Уйгур аялдарынын Кытайдагы “кайра тарбиялоо” лагерлериндеги абалы

1133
8

Уйгур аялдарынын Кытайдагы “кайра тарбиялоо”  лагерлериндеги абалы

“The Independent” басылмасы тараткан кабарга ылайык, Кытайдын “кайра тарбиялоо” лагерлериндеги мусулмандардын абалы өтө аянычтуу.

29 жаштагы Мехригүл  Турсун өзүнүн башынан өткөндөрү тууралуу айтып берген.

Ал: “Мен  экинчи жолу камакка алындым. Чачымды кырып салышты, 4 күн бою суракка алышты,  тынымсыз азапташты жана уктаганы бир мүнөт да убакыт беришпеди.  Мен  бир топ жыл Мисирде билим алдым, үй-бүлөлүү болдум жана учурда 3 балам бар. Ошого карабастан, мага ырайым кылышпады. Мен үч ай бою аянычтуу абалда түрмөдө жаттым. Ошол убакытта 9 аял каза болду”, – деди.

Мехригул абактан чыккан соң үй-бүлөсү менен Кытайдан качып кеткен.

Комментарий:

Улуу Рамазан айы бир заматта өтүп кетти.

Ачкалык-чаңкоо, уйкусуз түндөр артта калды. Кимдир бирөөлөр өз ибадатынан ыраазы болгон болсо, дагы кимдир бирөөлөр Аллахтын алдында кылган каталарына өкүнүп, бушайман болду.

Куфр дүйнөсү муътадил (мээлүүн) Ислам тарапкерлери аркылуу мусулмандардын Айт майрамын да кайгыга айлантты. А бирок турмуш уланып жаткан соң, дилинде кыпындай болсо да ыйманы бар адам күн сайын өз жашоосунан тышкары башка мусулман боордошторунун абалынан кабардар болгусу келет. Биз аялдар дасторкон үстүндө балдарыбыздын жанында жыргап жашап жатканыбызда, башка мамлекетте зордук -зомбулук курмандыгы болуп жаткан эже-сиңдилерибиз жөнүндө ойлонушубуз зарыл. Аларга  жардам берүү жөнүндө пикирлешибиз керек.

Куфр белгилеген миңдеген тоскоолдуктар, чек аралар артында мусулман боордошторубузга карата зулумдар уланууда.

Мисалы, Кытай мушрик мамлекети болгон кубатын ишке салып мусулмандарга моралдык жана материалдык зыян жеткирүүдө.

Эмне үчүн Кытайдагы мусулмандардын абалын тез-тез эске салабыз? Анткени, дал ушул Кытай бир курт-кумурскалар сыяктуу Орто Азия өлкөлөрүнө экономикалык, социалдык жүрүш баштаган. Ошондуктан, ушул мушрик мамлекеттин чыныгы жүзүн ачыктап өтөбүз.

Алдыдагы аптада Орто Азия бойлоп өзүнүн кезектеги сапарын баштаганы турган Кытайдын башчысы Си Цзиньпин да куфр дүйнөсү үчүн пайдалуу, бирок,  Ислам жана мусулмандарга зыяндуу болгон карамүртөз долбоорлор менен келери анык.

БУУ уюмунун отчётуна ылайык, учурда Уйгур автономиялуу облусунда жарым миллионго жакын уйгур мусулмандар Кытай өкмөтүнүн лагерлеринде оор шарттарда кармалууда.

 Урматтуу мусулмандар!

Эгерде Аллахтан корксоңор, чыныгы коркуу менен корккула. Соопторуңузду көп эсептеп, кадыржам болуп калбаңыздар. Уйгур боордоштор денеңиздин бир бөлүгү. Карамүртөз душманды кучак жайып тосуп алып жаткан саткын жетекчилерибизге насаат кылалы. Жүрөгүңүзгө убактылуу дүйнө матасын эмес, түбөлүктүү бактылуулук кепилдиги болгон Бейишке ашыктыкты орноткула. Шариятка кызмат кылбаган дене, кудай көрсөтпөсүн, кыямат кнүндө зыяныбызга күбөлүк берип калышы мүмкүн.  Унутпагыла, диндин камы болбогон жүрөк бир кесим пайдасыз эт сыяктуу. Таква кылыңыздар!

Мунаввара

8 COMMENTS

  1. В современную цифровую эпоху все больше владельцев техники встречаются с непростым выбором: что делать со старым домашним кинотеатром при покупке современного телевизора? Многие ошибочно полагают, что придется приобретать новую акустическую систему. Однако есть несколько эффективных способов совмещения старой, но качественной техники с новыми устройствами. Такое решение не только сбережет значительную сумму, но и позволит дальше пользоваться проверенным временем оборудованием. Если вам интересно, то по адресу можно прочитать о том [url=https://1wyws.top/ ]как подключить домашний кинотеатр samsung к lg телевизору [/url] и множество увлекательных материалов в журнале 1wyws.top.

    В материале подробно разбираются различные варианты подключения старых домашних кинотеатров к современным телевизорам – от использования HDMI-интерфейса с поддержкой технологии ARC до подключения через оптический выход или традиционные аналоговые разъемы. Каждый метод сопровождается детальными руководствами и практическими советами. Особое внимание уделяется совместимости различных типов соединений и возможным техническим ограничениям. Читатели найдут полезную таблицу совместимости разъемов, которая поможет быстро выбрать оптимальный способ подключения.

    Публикация также включает подробное описание типичных затруднений, возникающих при подключении устройств разных поколений, и действенные способы их решения. Авторы предлагают практическими советами по настройке звука и оптимизации работы системы. Пошаговые инструкции помогут даже неопытным пользователям успешно выполнить подключение самостоятельно. Особенно ценным является раздел с описанием возможных сложностей и методов их устранения, что поможет избежать многих распространенных ошибок при настройке оборудования.

    Источник: [url=https://1wyws.top/tehnologii/330-kak-podklyuchit-staryj-domashnij-kinoteatr-k-novomu-televizoru/ ]https://1wyws.top/tehnologii/330-kak-podklyuchit-staryj-domashnij-kinoteatr-k-novomu-televizoru/ [/url]

    Рад был бы оказать помощь по вопросам как правильно сделать домашний кинотеатр – обращайтесь в Telegram kbd10

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here