Цивилизациялуу Батыш «террористтерди» кантип даярдайт…

334
0

Цивилизациялуу Батыш «террористтерди» кантип даярдайт…

Швейцариянын «Tages-Anzeiger» гезити атайын кызматтардын Исламга жана мусулмандарга каршы иш-аракеттерин ачыктаган макала жарыялады. «Хорватиянын мусулмандарга каршы жашыруун аракети» деп аталган бул макалада Евробиримдиктин мүчөсү Хорватия өлкөсүнүн атайын кызматтарынын ыплас иш-аракеттери чагылдырылган.

«Хорватия атайын кызматы босниялыктардын мечитине курал таштап коюуну пландаган жана мусулмандарга басым өткөргөн» деп башталат макала. Гезит бир босниялык мусулмандын башынан өткөргөн окуясын, Хорватия атайын кызматы аны кызматташууга кантип мажбурлаганын ачыктаган. Бул мусулман коопсуздук үчүн ысымын өзгөртүп гезитте өзүн Ален Халимович деп тааныштырат. Гезитте минтип айтылат: «Босниялык мусулман Ален Халимович беш жыл мурун Хорватиянын борбор калаасында мусулман гимназиясын бүтүргөн. Ал он сегиз жашка толгондо Хорватия атайын кызматынын назарына түшкөн. Атайын кызмат аны жашыруун суракка алууга чакырышкан. Атайын кызматтын кызматкерлери андан Загреб мечитине ким келип-кетип жатканы жана мечитте эмнелер талкууланары жөнүндө маалымат жеткирип турууну шартташкан. Андан тышкары, алар Аленден Босниянын түндүгүндөгү Горня Маоча айылына барып ал жердеги диний адамдардын аракети жөнүндө маалымат чогултууну талап кылышкан».

Бирок, коркутууларга карбастан, Ален кызматташуудан баш тарткан, гезитте бул тууралу мындай делет: «Атайын кызматтын кызматкерлери аны опузалашкан, эгер ал тыңчы болуудан баш тартса, ал жана анын үй-бүлөсү бул баш тартуунун акыбетин көрөт деп коркутушкан. Хорватия бийлиги мугалим болууну эңсеген Аленди улуттук коопсуздукка кооп-коркунуч туудурат деген негизде өлкөдөн чыгарып жиберди, ал эми, куруучу болуп иштеген Алендин атасы жумушунан айрылды».

Гезит Алендин окуясы жалгыз эмес экенин, атайын кызмат мындан да кооптуу иштерди жасап жатканын айтат: «Ален Халимовичтин окуясы жападан-жалгыз мындай окуя эмес. Акыркы күндөрдө журналист Авдо Авдичке бир нече босниялык мусулмандар кайрылышкан. Алардын баары Хорватия атайын кызматынын ыплас иш-аракеттери боюнча арызданышкан. Учурдагы маалыматтарга ылайык, Хорватиянын атайын кызматтары Хорватияда жана Словенияда жашаган Босния жарандарын кооптуу операцияларга тартуу үчүн аларды жалдоого урунушкан… мусулмандарды жаман көрсөтүү үчүн мечиттерге курал жана жардыруучу заттарды коюуга мажбурлашкан, мунун акысына өзгөчө укуктарды берүүнү убада кылышкан. Ким кызматташуудан баш тартса, өлкөдөн чыгып кетиши шарт болгон».

Бул окуялар бир гана Хорватияда болуп жаткан жок, мындай ыкма дүйнөдө кеңири жайылган. Ошондуктан, Батышта бирер жардыруу же башка нерсе болсо, алардын атайын кызматтары «ал кылмышкер биздин каттообузда болчу», «биздин көзөмөлүбүздө эле» деген сөздөрдү угуп калабыз. Бүгүн идеологиясы кыйрап бара жаткан демократиялык Батыш Исламга каршы турууда идеологиялык жактан жеңилгендиктен, эми минтип ыплас иш-аракеттерге өтүүдө. Цивилизациялуу Батыш жана аны ээрчиген мусулман акимдери Исламды жана мусулмандарды жаман көрсөтүү үчүн мына ушундай ыплас иштерге барышат. Анткени, Батыш өзүнүн бузуку демократиясын сактап калууга умтулса, ал эми, мусулман акимдери мусулмандар өлкөлөрү бир жетекчи астында биригишинен улам өз тактыларынан, бийликтеринен айрылып калуудан коркушууда.

Харун Абдулхак

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here