Рамазанда өлгөн мусулмандардын саны көбөйүүдө

387
0

Рамазанда өлгөн мусулмандардын саны көбөйүүдө

Мына эки аптадан бери Асад режиминин күчтөрү иранчыл топтордун жардамында Идлибге чабуул жасап жатышат. Ал эми, асмандан аларды колдоп Россиянын учактары тынымсыз бомбалоону улантууда. Натыйжада, өлгөндөрдүн саны 200дү чамалып калды, жарадар болгондор андан көп. Ошол эле учурда, адамдар айласын таап үйлөрүн таштап качууга мажбур.

Сирияда Американын планын жүзөгө чыгарып жаткан Иран, Россия, Түркия бул баскынчылыкты өз ара кеңешип ишке ашырып жатышат. «Дипломаттардын айтымында, мунун баары Түркия менен келишилген абалда ишке ашып жатат» (Euronews, 10.05.19). Иран, Россия, Түркия өз ара кеңешип ишке ашырып жаткан бул баскынчылыкта Асад күчтөрү стратегиялык орунда жайгашкан Калаат Ал-Мадик шаарын ээлеп алышты. Ошентип, Асад режими Идлибдин түштүгүнөн кирип келүүдө.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here