بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ
Аббас режими өз саткындыгын келечек муунга үйрөтмөкчү!
«Ultra Palestinе» сайты хижрий 1440-жылы 4-рамазан, миладий 2019-жылы 9-май күнү жарыялаган кабарда мындай делет:
«Фалестина таалим министрлиги «Фалестина үчүн таалим алабыз» деген демилгенин алкагында «Президентибиз үлгү» деген китепче таратты. Президент Махмуд Аббастын цитаталарын камтыган бул китепче бейшемби күнү Фалестинанын социалдык тармагында чоң чуу жаратты.
Таалим министри Марван Авартаний: «Министрлигибиз бул китепчени басып чыгаруу жана мектептерге таратуу вазыйфасын алат», – деди. Ал минтип кошумчалады: «Мектеп окуучуларына бул цитаталарды үйрөтүү алардын жаратмандыгын өстүрүү жолундагы маанилүү демилге болуп, бул нерсе улуттук шахсиятты көрсөтүүгө, көздөлгөн өзгөрүүгө жана өнүгүүгө жетүүгө багытталган».
Фатх кыймылынын борбордук комитетинин мүчөсү Аззам Ахмад президент Махмуд Аббастын токтому менен бул китепти чыгарылганын жана бардык таалим жайларына таратылганын билдирди.
Бул маселе социалдык тармакта чоң чуу жаратты. Айрым адамдар «араб жетекчилеринин маалымат жана таалим тармагындагы мактоосу» деп түшүндүрмө калтырышты. О.э. президенттин коопсуздук келишимине амал кылуу жана куралдуу каршылык кыймылын четке кагуу жөнүндөгү билдирүүлөрү көрсөтүлүп, китепче ушул сыяктуу билдирүүлөрдү да ичине алар бекен, деген суроо ортого салынган».
Роя гезити:
Бул сыяктуу демилге бир нерсени гана түшүндүрөт, ал да болсо, Фалестина Азаттык уюму, анын өкмөтү жана тарапкерлери, баары ушунчалык бир ыплас даражага түшүп кетишкен, эч бир кадыр-кыйматты жана ахлакты билбеген жалданган кимселер гана бул даражаны өздөрүнө ылайык көрүшөт.
Фалестина режиминин жана анын жетекчилеринин кыянаттарына ыраазы болгон же сүкүт кылган фалестиналык шерменделик жарлыгын алган болот. Жүрөгүндө кымындай ынсафы бар киши ушундай деп эсептейт. Бул үчүн Аббастын сан санаксыз кыянаттарынын баары эмес, бирөөсү гана жетиштүү. Анын кыянаттары: ал Осло келишимине амал кылуу үчүн күрөштү, Иорданиядан яхудийлер кыйынчылыгын жоюу убадасын алды, яхудий вужуду менен коопсуздук боюнча кызматташуу келишимине кол койду, бүгүн Фалестинадан баш тартууна жан үрөп аракет кылып жатат, Фалестинанын төрттөн үч бөлүгүн яхудий вужудуна берүүгө, мунун акысына өлкөнүн калган бир ууч жеринде куралсыз жана күч-кубатсыз, күчсүз мамлекетчеге ээ болууга аракет кылып жатат, яхудий вужуду Ислам Умматынын көкүрөгүнө сайылган канжар болуп турушун бекемдөө үчүн Американын «эки мамлекет» долбоору үчүн жан талашып аракет кылып жатат… бул кыянаттарды санап аягына жетпейсиң.
Муну менен биз ондогон жылдардан бери айткан, дагы эле айтып келе жаткан акыйкат дагы бир ирет тастыгын тапты. Азаттык уюму, Фалестина режими, экөөсү тең колонизаторлордун куурчагы жана куралы болуп, алар Фалестинаны текке кетирүүгө жана баскынчылыкты бекемдөөгө кызмат кылат. Бүгүнкү күнгө келип бул саткындар өз кыянаттарын ашкере кылып, эми муну мектептеги балдарыбызга да үлгү катары көрсөтүшмөкчү.
Бул арамзалыкты сүрөттөөгө тил алсыз. Аббас жана анын режими Фалестина калкынын динин, күч-кубатын жана өлкөсүн коргоого каршы күрөшүп жатат жана буга яхудийлер да, Батыш да күбөлүк берип жатат. Америка, Батыш жана яхудийлер Фалестина режими алар үчүн стратегиялык кызыкчылыкка ээ экенин бир нече ирет ашкере билдиришкен. Ошондой болгон соң, бул режим шерменделиктин үлгүсү кандай болору туурасында перзенттерибизге таалим бермекчиби?!
Бул режим Батышка жана яхудийлерге саткындарча кызмат кылуу, Фалестинага жана анын калкына душмандык кылуу жолунан кайтпайт. Ушул себептен улам, бул нерсе Фалестина калкынын мойнунда. Алар бул кудайсыз режимге жана анын жетекчилерине каршы кыйкырып, Фалестинадагы перзенттерибизден колуңду тарт деши керек. Антпесе, биз бул кетиште режимдин да – кудум Мустафа Кемал сыяктуу – Фалестинада Куръан окулушуна жана азандын айтылышына тыюу салышына күбө болушубуз мүмкүн болот.
Роя гезити, №234, 2019-жыл, 15-май.