Кытай мусулман өлкөлөрү менен биргеликте «терроризмге» каршы күрөшөт

493
0

Кытай мусулман өлкөлөрү менен биргеликте «терроризмге» каршы күрөшөт

14-июнда Бишкекте ШКУ саммити өттү. Саммитин негизги багыты «терроризмге» каршы күрөшүүгө каратылды. Саммитте Кытай башчысы Си Цзиньпин: «Биргеликте жамандыктын үч күчүнө – сепаратизмге, терроризмге, экстремизмге каршы күрөшүү керек», – билдирүү берди. (ntv.ru, 14.06.19). Бул демилгени колдоп президент Жээнбеков Кыргызстан сепаратизмге, терроризмге, экстремизмге каршы күрөшүүдө Кытай менен бир позицияда экенин айтты.

Кийин күнү, 15-июнда Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында Азиядагы өз ара кызматташуу жана ишеним кеңешинин V саммити болуп өттү. Саммитке Азия өлкөлөрүнүн жетекчилери катышты жана саммиттин алкагында эки тараптуу сүйлөшүүлөр өткөрүлдү. Кытай башчысы Си Цзиньпин менен Түркия президенти Эрдоган да ушундай эки тараптуу сүйлөшүү өткөрүп, өз ара маселелерди талкуулашты. Жолугушуу учурунда Си Цзиньпин: «Учурдагы кырдаалда тараптар терроризмге каршы күрөшүү тармагында кызматташууну бекемдеши керек», – деди. («РИА Новости», 15.06.19). Өз кезегинде, Эрдоган Түркия Кытай менен мамилелерди өнүктүрүүгө чоң этибар берип жатканын жана кызматташууну дагы да кеңейтүүгө даяр экенин баса белгиледи.

Маалыматтарга ылайык, бүгүнкү күндө Кытайда 2 миллионго жакын түрк тилдүү уйгур, казак, кыргыз мусулмандары «сепаратизм», «терроризм», «экстремизм» менен айыпталып камактарда кармалып турушат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here