بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ
Хизб-ут-Тахрир–Сирия вилаятынын иш-чаралары
Хизб-ут-Тахрир–Сирия вилаятынын жигиттери Идлибдин түндүгүндө Салкин жана Дана шаарларында жума күнү демонстрация өткөрүштү. Демонстрацияда Россия жана Түркиянын кайгуул аракеттери караланып, фронтторду ачуу талап кылынды. Дана шаарында жума намазынан кийин уюштурулган демонстрацияда адамдар плакаттарды көтөрүп чыгышты. Биринчи плакатта «Мужахиддерге арттан канжар сайгандар, өз ар-намысын курман кылган калк эмес, топтордун жетекчилери» экени баса белгиленди. Экинчи плакатта «Биз кыргын кылынышыбызга кепил болгон мамлекеттерди коргоп жаткан топтор тарабында эмеспиз, биз козголоңду жана козголоңчуларды коргоп жатан мужахиддер тарабындабыз» деп айтылды. Үчүнчү плакатта «Түркия менен Россияны кайгуул аракети бизди кыргын кылган жана качкынга айланткан бир тыйындын эки тарабы» экени айтылды. Төртүнчү плакатта мындай делген: «Маселе өкүнүү менен эмес, илдетти дарылоо менен чечилет! Дарылоо – топтордун жетекчилеринин анык бузук иштерине жана кафир мамлекеттер менен алака кылып, алардын буйруктарын аткарууларына чекит коюу!». Халаб чыгышындагы Баб шаарынын калкы жана активисттери да жума күнү нааразылык демонстрациясын өткөрүштү. Бул демонстрация Идлиб түштүгүндөгү жана Хаманын түндүгүндөгү элдик демонстрация менен бир убакытта өттү. Активисттердин айтымында «Баб калкы Идлиб түштүгү жана Хама түндүгү калкы менен бир убакта Умар ибн Хаттаб жамиъ мечитинин алдында демонстрация өткөрүшкөн». Алар баса белгилешинче «Эл Идлибдин чыгышындагы жана түндүгүндөгү топтордон Хаманын түндүгүндөгү фронтторго жардам берүү үчүн Асад режиминин фронтторуна каршы согуш баштоону талап кылышты». Демонстранттар ушул маанидеги плакаттарды көтөрүп чыгышты: «Шейиттерибиздин каны ар бир залимди жана күнөөкөрдү өрттөп күл кылат», «Идлиб азат жана азат бойдон калат», «Баары силерди жардамсыз таштап кетишти, бирок, Аллах силердин жардамчыңар».
Роя гезити, №234, 2019-жыл, 15-май.