Миңдеген Фалестина калкынын Акса мечитине намазга келиши…

433
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Миңдеген Фалестина калкынын Акса мечитине намазга келиши алардын Исламга жана ыйык жерлерине абдан маани беришин ырастайт

«Араб-48» сайты хижрий 1440-жылы 5-рамазан, миладий 2019-жылы 10-май күнү жарыялаган кабарда мындай делет:

«Куддустагы исламий вакфтар мүдүрү шейх Аззаб Хатиб маалымдашынча, яхудий вужуду орноткон тосмолорго карабастан, бүгүн 180 миң фалестиналык Акса мечитинде Рамазан айынын алгачкы жумасын аткарышты.

Яхудий вужуду Батыш Жээк жана Газа сектору калкынын 40 жашка жете электерине бул жума намазына катышуусуна жол беришпеди».

Роя гезити:

Бүгүн АКШ жетекчилиги астында жана мусулман акимдеринин тил бириктирүүсү менен Фалестина маселесин жок кылуу үчүн даярдалган фитналардын жана сунуштардын ишке ашуусуна жакын калганы айтылууда. Мына ушундай учурда яхудийлер Аксага барууга жана ал жерде намаз окууга каршы тосмолорду орнотконуна карабастан, мындай даражада чоң сандагы мусулмандын Аксада топтолгону – пакиза Фалестина жеринин калкы жакшылыкка берешен экенине далалат кылууда. О.э. алар Ислам жана ыйык жайларына абдан маани беришин көрсөтүүдө.

Бул болсо, нафсине кулак салып, Фалестина жеринен баш тартууну каалап жаткан ар бир кимсеге жолдонгон бир чакырык. Бул мубарак жердин калкы Фалестинанын бир ууч жеринен баш тартууга таптакыр ыраазы болбойт жана Аллахтын уруксаты менен, темирдей бекем туруп, душмандардын жана аларды дос туткандардын тил бириктирүүлөрүн кыйратат.

Роя гезити, №234, 2019-жыл, 15-май.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here