Шамда Россия менен түзүлгөн келишимди четке каккан, фронтторду ачууну жана мужахиддерге жардам көрсөтүүнү талап кылган демонстрациялар уюштурулду
Жума күнү Идлиб жана Халабда кылышкер орустар менен түзүлгөн ар кандай жарашуу келишимин четке каккан бир катар демонстрациялар болуп өттү. Мисалы, Кардуш шаарында Хизб-ут-Тахрир мүчөлөрү уюштурган демонстрацида фронтторду ачууга жана мужахиддерге жардам көрсөтүүгө чакырылды. Демонстранттар «Эй, эр жүрөк мужахиддерибиз, келишимде кордук жана шерменделик болсо, фронтторду ачууда Жаббардын ыраазылыгы бар», «Кабина дөңсөөсү бүткүл дүйнөгө мужахиддердин кайратын көрсөттү жана бул коргонуп чабуул кылууда абзел услуб» деп жазылган плакаттарды көтөрүп чыгышты.
Идлиб түндүгүндөгү Сармада шаарында өткөрүлгөн демонстрацияда адамдар Россия жана режим менен түзүлгөн келишимди каралап, бул келишим аларга демдерин чыңдап алууларына, учактарын эс алдырып, кийин кайра чабуул баштоого мүмкүнчүлүк берирерин баса белгилешти. «Конференциялар да, андагы тил бириктирүүлөр да эр жүрөк мужахиддер аягы астында кыйрап тебеленүүдө» деп айтылат демонстрациядагы плакаттардын биринде. Дагы бир плакатта «Түркиянын ролу баарына ачык-айкын болуп калды жана анын ролу козголоңчулардын кыргын кылынышын, алардын канкор режимге тапшырылышын камсыздоону камтыйт, демек, эмнени күтүп отурасыңар?!» деп жазылган.
Идлиб түндүгүндөгү Карома качкындар лагеринде да демонстрациялар өткөрүлдү. Демонстрацияда мужахиддерге мактоолор билдирилип, душман Россия менен жарашууга кадам шилтөөдөн эскертилди. Демонстрациядагы плакаттардын биринде Шейит Соруттун: «Бизди ушул абалга салган жана жүрөктөрүбүздү өлтүргөн нерсе келишим болот, душмандар Химсте жарашып, Гутаны бомбалап жатышат, ошентип, ушул абалга жетип келдик», – деген сөздөрү жазылды. Дагы бир плакатта мужахиддерге: «Режимдин кудуретсиздиги, орустардын болсо коркоктугу жаркын көрүндү, демек, жолду улантып, режимди кулаткыла», деп кайрылуу жасалды.
Роя гезити, №239, 2019-жыл, 19-июнь.