Зеленскийдин Украинада президенттик шайлоодо жеңип чыгышы жана мамлекеттин келечегине таасири

316
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيم

Зеленскийдин Украинада президенттик шайлоодо жеңип чыгышы жана мамлекеттин келечегине таасири

Хизб-ут-Тахрирдин Украинадагы маалымат бөлүмүнүн төрагасы Фазыл Амзаев

Украинанын жаңы шайланган президенти Владимир Зеленский 2019-жылы 27-апрелде украиналык жарандарга Россия паспортун берүү жөнүндөгү Россиянын демилгеси туурасында билдирүү берип, мындай деди:

«Украина Россиядан айырмаланат. Айрыкча, украиналыктар сөз эркиндигине, эркин маалымат каражаттарына жана интернетке ээ. Ошондуктан, биз Россия паспорту эмнени түшүндүрүшүн жакшы билебиз. Т.а. бул – ар кандай тынч демонстрация өткөргөн адамдын камакка алынышы… эркин жана атаандаш шайлоолорго катышуу укугунан куру калуу… ар кандай катардагы укук жана эркиндиктерди унутуу дегени. Украина жана украиналыктар менен опузалоо жана экономикалык басымдар менен коркутуп сүйлөшпөө керек! Ушуну баса белгилөө лазым, Донбасс менен Крым жарым аралынын баскынчылыгына бүтүндөй чекит коюлмайынча, мамилелерди нормалдаштыруу деген нерсе болбойт жана Украина эч качан моюн сунбайт».

Шайлоо үгүттөрүндө Пётр Порошенко жана анын тарапкерлери «Порошенконун жеңилүүсү Украинанын Европа тарапка болгон багыты кыйраганын, Украинанын Россияга моюн сунганын түшүндүрөт» деп айтып келишти. Алар Порошенконун негизги атаандаштары болгон Тимошенко жана Зеленскийди Россия кызыкчылыктарын бекемдөөдө айыпташты.

Ага карабастан, 21-апрелде өткөрүлгөн шайлоонун экинчи турунда Зеленский Порошенкодон үстөм келди. Шайлоодо ага 72.22% добуш берилген болсо, атаандашы 24.45% добуш алды.

Зеленскийдин мындай өзгөчө жеңишинин себептери:

  1. Шайлоочулар 2015-жылы иштелип чыккан «Элдин кызматчысы» деген тамаша телесериалдан катуу таасирленишкен. Сериалда башкы ролду Зеленский ойногон, ал күтүлбөгөндө Украина президенти болуп калат жана олигархтарга каршы күрөш баштайт. Чынында эле, анын шайлоодогу ийгилиги ушул тамаша сериалдан нуска көчүрүлгөндөй эле болду.
  2. Зеленский тобу шайлоо үгүтүн айла-амалдуулук менен ишке ашырышты т.а. негизги жана андан кийинки атаандаштарга – Порошенко жана Тимошенкого добуш бермекчи болгондорду алдап, Зеленский тарапка оодура алышты. Зеленский Украинанын ички жана тышкы саясатына байланыштуу суроолорго жооб берүүдөн атайылап өзүн алып качты, социалдык тармактарда жалпыланган сөздөрдү камтыган кыска метраждуу видеолорду тартып чыгарды.
  3. Биринчи турдун жеңишинен кийин, россиячыл күчтөрдүн Порошенкого эмес, Зеленскийге добуш берүүсү анык болуп калганда Зеленский Россияга каршы кескин кайрылууга өттү. Бул ага Украинанын Россияга салттуу оппозиция болгон батыш бөлүгүнөн көбүрөөк колдоо алышына чөйрө жаратты.

Зеленскийдин күтүлбөгөн ийгилигинин негизги себептерин үйрөнүп чыксак, ушуну баса белгилөө зарыл, бүгүнкү күндө болуп жаткан президенттик шайлоолордо Европа мамлекеттеринде, АКШда кеңири жайылган багыт үлгү болуп жатат.

Америкада Трамптын жеңиши, Британиянын Евросоюздан чыгышы, Германия, Болгария, Польша, Чехия, Венгрия, Италия, Словакия сыяктуу Европа мамлекеттеринде популист партиялардын күч алышы, булардын баары Батыш демагогия оорусуна чалдыкканын көрсөтүп турат.

«Гардиан» гезити өткөргөн изилдөөнүн натыйжаларына ылайык, европалыктардын 25%ы популист партияларды колдоп-кубатташат.

Популизмди аныктоонун негизги өлчөөсү – коомду эки атаандаш бөлүккө бөлүү идеясын колдоп-кубаттоо: таза инсандар жана коррупциячыл элита.

Ушул идея «Эл кызматчысы» сериалынын жана Зеленский үгүтүнүн башкы идеясы болду. Албетте, Батыш мамлекеттериндеги мындай багыт бул коомдордо идеологиялык кыйроо орун алганын көрсөтүп турат. Себеби, бул коомдордо адамдар реалдуу пикирлерди, же программаларды, же болбосо реформаларды, арийне салттуу партияларды да колдоп-кубаттабай жатышат. Бирок, жаңы адамдарды колдоп-кубатташууда. Бул жаңы адамдар жөнөкөй, кээде жараксыз пикирлерди берип жатышат. Адатта булар «теңсиздикке жана коррупцияга каршы күрөш» жөнүндөгү пикирлер болуп чыгууда.

