Тил бириктирген жетекчилердин тез-тез жолугушуусу алардын планы тоскоолдуктарга учурап жатканын түшүндүрөт

367
0

Тил бириктирген жетекчилердин тез-тез жолугушуусу алардын планы тоскоолдуктарга учурап жатканын түшүндүрөт

Устаз Мунир Насир. Хизб-ут-Тахрир–Сирия вилаятынын маалымат бөлүмүнүн мүчөсү

Түркия президенти менен Россия президенти Сирия маселесин талкуулоо үчүн ушул жылдын ичинде үч ирет жолугушту. Өткөн жылы да эки жетекчинин жолугушуулары көп болгон, алардын негизгиси сентябрдагы Сочи келишими болду жана анын пунктулары ушул жылдын аягына чейин ишке ашырылышы болжолдонгон.

Бул жолугушуулардын жандануусу жогорудагы каргаша келишимди жүзөгө чыгаруу үчүн амалий механизмдерди табууга багытталган. Ушул убакка чейин бул келишимди жүзөгө чыгаруу аракети басаңдап келет. Себеби, Сириядагы адамдар көптөгөн массалык иш-чаралар аркылуу бул келишимге каршы чыгышты жана Түркиянын күзөтүү пунктуларына да, эл аралык жолдор ачылышына да нааразылык билдиришти.

Алар 8-апрель күнү жолугушуп маанилүү келишим түзүштү. Келишимге ылайык, Россия кайгуул күчтөрү «буфер зонада» аракеттенип жаткан Түркия кайгуул күчтөрү менен ортоктош аракет алып бара турган болду. Бул жөнүндө араб тилинде чыккан «Индепендент» гезити жана башка маалымат агенттиктери дүйшөмбү күнү Владимир Путиндин «Россия менен Түркия Сириянын Идлиб шаарында кайгуулдоо аракеттерин биргеликте алып бара турган болду» деген сөзүн келтирди. Путин түрк кесиптеши Эрдаган менен Москвада өткөргөн сүйлөшүүлөр артынан: «Биз бул ортоктош кайгуул аракетин эң кеминде эки тараптуу аракеттендиребиз», – деп кошумчалады.

Кээ бирөөлөр бул ортоктош кайгуул аракеттери азат кылынган аймактар ичинде болсо, бул жакшы деп ойлоду. Бирок, бул сөз кайгуулдарды эки тараптуу аракеттендирилишин да түшүндүрөт. Мындан болсо, эгер азат кылынган аймактарда Россия кайгуул аракеттерине адамдар каршылык билдирилсе, Түркия кайгуул аракетине мыйзамдуулук түсүн берүү көздөлгөн.

Кайгуулдарды биргеликте алып барышабы же бир тараптуу гана алып барышабы, айырмасыз, бул келишим даярдык көрүлүп жаткан жана пландалып жаткан бир максатка каратылган. Ал да болсо, «Женева-1»де Америка тарабынан иштелип чыккан саясий жараянды ишке ашыруу. «Русиял Явм» кабар кылгандай, Путин бул жөнүндө: «Террорчулардын негизги күчтөрү жок кылынган соң, эми, абалды өзүнүн жыйынтыктоочу туруктуулугуна кайтаруу маселесине көңүл буруу, Коопсуздук Кеңешинин 2254-токтомунун талабы менен саясий келишүү жараянына өтүү өтө маанилүү», – деди.

Сентябрдагы Сочи келишиминде ок атууну токтотуу баса белгиленгенине карабастан, канкор режим, аны менен ирандык согушкерлер, орус самолёттору жана орус базаларындагы замбиректер бомбалоолорду токтотподу. Алар азат кылынган аймактарды, өзгөчө, эл аралык жолдордун айланасында жайгашкан жана Сочи келишиминде ачууга келишилген аймактарды бомбалап жатышат.

