Пакистан режими рамазан айында адамдардын турмушун орчундатууда

331
0

Пакистан режими рамазан айында бензиндин баасын көтөрүү аркылуу адамдардын турмушун орчундатууда

Бир литр бензиндин баасы 100 рупияга көтөрүлдү

Рамазан айында баалардын көтөрүлүшү күтүлүп жатканы үчүн адамдар зарыл боогон азык-түлүк продукцияларын сатып алып жатканда залим режим күйүүчү май, анын катарында бензиндин баасы жогорулаганын жарыялады. Бул болсо, азык-түлүк бааларынын көтөрүлүшүнө себеп болушу табигый. Себеби, бензиндин жогорулашы азык-түлүк продукцияларын соодагерлерде жеткирүүдө жол кире баасынын көтөрүлүшүнө алып келет. Абдулхафиз Шайх жетекчилик кылган экономикалык координация кеңеши бензиндин литрине 9,54 рупия кошкон. Бул адам Эл аралык Валюта Фондунун экономикалык өкүлү болуп эсептелет. Бензин үчүн белгиленген жаңы баалар 2019-жылы 5-майда федералдык тастыктоодон өткөндөн кийин күчүнө кирди. Натыйжада, бир литр бензиндин баасы 100 рупияга көтөрүлдү. Акыйкатта болсо, режим күйүүчү май бааларын төмөндөтүүгө жана азык-түлүк өндүрүүнү көбөйтүүгө аракет кылышы керек. Ошондо рамазан айында азык-түлүк продукцияларынын баасы көтөрүлүп кетишинин алды алынмак. Себеби, ушул айда азык-түлүккө талап күчөйт. Бирок, режим күйүүчү майдын баасын төмөндөтүүнүн жана азык-түлүк продукцияларын өндүрүүнү көбөйтүүнүн ордуна бааларды жогорулатты. Ошентип, финансылык кыйынчылыктардан улам, рамазан айында орозо кармаган мусулмандардын режимге каршы чакырыктары күчөйт. Себеби, бул абал адамдарды жана алардын үй-бүлөлөрүн кыйын абалга салып койду.

Эй Пакистан мусулмандары! Үстүбүздө Аллах Таала түшүргөн шариятка каршы өкүм жүргүзгөн акимдер турган соң, экономикалык абалыбыз оорлошо берет жана жамандыгы көбөйө берет. Режим күйүүчү май, бензинге байланыштуу шаръий өкүмдөрдү колдонуунун ордуна Эл аралык Валюта Фондунун көрсөтмөлөрүн аткарууда. Бул көрсөтмөлөр жалпы мүлк туурасында Ислам фарз кылган шаръий өкүмдөргө тескери келет. Расулуллах ﷺ айтат:

«النَّاسُ شُرَكَاءُ فِي ثَلاَثٍ: الْمَاءِ وَالْكَلَإِ وَالنَّارِ»

«Адамдар үч нерседе шерик: сууда, жайлоодо жана отто». (Имам Ахмад).

О.э. Ислам электр энергиясыбы, газбы, бензинби – энергияны жалпы мүлк деп белгилеген. Мамлекет адамдар толук пайдалануулары үчүн бул энергия тармагын көзөмөлдөйт. Бирок, тез-тез алмашып жаткан өкмөттөр акыркы үч жылда Эл аралык Валюта Фондуна сокурларча итаат кылып энергия секторун менчиктештирди. Эл аралык Валюта Фонду ушул менчиктештирүү аркылуу мамлекеттин казынасына зыян жеткирет жана энергия секторунан түшкөн кирешеден куру калтырат. Натыйжада, мамлекет карызга жана салыктарга таянып калып, экономика шал абалга өтөт. Эл аралык Валюта Фонду менчиктештирүү аркылуу энергия секторун жергиликтүү жана чет элдик компанияларга өткөрүп берет. Бул болсо, энергия баасынын тынымсыз жогорулашына алып келет. Себеби, бул компаниялар – адамдар кыйынчылык тартып жатса да – үлкөн пайда табууга умтулушат. Абдулхафиз Шайх жөнүндө айта турган болсок, ал ойрон кылуучу колониялык саясаттын негизги аткаруучулары. Бул кимсе Мушарраф жана Азиз режими доорунда менчиктештирүү боюнча союз министри, Кияний жана Зардарий доорунда финансы министри болуп иштеген. Ал азыр Бажва жана Имран режими доорунда финансылык иштер боюнча премьер-министр болуп иштөөдө. Бүгүнкү режимдин доорунда бийликтеги адамдар алмашкан болсо да, колониялык саясат өлкөбүзгө түрдүү кыйынчылыктарды алып келүүдө. Бул абал Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалыкты тикелөө үчүн аракет кылып жаткандар дагы да катуураак аракет кылуу о.э. чыныгы өзгөрүүнү ишке ашыруу шарт экендигин баса белгилейт. Бул болсо Аллах Таала түшүргөн шарият менен өкүм жүргүзүү аркылуу ишке ашат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here