Трамп Иран менен келишүү шартын маалымдады

333
0

Трамп Иран менен келишүү шартын маалымдады

 АКШ президенти Дональд Трамп Иран менен келишүү шартын маалымдады. Ал: “Мен үчүн келишим кандай калыпта болушунун мааниси жок. Балким биз алар менен өзүнчө келишербиз, балким баары кошулар. Бирок, эмнеси болгондо да, бир натыйжа болушу шарт: аларда ядролук курал болбошу керек”, – деди.

Анын оюнда, ирандыктар АКШ менен келишүүнү абдан каалашат.

 “Алар ушундай абал жаралганы үчүн аябай кубанышууда деп ойлойм. Анткени, алардын экономикасы бүтүндөй кыйрап калган”, – деди Трамп.

 21-июнда Трамп Иранга аскерий сокку берүүнү 10 мүнөт калганда токтотуп койгонун айткан эле. Арадан бир күн өткөндөн кийин ал сөзүнөн кайтып, болгону чабуул убактысы артка гана сүрүлгөнүн айтты.

Комментарий: Шек-күмөнсүз, Иранга карата кылынып жаткан жасалма коркутуулар АКШ тарабынан көбүртүлүүдө. Ушундай шылтоо артынан Америка май айынын башында регионго тездик менен аскерлерин, самолётторун жана учак ташуучу ири кемесин жиберип, мунусу үчүн “Иран коркунучун” бетке кармаган. АКШнын мындан көздөгөн максаты, мусулмандардын израилге карата улам артып бараткан жек көрүүсүн башка жакка буруп, жаңы күрөш майданын ачуу. Бу күрөштө ар дайымкыдай эле Иран АКШ үчүн “башкы каарман” ролун ойноп берет.

Мындан тышкары, АКШ бул аркылуу дүйнөлүк нефть базарындагы баага таасир этип, анын баасын көтөрүүдө. Себеби, мунай баасынын көтөрүлүшү сланец нефт казып алуу сарп-каражаттарына ылайыкташат жана андан АКШ үлкөн пайда көрөт.

Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here