Сирия Адам укуктарын күзөтүү борборунун айтымында, ал апрелдин он төртүнчү күнү түндөсү Россия-Түркия келишиминде көрсөтүлгөн аймактарда көптөгөн мыйзамбузууларды күзөткөн. Ал жерлерде аскерий самолёттор Ариханын түндүк бөлүгүндөгү Маатрам айылын тынымсыз бутага алган. Ушул борбор төрт орус учагы Идлибдин түштүк бөлүгүндөгү Бисанкул айылы менен Урум ал-Жавз шаарчасына тынымсыз он төрт ирет аба чабуулун жасаганын күзөткөн. Мунун акыбетинде катардагы жарандар арасында курмандар болгон, бир нече адамдардын үйлөрү өрттөлгөн. О.э. Асад режиминин күчтөрү да Лозикиянын түндүк-чыгыш бөлүгүндө жайгашкан Күрттөр тоосундагы Мехвари Тардин райондорун замбиректер менен аткылаган, акыбетте бир киши каза болду. Ошентип, Сирия Адам укуктары борбору ачыктагандай, Путин-Эрдаган келишими ишке ашырылуусунун натыйжасында шейит болгондордун саны 587ге жетти.

Сирия майданын кылдат үйрөнүп чыгуунун натыйжасында ушуга күбө болдук, Американын саясий чечими менен куурчактары ортосунда анык шайкештик бар. Келишим Россиянын Идлибди аскерий жактан көзөмөлгө алышына жол бербей, саясий чечимге жетүү максатын көздөйт. Муну түрк-орус жетекчилери жолугушууларда айткан билдирүүлөрү тастыктап турат. Келишимди аткаруу ыкмалары түрдүү болсо да, бирок, тараптар келишимге ылайык ушул нерсеге аракет кылып жатышат.

Түркия жетекчиси келишимди аткаруу кыйын болуп жатканын моюнга алды жана орус жетекчиси да козголоңчуларды «террорчулар» деп кесиптешине кошулду. Путин: «Биздин аракетибиз Идлибде эч кандай натыйжа алып келбеди дегени жаңылыштык», – деди. Путин: «Ал жерде террорчу жамааттардын бар болгондуктан, өкүнүчтүүсү, иштерибиз оңой болбой жаат», – деп кошумчалады. Эрдаган: «Сириядагы кризиске чекит коюунун жалгыз жолу саясий чечим экени туурасында Россия менен бир пикирдебиз», – деди.

Демек, козголоңду жана козголоңчуларды кыйратууну күтүп турган бул мамлекеттер кыйынчылыкка карабастан, өзүлөрүнүн фитна жана айла-амалдарын улантышууда. Бул болсо, Шам калкын акыйкатты түшүнүүлөрүнө түртүшү керек. Акыйкат ушул – алар бул мамлекеттердин пландарына каршы чыгып, аларды кыйратууга жана сүйлөшүүлөрдү жокко чыгарууга кудуреттүү, алар «донор» мамлекеттер уурдап алган өз маселесин кайра кайтарып алышы мүмкүн. Бул мамлекеттер козголоңчуларга кыйынчылык жеткирген сайын, бул нерсе аларды козголоңдун өзгөргүс негиздерин бекем кармап, кеңири көлөмдүү исламий долбоор астында биригүүгө, бардык тил бириктирүүлөр каршы хак сөздү ачык айтууга түртүшү керек.

Түркия-Россия жетекчилеринин тез-тез жолугушуп жатканын, Сочи келишимин аткаруу үчүн план жана ыкмаларды өзгөртүп жатышканын күзөткөн киши ушуну көрөт, демек, козголоң дагы эле моюн сунууну каалабай жатат. Бул мамлекеттердин тикен зымдары алардын өз ара мамилелерин үзүп, жолдорун тосуп жаткан болсо да, көпчүлүктүн жүрөгүндө козголоң руху өчкөн жок. Шам козголоңу арамзалардын пландарын кыйратууга, козголоңдун мууздалышын алдын алууга – Аллахтын уруксаты менен – кудуреттүү. Алар режимди кулатып, Аллахтын өкүмүн орнотушмайынча козголоңду бекем уланта алышат. Бул үчүн, алар бир гана Аллахтын Өзүнө жалбарышып, Аллахтан башкага байланган бардык аркандарды үзүп салуу менен Анын арканын бекем кармоолору керек. Алар өз саптарын бириктирип, ачык-айкын исламий долбоор жана калыс аң-сезимдүү жетекчилик айланасына биригүүлөрү, ушул жетекчилик көрсөткөн максатка карай кайраттуу, ачыктык, убада-шерт менен кадам таштоолору, Роббилерине жана Анын Өз момун пенделерине убада кылган нусратына болгон ыймандан кубаттанып кайраттуу аракет кылуулары керек.

Роя гезити, №229, 2019-жыл, 10-апрель.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here