Ливиядагы акыркы окуялар

363
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيم

Ливиядагы акыркы окуялар

Устаз Ахмад Мухаззиб

Триполидеги саясий чөйрө өткөн айда Ливиядагы саясий чечим картасын аракетке келтирүү үчүн «Улуттук конференция» өткөрүүгө камданып жатканда Хафтар өз күчтөрүн өлкө батышы (борбор Триполи) тарапка аракетке келтирди. Хафтар Гарян шаарын ээлеп алды, ушул шаар Хафтардын таяныч чекитине айланганы белгилүү болду. Гарян шаары борбор Триполиден болжол менен жүз километр алыс жайгашкан.

Бул окуяларга байланыштуу ушуларды айтабыз:

  • Хафтар Триполини азат кылуу амалиятын жарыя кылды;
  • Президенттик Кеңештин төрагасы Сарраж аба күчтөрүнө борборго чабуул кылган ар кандай коркунучка каршы күч колдонуу жөнүндө буйрук берди;
  • Сарраж Башкы штаб жана аскерий округдарга даярдык даражасын күчөтүү, жарандарга коркунуч салган ар кандай тарапка каршы күрөшүү көлөмүн бекемдөөнү буйрук кылды.
  • Ички иштер министрлиги катуу тартиптеги өзгөчө кырдаал жарыя кылды жана бардык коопсуздук күчтөрдү борбордун коопсуздугуна коркунуч туудурган ар кандай күчкө каршы турууга чакырды;
  • Мисурата борбордук аскерий округунун командачылыгы бардык бөлүмдөрүн Триполиге багыттоого буйрук берди;
  • Ливия батышындагы эң ири аскерий күч жайгашкан Мисуратада массалык сапарбарлык жарыяланды;
  • Триполини коргоо күчтөрү борбордун түштүгүндө 80 км алыста Хафтар күчтөрүнө чабуул кылды.

Бейшемби күнкү негизги окуялар мына ушулар.

Эртеси төмөндөгү окуялар жүз берди:

– Улуттук келишүү өкмөтүнө караштуу «Завия» күчтөрү борбордун батышында 27 км алыста Хафтардын бир бөлүмү үстүнөн көзөмөл орнотуп, анын бардык аскерлерин туткунга алды;

  • Сарражга караштуу аба күчтөрү борбордун түштүгүндөгү Хира районунда Хафтар күчтөрүн бомбалады;
  • Триполидеги Хафтар басып алган аэропорт кайтарып алынды;

Ошол эле убакта, чет мамлекеттер да аракетке келди:

  • АКШ тышкы иштер министри жарыялаган билдирүүдө: «Биз Ливияда болуп жаткан окуяларды жакындан күзөтүп жатабыз жана БУУ жетекчилигиндеги аракетти колдоп-кубаттайбыз», – деди;
  • Британия Коопсуздук Кеңешин Ливиядагы абал боюнча чукул жыйын өткөрүүгө чакырды;
  • Жума күнү Триполиде БУУ Башкы катчысы: «Ливиядагы чечим саясий диалог аркылуу чечилишм керек», – деди;
  • БУУ Башкы катчысы: «Мындай шартта Улуттук конференция өткөрүү өтө кыйын»;

Жүз берип жаткан окуяларды түшүнүү үчүн Аммаус шаарында өткөрүлө турган «Улуттук конференцияга» этибарды каратуу лазым. Бул шаар Ливия, Тунис жана Алжир чегаралары кесилишкен жер болуп, анын жанында Алжир армиясы күчтөрү жайгашкан. Алжир Ливиядагы абал Хафтардын көзөмөлүнө өтүшүнө каршы турган позицияны карманат.

