Европадагы интеграция саясаты тектик тазалоону көздөйт

351
0

Европадагы интеграция саясаты тектик тазалоону көздөйт

Австрияда орто мектептерде жоолукка тыюу салуу жөнүндөгү мыйзам улуттук кеңештен өттү. Таалим мыйзамына өзгөртүү киргизүү талабы тастыкталып, федералдык кеңештеги таалим комиссиясына катардагы мыйзам сыяктуу сунуш кылынды. Коалициялык өкмөт бул мыйзам долбоорун 2018-жылдын күзүндө көтөрүп чыккан. Ошондо өкмөт төрагасы: «Шек-күмөнсүз, кыздардын хижаб кийишине биздин өлкөдө орун жок», – деген.

Ушуларга карата, Хизб-ут-Тахрирдин немис тилдүү мамлекеттердеги маалымат бөлүмү билдирүү чыгарып, ушуларды белгиледи: «Бул өзгөртүүдөн ачык көрүнүп тургандай, Австрия мусулман балдарды жана өспүрүмдөрдү социалдаштыруу маселесине түздөн-түз аралашууда. Максат, аларды мажбурий интеграция кылуу жана Австрия сакафатына сиңдирүү. Бул мыйзам эртең коомдо ушундай бир чөйрө жаратат, анда өздөрүнүн жашоо таризине тескери болгон ар кандай көрүнүшкө тыюу салынып, мажбурий чаралар аркылуу бир сакафат зордоп орнотулат. Бул мыйзамды түзгөндөр өздөрү айтып жаткан мыйзамдуу мамлекеттин либерал аброюн сактоо деген нерсеге да маани беришкен жок. Акыйкатта болсо, алардын мыйзамында итикаддардын түрдүүлүгүн же диндердин өзгөчөлүгүн дискриминация кылуу кылмыш болуп эсептелет».

Билдирүүдө мындай делет: «Австриядагы бул иш-аракеттер ушуга жаркын далил болууда, демек, акыйдаларды жана турмуштук багыттарды кабыл алган жана инсаний топторду өзүндө камтууга кудуреттүү коомдун моделин түзүүдө Батыш мамлекеттери ийгиликсиздикке учурады. Адамдардын эркиндиги корголгону айтылса да, бирок, европача акыл башка акыйдалар жана системалар жөнүндөгү пикирлерди сыйдыра албайт. Ал тургай, башка акыйда жана системаларды өзү үчүн коркунуч деп билет».

Билдирүүдө ушулар да баса белгиленди: «Австриядагы интеграция саясаты тектик тазалоону көздөйт. Бул саясат либерал мыйзамды курт сыяктуу ичинен кемирип, мамлекет бир жактуу маданиятка ээ болушу керек деген пикирди орнотууга аракет кылат.

Роя гезити, №239, 2019-жыл, 19-июнь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here