Мабдага негизделүү жана хак үстүндө бекем туруу – караңгылыктан кутулуунун жалгыз жолу

587
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Мабдага негизделүү жана хак үстүндө бекем туруу – караңгылыктан кутулуунун жалгыз жолу

Бир аз тарыхка, Халифалык мамлекети кулатылганга чейинки доорго кайрылсак, Ислам табияты ошол маалда негизинен рухий Исламга, көбүрөөк жеке адамга тиешелүү ибадаттарга чектелип калганына күбө болобуз. Туура, Усманий Халифалык мамлекети заманында жихад уланды, фатхтар болду. Бирок, мусулмандардын турмушунан жаратмандык, ижтихад жана мусулман перзенттерин келекчектин жетекчилери жана мамлекет ишмерлери кылып тарбиялоо сыяктуу көптөгөн нерселер жоголду. Коомдун Аллахтын өкүмдөрүнө Аллах жакшы көрө турган жана ыраазы боло турган таризде амал кылуусу кыйла солгундады. Себеби, ошол кезде Батыш мамлекеттери Халифалык мамлекетин силкинтүү, алдан тайдыруу, араб жана ажамдардан турган бир бүтүн мусулмандардын арасында келишпестик чыгаруу, улутчулдук жана текчилдик жаңжалын алоолонтуу үчүн убактысын да, каражатын да аябады. Бизге маалым болгондой, алар Халифалык мамлекетин жок кылуу, саясий жана аскерий жактан дүйнө майданынан четтетүү, кийин мамлекетчелерге бөлүп салуу максатында Халифалыкка оору жуктуруу вазыйпасын малайларга тапшырды… алардын ар бирине өзүнүн ролдорун бөлүп беришти.

Халифалыкты ыдыратуу – Батыштын улуу максаты эле. Бирок, ыдыратуунун ушундай кооп-коркунучу бар, анын акыбеттерин ар кандай адам же мамлекет жөнгө сала албайт. Эгер, кафирлер Халифалык мамлекетин ыдыратып, кийин бул ыдыроону тартиптештиришпесе о.э. ыдыроону сактап турууга, ушул нерсеге өзгөчө этибар беришпесе, муну эң маанилүү маселе деп билишпесе, анда, мусулмандардын жүрөгүндө Ислам жана мабда кайра жанданат, кийин дагы өкүмдар болуу жөнүндөгү өлгөн умтулуулары кайра тирилет. Муну кафир таптакыр каалабайт.

Ошондуктан, кафирлер түрдүү мамлекетчелерди пайда кылып, аларга вазыйпаларын бөлүштүрүп берди, бул вазыйпадан кылча четке чыкпай, экиленбестен аракет кылышы үчүн башкаруу формасын жана турмуш түзүмүн бегилеп берди. Натыйжада, Исламды түзүм катары жок кылуу үчүн биринчи кадам мына ушул ыдыратуу болду. Экинчи кадам – адамдар ар дайым бир-бирине каршы душмандык кылып турушу үчүн, кийин кафирлер түрдүү шылтоолор менен алардын иштерине аралашуу үчүн мусулман өлкөлөрүндө ыплас шайтаний вужуддарды пайда кылуу кадамы болду. Мына ошолордун бири Фалестиндеги яхудий вужуду болсо, дагы бири Сириядагы нусайрийлер вужуду. Алар адамдарга балээ болду. Алар Исламга каршы бузгунчулук кылып, каршы күрөштү, адамдар ортосунда бири-бирин жаман көрүү жана душмандык жаңжалдарын кеңири жайышты, жада калса, бул вужуддар турганда, аларды оңдоонун да, аларды каршы туруунун да аргасы болбоду. Акыбетте, зулум күчөдү, Аллахтын көптөгөн өкүмдөрү зая кетип, оболу мамлекетте, кийин адамдарда зая болду.

Батыш жана анын куйруктары өз өкүмдарлыктарын бекемдөө жана мусулмандарды Исламдан четтетүү күрөшүнүн жаңы баскычын башташты. Т.а. «уламалар», «шейхтер», «муфаккирлер», «реформачылар», «жадидчилер» сыяктуу кимселерди пайда кылышты.

Бу кимселер кафирлердин мусулман өлкөлөрүндөгү эң күчтүү куралдары десек жаңылышпайбыз. Мен дин, илим жана фикхти чүмбөт кылып алып малайлык кылган топту назарга алып жатамын. Алар малай режимдерге кызмат кылып гана калбастан, мусулмандарды бөлүп, зая кетирүүгө, «өкмөттөргө итаат кылуу фарз, аларга каршы чыгуу харам» деп фатва чыгарууга да кызмат кылышты.

