Хизб-ут-Тахрир–Фалестина Газа секторунда саясий иш-чараларды уюштурду
Халифалык мамлекети кулатылганынын 97 жылдыгына карата «Халифалык – Аллахтын нусраты жана жакынкы жеңиш» урааны астында Хизб-ут-Тахрир–Фалестина мүчөлөрү Газа секторунун көчөлөрүндө, борбордук аянттарда жана коомдук жайларда университет студенттери жана мектеп окуучулары менен биргеликте саясий иш-чараларды өткөрүштү. Хизб мүчөлөрү ушул иш-чараларда мусулмандардын саясий, экономикалык жана социалдык проблемалары жөнүндө талкуу алып барышты.
О.э. Хизб-ут-Тахрир–Фалестинанын студенттер чөйрөсүндөгү Ал-Ваъй тобу да Газадагы Азхар университети менен Ислам университети алдында тегерек стол уюштурушту. Топтун мүчөлөрү жаштар менен жолугушуп, Фалестина маселеси жана Газа секторундагы абал, алардын региондогу окуяларга байланышы сыяктуу мусулмандар үчүн маанилүү болгон темаларда талкуу өткөрүштү. Талкууда ушул проблемаларды чечүүнүн, Үммөт перзенттерин бириктирүүнүн жана Фалестинаны азат кылуунун амалий жолдору ачыктап беришти.
Баса белгилеп кетсек, Ал-Ваъй тобу студенттер менен жолугушуп, байланышып турууга умтулуп, күч жаштарда жана башкалардан көрө жаштар Үммөттүн тагдырий маселесине көбүрөөк тынчсызданышат деген этибарда жаштардын аң-сезимдерин өстүрүүгө олуттуу аракет кылып келет.
О.э. Хизбдин Газадагы жаштары «Халифалык – Аллахтын нусраты жана жакынкы жеңиш» деген аталышта баракчаларды таркатып, плакаттарды орнотуу кампаниясын өткөрүштү. Кампания негизинде үйлөрдө, көчөлөрдө адамдарды зыярат кылып, жолоочулар менен ушул маселелер жөнүндө талкуулашты. Бул иш-чара Халифалык мамлекети кулатылганынын 97 жылдыгына карата Хизб-ут-Тахрир ражаб айында баштаган эл аралык кампания алкагында болуп өттү.
Роя гезити, №230, 2019-жыл, 11-апрель.