Евробиримдик Иран ультиматумун четке какты

340
0

Евробиримдик Иран ультиматумун четке какты

Европа союзу жана Европадагы кубаттуу үч мамлекет Иран жетекчилигин ядролук келишимди урматтоого чакырды.

Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча жетекчиси Федерика Могерини¸ Британия¸ Франция жана Германиянын тышкы иштер министрлери 9-майда жарыя кылган билдирүүдө 2015-жылдагы эл аралык келишимди мындан кийин да аткаруу айтылган, ошол эле учурда Тегерандын ультиматуму четке кагылган.

8-майда Ирандын президенти Хасан Роухани кайрылуу жасаган. Анда дүйнө державалары Иранды АКШ санкцияларынан коргобосо, жогорку даражада байытылган уран чыгаруу процесси кайра жанданарын эскерткен.

 АКШ бул билдирүүнү шантаж деп атады жана бир нече сааттан кийин  Иранга каршы жаңы санкцияларды жарыя кылды.

АКШ кайрадан санкцияларды киргизгенине өкүнүүсүн билдирген Европа расмийлери¸ бул санкцияларга карабастан ¸ Иран менен мыйзамдуу сооданы улантуу боюнча иштеп жатканын жана бул келишимдин милдеттенмелерин аткара беришин билдиришти.

2015-жылы түзүлгөн келишимге ылайык, Тегеранга карата санкцияларды жокко чыгаруунун акысына Иран ядролук программасынан баш тартууга ыраазы болгон.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here