463
0

АКШ Иранды “тизгиндеп туруу” үчүн В-52 үлгүсүндөгү бомбалоочу учагын жөнөттү

АКШ аба күчтөрүнүн командачылыгы Катардагы авиабазага В-52 бомбалоочу учагы жетип барганы тууралуу кабарлады. АКШ Жакынкы Чыгыштагы кызыкчылыктарын коргоо үчүн региондо бомбалоочу учактардан турган оперативдик топтун катарын кеңейтүүдө.

 “Лос-Анжелестеги Барксдейл авиабазасынан көтөрүлгөн B-52 Stratofortress бомбалоочу учагы 2019-жыл, 9-май күнү Катардагы Ал-Удейд авиа базасына жетип барды”, – деп айтылат кабарда.

Буга чейин, АКШ күчөп бара жаткан Иран коркунучу тууралуу билдирүү таратып, регионго “Авраам Линкольн” учак ташуучу согуштук кемесин жөнөткөн эле.

Бул эскалация Иран өкмөтүнүн ядролук программа боюнча келишимдеги “айрым милдеттенмелерди аткарууну токтотуу” жөнүндөгү чечиминен кийин күчөгөн. Иран президенти Хасан Роухани ушул аптада Европа мамлекеттерине сүйлөшүүлөр үчүн 60 күн мөөнөт бергенин билдирген. Тийиштүү маалымат Британия, Франция, Германия, Кытай жана Россияга жеткирилген.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here