” үчүн, коомдогу аалымдардан, айрыкча, муфтият кызматкерлеринен пайдаланууга умтулуп жатат. Кыргызстанда да ушул максатта, өз талаптарына жооп бере турган имамдарды ажыратып алуу үчүн имамдар аттестациядан өткөрүлдү. “Талаптарга” жооп берген жана алар менен иштеше турган имамдар кызматтарында калтырылып, башкалары иштен алынды. Аларга атайын стипендиялар белгиленди, муну менен “жеген ооз уялат” болуп, алардын мамлекетке көз карандылыгы ашырылды. Алар жогорудагыдай иш-чараларда адамдарга жана орган кызматкерлерине “умеренный” мусулман менен “экстремист” мусулмандын арасын кантип айырмалоону жана аларга карата кандай мамиледе болууну үйрөтүшүүдө.

 Биз бу орунда эстетип кетер эң зарыл нерсебиз, биердеги маселе Ислам жана куфр күрөшү маселеси! Куфр мусулмандар арасын ажыратпай туруп, бул күрөштө жеңишке жетише албайт. Ошондуктан, алар “Мээлүүн ислам” аркылуу мусулмандар арасын ажыратып таштоону көздөшкөн. Эгер биз өз ара биримдигибизди бекемдебесек, анда жеңилип бара беребиз! Биримдик менен, албетте жеңебиз. Ал биримдик болсо Пайгамбарыбыз соллаллоху алайхи ва саллам сийраты негизинде биригүү менен болот.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here