Данфорд: АКШ күчтөрү Афганистанда тынчтык орнотулган учурга чейин калат

770
0

Данфорд: АКШ күчтөрү Афганистанда тынчтык орнотулган учурга чейин калат

АКШ Башкы штаб башчысы Жозеф Данфорд АКШнын Куралдуу күчтөрү Афганистандан чыкпастыгын билдирди.

“Афганистанда башаламандыктар уланып жаткандыктан, менимче, биз терроризмге каршы күрөшүү үчүн ал жерде аскерлерибиз турушуна муктаждык сезебиз”, – деди Данфорд конгрессте сүйлөгөн сөзүндө.

Бирок, АКШнын Афганистан маселеси боюнча өкүлү Залмай Халилзад башчылыгында өткөрүлүп жаткан АКШ – “Талибан сүйлөшүүлөрүндө “Талибан” кыймылы Афганистандан бардык чет өлкөлүк күчтөрдү алып чыгып кетүүнү талап кылып жатканы айтылууда.

О.э. мындан бир топ күн мурда Афганистан Коргоо министрлиги Нангархар шаарында ИШИМдин 43 мүчөсү, анын ичинде өзбек улутундагы лидерлер өлтүрүлгөнүн маалымдаган.

“Эл аралык коалициянын күчтөрү Афганистан кургактык күчтөрү менен макулдашкан абалда Нангархардын Дежал Сар аймагында ИШИМ уюмунун машыгуу борборлоруна эки жолу абадан сокку берди. Мунун натыйжасында 43 террорчу өлтүрүлдү. Алардын арасында өзбекстандык жана пакистандык командачылар да бар”, – деп айтылат Афганистан Коргоо министрлигинин маалыматында.

Айта кетүүчү нерсе, АКШ күчтөрү Афганистанда 18 жылдан бери согушуп келет. Бул согуш АКШ тарыхындагы эң бир узак убакытка созулган согуш болуп эсептелет.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here