Мирзиёев Өзбекстан “Лукойл”го 600 миллион доллар карыз экенин тан алды

524
0

Мирзиёев Өзбекстан “Лукойл”го 600 миллион доллар карыз экенин тан алды

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев 21-июнда Сенатта сөз сүйлөп жатып, Өзбекстан “Лукойл” компаниясынан 600 млн доллар карыз экенин тан алды.  

 Reuters агенттиги март айында, «Лукойл” газ жеткирип бергени үчүн 2018-жылы Өзбекстан ага карыз болуп калганы тууралуу кабарлаган эле. Компания Өзбекстанда Кандим-Ховузак-Шоди-Коңурат жана Түштүк-Чыгыш Хисор долбоорлорунда өндүрүмдөрдү бөлүп алуу шарты менен иш алып барууда. Долбоорлордо өндүрүлгөн газ негизинен Кытайга жеткирилет.

 Өзбекстан өндүрүлгөн газдын бир бөлүгүн ички базарга алып калганы үчүн 600 млн доллар карыз болуп калган, анткени, келишим боюнча казып алынып жаткан бардык газ экспорт кылынышы белгиленген.

 Шавкат Мирзиёевдин айтымында, Өзбекстан бүгүнкү күндө ички базарга сатыш үчүн “Лукойл”дон газдын 1000 кубометрин 146 доллардан алып, аны калкка 40 доллардан сатып жатыптыр. Ар бир миң кубометр ортосундагы 100 доллар ашык айырма 600 млн долларлык карызды түзүптүр.

 Комментарий:

АКШ башчылыгында түзүлгөн Бириккен Улуттар Уюму жалаң гана колонизатор мамлекеттердин кызыкчылыктарын коргоочу түмөн түрдүү эларалык мыйзамдарды кабыл алышкан. Алар аркылуу “үчүнчү дүйнө” мамлекеттерин саясий, экономикалык ж.б. жактардан күнкор кылып кармашат. Жакырчылыктан баштарын чыгарбай, чийки сырьё базасы кылып турушат. Мындай мыйзамдар натыйжасында, Өзбекстан сыяктуу “эгемендүү” мамлекеттер өз байлыктарына да ээлик кыла алышпайт. Бу “эгемен” мамлекеттердин малай жетекчилери – тактыларын сактап калуу үмүтүндө – өз кожоюндары койгон шарттарды кабыл ала беришет. Андай шарттар эл башына түшкөн балээ болот. Мына мисалы, Өзбекстан эли да өз газына өзү ээ боло албай, кыштын ызгаар күндөрүндө тезек жагып күн көргөнү аз келгенсип, өз газын өзү сатып алып жатканы да жетишпегенсип, анын үстүнөн карыз баткагына да батып барууда. Өзбек газынын үзүрүн Россия менен Кытай империалисттери көрүүдө.

Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here