Трамп Кытайдын дагы 300 млрд доллардык товарларына кошумча бажы алымын киргизди
АКШ президенти Дональд Трамп Кытайдын дагы 300 млрд доллардык товарларына бажы салыгын киргизүү боюнча тапшырма берди. Бул тууралуу Американын соода өкүлү Роберт Лайтхайзерге таянып “Reuters” жана “Bloomberg” агенттиктери кабарлады.
Лайтхайзер бул жараян тууралуу кеңири маалымат берген эмес. Жаңы бажы төлөмдөрү жөнүндө тыянактоочу токтом кабыл алына элек.
Анын билдиришинче, кайсы товарларга бажы төлөмү салынышы жөнүндөгү маалымат дүйшөмбү, 13-май күнү АКШ соода өкүлчүлүгүнүн сайтына жайгаштырылат.
Бул билдирүү ушул аптада Трамптын Кытай товарларына бажы салыгын киргизүү жөнүндөгү экинчи билдирүүсү. 10-майдан баштап АКШ Кытайдын 200 миллиард доллардык товарларына бажы төлөмүн 10%дан 25%га көтөргөн.