Хизб-ут-Тахрир–Британия Шайха Хасинага каршы нааразылык демонстрация өткөрдү

366
0

Хизб-ут-Тахрир–Британия элге зулум кылган, колонизаторлорго баш ийип, Исламга каршы күрөшүп жаткан Шайха Хасинага каршы нааразылык демонстрация өткөрдү

Бүгүн бешим намазынан кийин Лондондун Уайтчепел районунда Хизб-ут-Тахрир–Британия Бангладеш премьер-минстри Шайха Хасинага каршы нааразылык демонстрация өткөрдү. Шайха Хасина 2019-жылдын 1-майынан бери Британияда расмий сапар жүрөт. Демонстрацияда Дилвар Мия жана Махбуб Заман сөз сүйлөдү.

Сөзгө чыккандар Хасинанын демократиялык режими калкка зулум кылып, мыйзам укуктарын талап кылып чыккандарды ырайымсыз бастырып жатканын ачыкташты. Алардын айтымында, жакында гана студенттердин демонстрациялары да ырайымсыз түрдө бастырылды. Сүйлөөчүлөр режимдин өлкөгө каршы тил бириктиргенин, колонизаторлорго, өзгөчө Америка жана Индияга баш ийип жатканын айтышты. О.э. алар Хасина Пилханадагы кыргынды колонизаторлордун талабы менен ишке ашырганын баса белгилешти. Бул кыргындан кийин режим колонизатор күчтөрдүн өкүмдарлыгына жол ачып берүү үчүн ачык эшик саясатын алып барды. Муну менен колонизаторлор Бангладеш армиясы, өлкө саясаты жана экономикасы үстүндөгү өкүмдарлыктарын бекемдеп алышты.

Хасина режими бүгүн Ислам жана мусулмандарга каршы күрөшкө басым жасоодо. Бул режим Шапла Чаттарда уламаларды өлтүрдү, Хизб-ут-Тахрирди, исламий башкарууга (Халифалыкка) даъват кылууга тыюу салды, Халифалыкты тикелөө үчүн аракет кылган саясий активисттерди камады, рохинжа мусулмандарын коргоосуз жана жардамсыз калтырды.

Сөзгө чыккандар режимдин ыплас кылмыштарына каршы ачык сүйлөө жана Бангладеште Халифалыкты тикелөө үчүн тынымсыз аракет кылуу калктын вазыйпасы экенин баса белгилешти. Себеби, Ислам гана өлкөнү колонизатордун чеңгелинен азат кылууга кудуреттүү. Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык гана адамдардын иштерин Исламга ылайык башкарат, аларды бул дүйнө жана акыреттеги бактысыздыктан куткарат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here