Тахрируш Шам Хизб-ут-Тахрир–Сирия вилаятынын радио жабдыктарын талкалады

388
0

Тахрируш Шам Хизб-ут-Тахрир–Сирия вилаятынын радио жабдыктарын талкалады

Хизб-ут-Тахрир–Сирия вилаятынын маалымат бөлүмү Хизбдин Куфр-Авид районундагы радио жабдыктарын Тахрируш Шам бузуп талкалаганы туурасында билдирүүнү жарыялады. Билдирүүдө айтылат: «Тахрируш Шам бул чабуулду Хизб-ут-Тахрирдин ачык даъват алып барышына каршы атайылап жасады. Хизб өз аракети аркылуу Сочи конференциясын, канкор режим үчүн эл аралык жолдор ачылып берилип жатканын, түрк көзөмөл пунктулары адамдардын режимге каршылык кылууларына мүмкүнчүлүк бербей жатканын ачыктаган. О.э. Хизб өз аракети аркылуу адамдарды Инкоз өкмөтүнө мыйзамдуулук түсүн берүү максатында түзүлгөн «шура межлиси» делип жаткан нерсеге таптакыр ыраазы болбоого чакырган, чет элден Американын саясий чечимин ишке ашырган жаңы өкмөттөрдүн түзүлүшүнө чөйрө жаратылып жатканын баса белгилеген». Билдирүүнүн соңунда Хизб-ут-Тахрир–Сирия вилаятынын радиосу жөнүндө мындай делет: «Жемелөөчүнүн жемесинен коркпой, хак сөздү ачык айткан бул радио Үммөткө, катардагы адамдарга жана аскерийлерге насаат жолдоп, Шам калкына каршы Сочи конференциялары жана режим үчүн жолдорду ачып берүү сыяктуу тузактар коюлуп жатканын, колунан эч нерсе келбеген өкмөттөрдү жана сокур тыйындай пайдасы жок «шура межлисин» түзүү сыяктуу шектүү сунуштар киргизилип жатканын эскертип келген. Алар мына ушундай радионун үнүн өчүрүүгө урунушууда».

Роя гезити, №230, 2019-жыл, 11-апрель.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here