Мусулмандарды өлтүргөн канкорлорго азаттык

392
0

Мусулмандарды өлтүргөн канкорлорго азаттык

Американын «New York Times» гезити АКШ президенти Дональд Трамп Афганистан жана Иракта аскердик кылмыштарды жасаганы үчүн соттолгон бир катар америкалык аскерлерди азат кылуу үчүн тезинен документ даярдоо жөнүндө буйрук бергенин кабарлады. Гезит ысымы аталбаган америкалык чиновниктерге шилтеме кылып маалымдашынча, 28-майда мунапыс жөнүндө буйрук чыгат, мунапыстын тизмесине атайын күчтөрдүн командачысы Эдвард Галлахер о.э. «Blackwater» жеке аскерий компаниянын кызматкери да кирген. Эдвард Галлахер Иракта жай тургундарды өлтүргөнү үчүн айыпталган, ал эми  «Blackwater» компаниясынын кызматкери 2007-жылы Иракта жай тургундарга карата ок атканы үчүн айыпталган.

Америкалык аскерлер жана «Blackwater» сыяктуу жеке компаниялар Афганистан жана Иракта көптөгөн аскердик кылмыштарды, зордуктоолорду жасашкан, мусулмандардын ар-намыстарын тебелешкен, жана дагы деле ошондой ыплас иштерин жасап келишүүдө. «Opinion Research Business» компаниясынын иликтөөсү боюнча, 2003-жылы Америка баскынчылыгы башталгандан бери Иракта өлгөн адамдардын саны 1 446 063 жетет. Ал эми, «Independent» алып барган эсептөөгө ылайык, Афганистанда 34 миңге жакын жай тургун каза болгон.

«Цивилизациялашкан» Батыш мусулман өлкөлөрүнүн байлыктарын талап-тоноо үчүн, мусулмандарды өлтүрүп, динин жок кылуу үчүн «терроризм», «экстремизм» деген нерселерди ойлоп табышкан. Алар «терроризм», «экстремизмди» шылтоолоп мусулман өлкөлөрүнүн ички иштерине аралашат, өзүлөрүнүн кылмыштарын акташат.

Абдулхак

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here