Яманда ар эки саатта бир эне жана алты наристе каза болууда

530
0

Яманда ар эки саатта бир эне жана алты наристе каза болууда

Согуш себептүү жана анын натыйжасында Яман жакырчылык, ачарчылык, чума, медициналык кызматтардын жетишпестиги жана бүтүн бир муундун жок болуп кетиши сыяктуу инсаний каргашаларга күбө болууда. Бирок, ушул согушту башкарып жаткан токтом ээлери «бул согуш региондогу ички чыр-чатак» деген элести берүүдө, кризистерди курчутуп, айланадагы мамлекеттерге да өткөрүүдө жана бул нерселерди жашырып келүүдө белгилүү бир даражада болсо да ийгиликке жетишишти. Бул – Яман маселеси канчалык даражада этибарсыз калтырылып жатканын түшүндүрөт. Ямандагы «кызыкчылыктар кагылышуусу» төртүнчү жылга кирди, анын куну төгүлгөн кандар, курман болгон жандар, миллиондогон куугун жана ооруга чалдыккандар менен төлөнүүдө. Ал тургай, бул өлкө бүгүнү күндө жар жакасына келип калды.

Эй мусулмандар, Яманда медициналык жардам жана медициналык жабдыктар жетишпегендиктен ар эки саатта бир эне жана алты наристе каза болууда. О.э. бүгүн Яманда жугуштуу оорулар кеңири жайылып, жакырчылык жана ачарчылык өтө күчөдү. А түгүл, Яман Жакынкы Чыгыштагы эң жакыр өлкөгө айланды!

Эй мусулмандар, Яман Булуң мамлекеттерине кошуна. Анын аймагы Сауд Арабия жана Оман султандыгы менен чектешсе да, бул мамлекеттер Яманды кызматташтык кеңешине киргизишпеген. Алар Батышка малай болушкандыктан Американын буйругу менен Сауд Арабияны Амирликтер менен Оман султандыгынан турган жана Яманга каршы аскерий агрессияны ишке ашырган коалицияга жетекчи кылып алышты. Катар да коалициядан чыгарылышынан мурда анын курамында эле. Ушул мамлекеттер жана Иран акимдери т.а. Ямандын түндүк жана түштүгүндөгү акимдер Ямандагы диндештерибизге каршы кылмыштарга кошулуп келишүүдө.

Эй мусулмандар, Яман акыйдасы, каны, ар-намысы жана ыйык жайлары ортоктош болгон жалгыз Умматтын бир бөлүгү. Ал адамдары этибарсыз таштап коюла турган, кризиси жана калкы унутта калтырылган, балдары, аял жана кары-картаңдарынын өмүрүнө кайдыгер карала турган бир бөлүк эмес.

Бүткүл дүйнөдө мышык жана иттерге камкордук көрсөткөн борборлор ачылып жатканда, Яманда ар эки саатта эне менен наристе ачкачылык жана оорудан улам жан берүүдө. Ушунун өзү эле эр кишилерди аракетке келтирүүгө жетиштүү эмеспи?! Бул абал аларды Уммат маселелерин кабыл алууга, проблемаларынын айланасына чогулууга жана чечим табууга үндөө үчүн жетиштүү эмеспи?!

Юнисеф, эл аралык кайрымдуулук уюмдар, БУУ чакырыгына негизделип Яманга финансылык жардам көрсөтүү чечим эмес. Чынында, кафир Батыштын пландарын ишке ашырууда мындай эл аралык уюмдардын шектүү ролу өз тастыгын тапкан. Кризиске чекит коюуда Европа жана Ак үйдүн аралашуусун суроо же аларды кырсыкты токтотууга кайдыгер карап жатышат деп айыптоо шерменделик.

Ооба, алардан жардам суроо шерменделик. Анткени, Умматыбыз Яман, Фалестин, Сирия, Ирак, Чыгыш Түркстан, Мьянма маселесин жана башка маселелерди чечүү үчүн жетиштүү армияларга ээ.

Биз күч же акча менен жардам көрсөтүшүн сурап Батышка жалдырагыдай армияга жана байлыкка ээ эмес Умматпызбы?! Исламда муктаждыктан тышкары байлыкты сактоо харам, биз муктаж болуп турган курал-жарак жана армияны сактап эмне кыласыңар?! Бүткүл дүйнөдө аскерий кубаты жагынан жетекчи орунда турган, согуш майданында эрдик менен күрөшкөн армиянын Ямандагы кылмыштарга катышуусу шерменделик.

Энелер жана наристелердин өлүмү о.э. согуш, жакырчылык, жугуштуу оорулар, башбаанексиз калуу сыяктуу Яман калкына жеткен бардык мусибаттардын чечими – күч жана коргоодо. Себеби, ушул күч армия менен Яман калкын коргойт. Хизб-ут-Тахрир тикелөөгө аракет кылып жактан пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалык мамлекетиндеги ушул армия жандарды сактоого, ар-намыс жана ыйык жайларды коргоого, тынчтык, туруктуулук жана коопсуздукту орнотууга кепил.

Эй мусулмандар, Яман маселеси Умматыбыздын маселелеринин бири. Андыктан, Умматты курчап алган мусибаттардын көптүгүн шылтоо кылып, Яман маселесине кайдыгер кароо же унутуу жаиз эмес. Себеби, мусулмандар башка адамдардан өзүнчө жалгыз Уммат. Расулуллах ﷺ айтат:

«إِذَا مَرَّ بِكُمْ أَهْلُ الْيَمَنِ يَسُوقُونَ نِسَاءَهُمْ، وَيَحْمِلُونَ أَبْنَاءَهُمْ عَلَى عَوَاتِقِهِمْ، فَإِنَّهُمْ مِنِّي، وَأَنَا مِنْهُمْ»

«Эгер, жаныңардан аялдарына баш болуп жүргөн жана балдарын желкесинде көтөрүп алган Яман калкы өтүп калса, алар менден жана мен аларданмын».

Хизб-ут-Тахрир Борбордук маалымат бөлүмүнүн аялдар жааты

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here