Токаев Жээнбековду орден менен сыйлады

336
0

Токаев Жээнбековду орден менен сыйлады

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 28-майда Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековду, Орусиянын президенти Владимир Путинди жана Беларус президенти Александр Лукашенкону Нурсултан Назарбаев ордени менен сыйлады. Орден “Қазақстан Республикасының Тұңғыш Президенті — елбасы Нұрсұлтан Назарбаев” деп аталат.

Бул тууралуу токтомго президент Касым-Жомарт Токаев кол койгон.


29-майда  Нур-Султанда Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин мааракелик жыйыны болуп өтөт.  

Иш-чарага Елбасы Нурсултан Назарбаев, Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев, Белориянын президенти Александр Лукашенко, Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков, Россиянын президенти Владимир Путин, Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндар катышат.

О.э. байкоочу мамлекеттер макамында – Молдова президенти Игорь Додон, Тажикстан президенти Эмомали Рахмон жана КМШ аткаруу комитетинин төрагасы Сергей Лебедев ардактуу мейман катары катышат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here