Ислам адамзатка таасир өткөрүүнү улантууда

561
0

Ислам адамзатка таасир өткөрүүнү улантууда

Исламий башкаруу түзүмү – Халифалык мамлекети көлөкөсүндө 13 кылым бою дүйнөгө жетекчилик кылгандан кийин – өкүнүчтүүсү, дин душмандары жана алар менен тил бириктирген чыккынчылар колу менен турмуштан четтетилди. Ушундай болушуна карабастан, ал фитратка (табиятка) ылайык дин болгондуктан бүгүнкү күнгө чейин адамзатка таасирин өткөрүп келет.

Вашингтондо жайгашкан “Реw” изилдөө борбору бүгүнкү күндө эң бир тез өнүгүп бара жаткан дин – Ислам дини экендигин жарыя кылды. Изилдөөнүн натыйжасы боюнча, ушул кылымдын аягына барып дүйнөдөгү мусулман калктын саны насронийлерден да өтүп кетиши мүмкүн.

2015-жылдагы маалыматтарга ылайык, дүйнөдө бир миллиард сегиз жүз миллион мусулман бар. Бул цифра дүйнө калкынын 24 пайызын түзөт.

О.э. изилдөөдө мусулман калкы Батыштын калкына салыштырмалуу дүйнөдөгү эң жаш калк экендиги айтылган.

Инша Аллах жакынкы күндөрдө күтүлүп жаткан Халифалык мамлекети тикеленген соң, Исламий башкаруу түзүмү шек-күмөнсүз кайрадан дүйнөнү башкаруучу кубатына ээ болот. Себеби, Ислам – бүт дүйнөнү капитализмдин кесепети себептүү жүз берип жаткан кризистен куткара алуучу жападан жалгыз дин. Батыш жетекчилеринин ушул акыйкатты моюнга алуудан башка чарасы калбады.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here