Украинада бүгүн күчтүү идеологиялык партиялар жок болгон жана бийликтин туруктуулугун камсыздаган механизм жок болгон учурда ушул демогогия бул жолку президенттик шайлоого мурдагыдан да терс таасир көрсөттү. Украина Европа баалуулуктарына жана багыттарына берилгендигин далилдеди.

Өкүнүчтүүсү, демогогиялык туйгуларды жаюуда жаңы маалымат каражаттары жана социалдык тармактар маанилүү роль ойноп жатканын баса белгилөөбүзгө туура келет. Акыркы ондогон жылдар аралыгында маалымат трибуналары өкүмдар элитанын жана салттуу партиялардын кызыкчылыгына кызмат кылды, бул болсо коомдо алардын жеке кызыкчылыгы үстөм турушуна алып келди. Мисалы, исламофобия жана «мусулмандар коркунучу» деген нерсени кеңири жаюу исламий өлкөлөргө экономикалык жана аскерий жактан аралашууга шылтоо болду. Бирок, бүгүнкү күндө бул трибуналар ошол өкүмдар элитага каршы негизги базага айланды. «Өзү казган орго өзү кулады».

Зеленский жетектеген Украинанын кандай багытта кетишин талкуулоо үчүн Россиянын багыты жөнүндө сөз кылуубузга туура келет. Негизи, Россия ушундай бир үмүтсүздүк багытында бара жатат, бул нерсе Трамп шайлоодо жеңишке жеткенде эле көрүнгөн. Россия Америка менен болгон мамилелер жакшырат деп болжоп жаткан. Бирок, бул божомол, Трамп бийликке келген алгачкы айларда эле жокко чыкты.

Зеленскийге россиячыл деп коюлган айыптоо Порошенконун шайлоодогу үгүтү үчүн башкы максатка айланды, келечекте Россия-Украина мамилелерин кандай алып баруу туурасындагы суроого Зеленский жооп бербеши, бул айыптоону дагы да кубаттады.

Россияга келсек, шайлоо кампаниясы учурунда Трампты ачык колдоп-кубаттап, мунун ачуу сабагын алганы үчүн Зеленскийге жакшы баа берүүдөн өзүн катуу тыйып турду. Бирок, аны колдоп-кубаттаган белгилери өкмөттү колдогон телеканалдарда, мурдагы премьер-министр Николай Азаров сыяктуу качкын айрым украиналык саясатчыларда көрүнүп калды. Бирок, шайлоонун биринчи турунан кийин Зеленскийдин кайрылуусунда пайда болгон өзгөрүү, экинчи турдан кийин берген билдирүүлөрү ушуну көрсөттү, Зеленскийдин саясаты да Порошенконун саясатынан таптакыр айырмаланбайт. Ошондуктан, Путиндин Украина кризиси боюнча өкүлү Виктор Медведчук: «Зеленский экинчи турдан кийин Чыгыш Украина жөнүндө Россия сунуштаган келишимге ыраазы болбоду», – деди.

27-апрель күнү жаңы президент Зеленский украиналык жарандарга Россия паспортун берүү туурасындагы Россия демилгеси жөнүндө жогорудагы сөздөрдү айтты.

Кээ бир адамдар Зеленский ойгонуп жаткан Украина калкын кайра уктатты деши мүмкүн. Бирок, түпкүлүгүндө, шайлоодо ким жеңип чыгышы анчалык маанилүү эмес. Т.а. ар кандай шайланган жетекчи мурдагы жетекчинин саясатын улантпай койбойт, анда башка альтернатива жок. Негизи, Янукович менен Россия ортосундагы достуктун акыбети эмне болгонун баары, Зеленский да, анын артында тургандар да жакшы билишет. Бүгүнкү күндө бул коом жана саясий күчтөр Россия тарапка кымындай кыйшаюуга жол бербейт.

Ушуну унутпоо керек, эгер Зеленский Россия менен жылуу мамиле орнотууга кадам шилтесе, бул анын каалоосунан же анын артында турган күчтөрдүн каалоосунан келип чыккан болбойт. Балким, Батыш, өзгөчө, Америка ушуну каалап жаткан болот. Демек, Украина жана анын ресурстары – Россия менен Америка ортосундагы туткун.

Жаңы президент шайлангандан кийинки Украинида боюнча божомолдонуп жаткан сценарий ушундай. Келерки айлар бул ыктымалды тастыктайт же жокко чыгарат.

Кыскасы, популизм илдети маселесине кайра кайрылып, ушуну айтуу зарыл, биз бүгүн аны Европа жана Америка идеологиясында ачык көрүп турабыз. Бул болсо, дүйнөлүк таасир гана эмес, лидер мамлекет катары кайтууну каалап жаткан Ислам Умматына ыңгайлуу шарт жаратууда.

Роя гезити, №233, 2019-жыл, 8-май.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here