Белгилүү болгондой, өткөн айда Сарраж расмий чакырык жолдоп Хафтар менен жолугушуу үчүн Абу Дабиге барган. Жолугушуу тууралуу эч кандай сүрөттөр жарыяланбаса да, бирок, Триполидеги бийликти бөлүшүп алууга «эки тарап келишип алышты» деген кабар тарады. Бул кабар түрдүү багыттагы башка топтордун ачуусун келтирди. Алардын бири Хафтар менен Сарраж ортосундагы үлүш бөлүшүп алуу «Бир уул үчүн эки кыз үлүшү» эрежеси негизинде болду деди.

Гассан Салама ушул айда Гадамис шаарында Улуттук конференция өткөрүшү аркылуу өз ара келишүү документине кол коюлушу күтүлүп жаткан. Бирок, Америка жана анын региондогу союздаштары алардын келишимине ыраазы болбогон көрүнөт. Ошондуктан, Хафтардын мына ушинтип чабуулду баштады. Хафтар Алжир өзүнүн ички иштери менен алек болуп, чегара артындагы ишке аралаша албашынан пайдаланып бул чабуулду баштады. О.э. бул чабуул БУУ миссиясы шарт жаратып бергенинен башталды. Максат – Америка жана анын малайы Хафтардын Триполиге коркунуч туудурушу үчүн убакыт жана мүмкүнчүлүк берүү, арийне, Улуттук конференциянын Хафтар чабуулдары астында өтүп, анын натыйжалары Америка каалагандай болушу көздөлгөн.

Америка кудум саясий чечимге жетишмекчи болуп жаткандай жалган саясат алып барууда. Түпкүлүгүндө, ал Хафтарды борбор Триполиге үндөдү, ошондуктан Ливия ички иштер министри БУУ миссиясын Хафтар менен тил бириктирген, араб мамлекеттери Хафтарды колдоп-кубаттаган деп айыптап: «Биз эл аралык коомчулукка ишенбейбиз, эми өзүбүзгө гана таянабыз», – деди.

Андыктан, Америка менен Европа ортосунда болуп жаткан өлкөбүздөгү күрөш эми жашыруун эмес, ачык күрөшкө айланды. Бул Сарраждын билдирүүлөрүнөн жана аскерий бөлүктөргө Хафтар амалиятына каршы туруу жөнүндөгү буйруктарынан көрүнүп турат. Туткунга түшүү, өлүү жана олжого айлануу сыяктуу Хафтар согушкерлери кабылган чоң зыян Сарраж берген кечеги буйруктардын натыйжалары.

Бул суу-кургакты бирдей өрттөгөн согушка учкун болушу мүмкүн. Бул Американын буйругу, себеби, ал өлкөбүздү ойрондуга айлантууга аракет кылып жатат. Муну түшүнүп алуу үчүн ашыкча ойлонууга кажет жок. Себеби, бул араб мамлекеттеринде, өзгөчө, козголоң болуп жаткан өлкөлөрүбүздө сезилип, көрүнүп жаткан абал.

Ошондуктан, БУУ миссиясын өлкөдөн кууп чыгаруу, иштерибизге мурдун салууга жол бербөө, ири мамлекеттердин элчиканаларынын тапшырыктарына ыраазы болбоо жана булардын баарынан алыста туруу – кафирлердин өкүмдарлыгынан азат болуубуздун жана Аллахтын өкүмүнө амал кылуубуздун жалгыз жолу:

يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا لَا تَتَوَلَّوْا قَوْمًا غَضِبَ اللَّهُ عَلَيْهِمْ قَدْ يَئِسُوا مِنَ الْآخِرَةِ كَمَا يَئِسَ الْكُفَّارُ مِنْ أَصْحَابِ الْقُبُورِ

«Эй момундар, Аллахтын каарына дуушар болгон коум менен дос болбогула! Кудум бардык кафирлер кабыр ээлеринен үмүтсүз болушкандай, алардын да ахиреттен үмүттөрү үзүлгөн» [60:13]

Мына ушул нусрат жолу, момундарга нусрат берүү болсо Аллахка кыйын эмес.

Роя гезити

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here