Кыргызстан аскерий жана стратегиялык боштук абалында

316
0

Кыргызстан аскерий жана стратегиялык боштук абалында

Кыргызстан аскерий жана стратегиялык боштук абалында болгондуктан, тышкы күчтөр саясий, сакафий жана экономикалык басым өткөрүшөт.

Аскерий боштук – мамлекет ички жана тышкы коопсуздугун өз күчү менен камсыздай турган аскерий кубаты болбогондуктан, же аскерий кубаты изден чыгып кетиши себептүү пайда болот. Мында мамлекет өз коопсуздугун тышкы күчтүү мамлекеттердин бирине тапшырууга мажбур болот. Мунун акысына ошол күчтүү мамлекет аны саясий, экономикалык жана сакафий жактан көз каранды кылууга аракет кылат. Себеби, ар кандай мамлекеттин эл аралык саясатта башка мамлекеттер менен жүргүзө турган дипломатиялык, саясий жана экономикалык алака-мамилелери артында аскерий кубат турат. Мамлекеттердин эл аралык саясаттагы орду, позициясы анын аскерий кубатына карай белгиленет.

Стратегиялык боштук – мамлекеттин ички жана тышкы коопсуздугуна коркунуч туудуруп жаткан иштер себептүү мамлекетте пайда болгон туруксуздук. Башкача айтканда, туруксуздук келтирип чыгаруу мүмкүн жана оңой болгон абал пайда болуп, ар кандай карамүртөз күч, топ же адамдар мамлекет жана калктын коопсуздугуна коркунуч туудура ала турган мухит пайда болот. Мында мамлекет ичинде бир нече карама-каршы күчтөр пайда болуп, алардын бардыгы тышкы мамлекеттерден кубат алууга умтулушат. Улутчулдук, уруучулук, диндер аралык кастык сыяктуу элементтер күчөшү үчүн, тышкы күчтөр тарабынан атайын ыңгайлуу мухит жана шарттар түзүлүп турат.Тышкы күчтөрдүн кызыкчылыгынан келип чыгып, ар кандай диверсия жана террордук операцияларды ишке ашыруу мүмкүн болгон шарт түзүлөт. Мындай кооптуу абалда мамлекет алдан тайып, өзүнөн күчтүү болгон тышкы мамлекеттерге көз карандылыгы күчөйт. Себеби, стратегиялык боштук албетте ири колонизатор же атаандаш мамлекеттер тарабынан атайылап уюштурулат!

Кыргызстан тышкы, ал тургай ички коркунучтардан да өзүн-өзү коргой албайт! Ошондуктан, коопсуздук маселесинде Россиянын аскерий жана саясий кубатына таянууга мажбур. Бул абал Кыргызстан Россияга аскерий колония экендигин көрсөтүп турат.

Россия Кыргызстанды аскерий колония абалында кармап туруу үчүн ар дайым муктаждык абалын пайда кылып турат. Мисалы, Афганистан тарабынан ИШИМ же башка жасалма күчтөр коркунучун пайда кылуу максатында маалыматтык чабуулдарды уюштурат. Стратегиялык боштуктан пайдаланып,  тез-тез улуттар аралык жана аймактар аралык кескиндиктерди пайда кылат. Оппозициялык күчтөрдү колдоп жиберүү менен бир нече жолу президенттерди алмаштырды. Бүгүнкү күндө да Атамбаевди оппозициялык күчкө айландырып, позиция менен оппозицияны бирдей кубаттап туруу менен мамлекеттеги стратегиялык боштукту толук көзөмлөүндө кармап турууга умтулуп жатат. Бул туруксуздуктардын баары мамлекеттеги стратегиялык боштук себептүү жүз берип жатат.

Россияга каршы Батыш жана Кытай сыяктуу Кыргызстанга кызыкдар мамлекеттер да, аскерий жана стратегиялык боштук абалынан өз кызыкчылыгы жолунда пайдаланып калууга умтулушат. Бул сөзүбүзгө, АКШнын Кыргызстандагы курал-жарак жана аскерий техникаларды модренизациялоого умтулуп жатышы далил боло алат. Кытай да мамлекетибизге алып кирип жаткан ар бир инвестициялык долбоору аркылуу аскерий жана стратегиялык жактан ички саясатыбызга аралашуу үчүн себеп издейт. Башкача айтканда, Кытай Кыргызстанга газ жана нефть түтүктөрүн жаткыруу о.э. “Жибек жолу”  долбоорундагы темир жол жана унаа жол курулушу сыяктуу кызыкчылыктарында,  негизинен стратегиялык боштуктун бир бөлүгүн толтуруп алууга көңүл бурат. Демек, мамлекеттеги аскерий жана стратегиялык боштук анын саясий жана экономикалык көзкарандылыгынын негизги себеби экен.

Ушулардан келип чыгып айтарыбыз, Орто Азия мамлекеттеринин бардыгында аскерий боштук бар. Себеби, алардын биринде да өз коопсуздугун камсыздоо үчүн курал иштеп чыгаруу мүмкүнчүлүгү жок! Демек, алар аскерий техника жана курал-жаракты тышкы ири мамлекеттерден сатып алууга мажбур. Бул болсо, алардын ошол мамлекетке аскерий тараптан көз каранды болушуна, башкача айтканда аскерий колония болушуна себеп болот.

Тыянак кылып айтканда, аскерий колония болгон мамлекет эч качан эгемендүү боло албайт. Эл аралык саясат аларды эл аралык мыйзамдар аркылуу ар дайым колония абалында кармап турууга аракет кылат. Колония мамлекеттердин аскерий өнөржайы өнүкпөстүгү үчүн эл аралык саясат стратегиялык боштуктан пайдаланып, аларды ар дайым кооптуу абалда кармап турат.  Мамлекет оор өнөржай менен экономикалык бай мамлекетке айланса, оор өнөржай түркүмүнөн болгон аскерий өнөржайды пайда кылуу жана өнүктүрүп баруу менен көзкарандысыз жана жетекчи мамлекетке айланат!

Демек, эл аралык саясат, дүйнөлүк башкаруу системасы колония мамлекеттерди атайылап аскерий жактан начар абалда кармап туруу максатында аларда стратегиялык боштук пайда кылып турат. Эл аралык мыйзамдар аркылуу ал мамлекеттерди курал иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгүнөн куру калтырып, эгерде моюн сунушпаса, стратегиялык боштуктан пайдаланып мамлекетти талкалап жиберишет. Мисалы, Афганистан, Ливия, Сирия, Ирак….. сыяктуу.

Ошондуктан, ар кандай мамлекет көзкарандысыз болушу үчүн албетте аскерий, саясий жана стратегиялык боштукту толтурушу керек. Бул боштуктарды толтуруу үчүн албетте тышкы эл аралык мыйзамдар чеңгелинен кутулуу зарыл. Себеби, эл аралык мыйзамдар жетекчи мамлекеттердин дүйнөдөгү кызыкчылыктарын жүзөгө чыгаруу негизине курулган. Эл аралык мыйзамдар аткарылышы үчүн, аларга колония өлкөлөрдө боштуктар болушу өтө маанилүү.

 Демек, бул эл аралык саясат жана дүйнөлүк башкаруу системасы негизинде, ага моюн сунуп жашап жаткандыктан, бул зулматтан кутула албайбыз. Себеби, бул дүйнөлүк система дүйнөдө саясий, стратегиялык боштуктарды пайда кылып баруу менен алсыз мамлекеттерге зулум кылуу негизине курулган!

Абдурраззак.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here