Лукашенко Россияны айыптады

387
0

Лукашенко Россияны айыптады

Беларустун президенти Александр Лукашенко Россиядан келген кирдеген нефтинин айынан өлкөдөгү ишканалар миллиондогон доллардык зыян тартканын айтты.

Лукашенконун билдиришинче, зыяндын көлөмүн аныктоодо бир нече факторлор эсепке алынат.

 “Бул нефть түтүгү, станциялардагы насостор жана нефтини кайрадан иштетүү заводдоруна жеткирилген өтө чоң зыян”, – деди.

Лукашенко бул окуяга Россия тараптын кайдыгердиги себеп болгонун билдирди. Беларус президентинин айтымында, Владимир Путин “зыянды ордун толтуруу керектигин түшүнөт”. Зыяндын анык өлчөмү нефть иштетүүчү заводдордогу текшерүүлөрдөн кийин анык болот.

Россиядан Беларуска тазаланбаган мунай келгени тууралуу алгач «Белнефтехим» компаниясы 19-апрелде маалымдаган. Анын артынан Беларус Украинага жана башка мамлекеттерге мунай транзитин токтоткон.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here