Россиянын Пенза шааарындагы мектептерде хижабга тыюу салынды

509
0

Россиянын Пенза шааарындагы мектептерде хижабга тыюу салынды

Россиядагы Пенза шаарынын 20дан ашуун мектебинде хижаб кийүүгө тыюу салынды.

Бул тууралуу шаардын Октябрь райондук прокуратурасы кабарлады.

Шаардын райондук прокуратурасынын токтомуна ылайык, экстремисттик аракеттерге каршы туруу принциптерин сактоо максатында окуучулардын формасы боюнча тиешелүү жоболорго өзгөртүүлөр киргизилген.

Комментарий:

Өз өлкөбүздө, мусулмандар мамлекетинде диний кийимдерге тыюу салынып жаткан соң, мушрик жана насрониийлер жашап жаткан мухиттен капа болуунун кажети жок.

Өткөн айда Өзбекстанда хижаб  маселеси боюнча соттук жараян болуп, мусулмандардын зыянына өкүм чыгарылды.

Өкүнүчтүүсү,  Жаратуучунун бир топ фасык пендеси отуруп алып, Шарият өкүмүн талкуулап,  ачык-айкын каршы чыгып,  шаръий өкүмдү турмуштан алыстатмакчы болууда.

Расулуллах (с.а.в.): “…  Андан соң зордукчул падышалык болот…” – деген.

  Биз күн сайын акимдердин зомбулугуна күбө болуп жатабыз,  алар  өздөрү башкарып жаткан куфр мыйзамдарын бизге мажбурлап колдонууда.

Чындыгында, бүгүнкү күндө динди кармоо чокту кармоо менен барабар болуп калды.

Ал эми, ошол чокту таштап жибербестен, сабыр кылып, дин деген аманатты дүйнө жүзүнө таратуу биздин мойнубуздагы милдет. Кайсы жерде, кандай абалда болушуңузга карабастан,  Исламдын бирер баалуулугуна зыян жеткен болсо, аны коргоого шашылыңыз!

Ушул күндөрдө динге кызматчы кылып сизди тандаганы үчүн, Дин аманатынын сакчысы болууну сизге ыраа көргөнү үчүн Аллахка хамду-саналарды айтыңыз!  Диниңизде бекем туруңуз! Аллах Мээримдүү Зат.

Расулуллах (с.а.в.): –  “Эй сахабалар, силер менин досторум, алар менин хабибдерим..”, – деген.

Мунаввара

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here