Бу топ көпчүлүк инсанды жахилдикке салып, Аллахтын дининен жана өкүмдөрүнөн четтетишти. Себеби, акимдер жана алардын маалымат каражаттарынын жардамы менен алар өзүлөрүн Аллахтын шариатын билүүдө кайрыла турган булак кылып көрсөтүштү. Көпчүлүк адамдар аларга ишенип, ээрчишти. Алар болсо, адамдарды өкмөттөргө ибадат кылууга, алардын караңгылыгына чөктөрүүгө аракет кылышты. Мурун жер жүзүндө теңдеши жок бир мабдага негизделген мамлекети болгон мусулмандар, эми мабдасыз, тунук акыйдасыз о.э. адамды жана коомду Аллах ыраазы боло турган түрдө аракетке салган өкүмдөрсүз калышты. Мына ушундайча бул кимселер кеминде негизги нерсеге жана негизги идеяга т.а. кафирлердин Ислам мамлекетин кулатуу идеясына кызмат кылышты.

Ал тургай, бул кимселер Аллахтын өкүмдөрүнө каршы күрөштө жана залимдердин батылын хак деп көрсөтүүдө күнү-түнү аракет кылышты. Натыйжада, кээ бир адамдар: «Аким ачыктан-ачык мас болсо жана зына кылса да, аларга каршы чыгуу жаиз эмес», деген сөздөрдү айтышты! Дагы кээ бирлери, кылмышы ашкере болгон акимге Аллахтан вахий алган, Анын даргөйүнөн келген пайгамбар катары ыклас коюшту! Айрымдар болсо, аким Аллахтын өкүмдөрүн зая кетирип, кафирлерди дос тутуп, мусулмандарга каршы кыргын жана зулум кылып жатканын өз көзү менен көрүп туруп, акимди «иш ээси» деп жатат! Дагы бири, ондогон жылдар бою Аллахка аң-сезимдүү таризде даъват кылганы үчүн бушайман болууда, бул үчүн үзүр сурап, эми кожоюнуна чын дилден кызмат кыларын, кожоюну каалаган жасалма исламды чыныгы Ислам деп билишин айтууда!

Жыйынтыктап айтканда, мусулмандарда мабдага негизделүү жок, же аларга мабда «ууланган» абалда берилди. Акыбетте, бул нерсе мусулмандарды акыйдавий жана саясий боштукка алып барууда. Адамдарда исламий ырасымдар гана калды, андан ашыкча нерсе жок.

Бул жагдай ушуну түшүндүрөт, биздин таяна турган нерсебиз калбады. Имаратта үлкөн жарака кеткен. Имаратты кайра тикелөө аракети Исламга жана анын өкүмдөрүнө тескери көрүнүштө бара жатат, турмуш түзүмдөрүн да бизди бөлүп салууга умтулган кимселер алып келген.

Нурга кайтуу үчүн мабдага кайтуу зарыл. Пайгамбарыбыз ﷺ алып келген ушул Роббаний туура мабданы адамдардын жүрөгүнө жана акылдарына терең жана бекем орнотуу керек. Кийин, мабданы жер жүзүнө жеткирүү талаптарын аңдап жетип, мабдада бекем туруу кажет.

Ошондой кылсак, бүгүнкү күндө мусулман өлкөлөрүндөгү тагуттардан жана жахилдиктен кутулабыз… баарыбыз Роббаний рахматка, аделетке, түзүмгө ээ болобуз. Тикеленчү бул мамлекет Роббаний нурду коргоп, аны менен башкарат жана жер жүзүнө хидаят жана саясат катары жеткирет. Бул Аллахка кыйын эмес.

Аллах Субханаху ва Таала айтат:

الر كِتَابٌ أَنْزَلْنَاهُ إِلَيْكَ لِتُخْرِجَ النَّاسَ مِنَ الظُّلُمَاتِ إِلَى النُّورِ بِإِذْنِ رَبِّهِمْ إِلَىٰ صِرَاطِ الْعَزِيزِ الْحَمِيدِ

«Алиф, Лам, Ро. Биз сага адамдарды Роббинин уруксаты менен караңгылыктан нурга – күч-кубат жана мактоо ээси болгон Заттын жолуна – алып чыгууң үчүн түшүргөн Китеп»                                                                                                                                       [14:1]

Роя гезити, №239, 2019жыл, 19-июнь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here