Уран кени элдин көйгөйү жана саясатчылар оюну ортосунда

563
0

Уран кени элдин көйгөйү жана саясатчылар оюну ортосунда

Кызыл-Омпол уран кени Ысык-Көлдүн Көк-Мойнок айыл аймагында жайгашкан. Уран радиоактивдүү элемент болгондуктан, бул кендин ишке түшүүсү элди кооптондуруп жатат. Ушундан улам, айрым жергиликтүү тургундар уран өндүрүлүшүнө былтыртан бери каршылык акцияларын өткөрүп келишкен. Андан өзгөчөлөнүп, быйыл бул маселе саясатчыларды да өзүнө тартууда.

Көйгөй

Уран кенин иштетүү эл үчүн чындап эле көйгөй болуп эсептелет. Анткени, бул радиоактивдүү кенди иштетүү өтө кооптуу жана опурталдуу. Аталган уран кени деңиз деңгээлинен 1640-3000 метр бийиктикте жайгашкан. Жер астындагы уран сыртка алып чыгылгандан кийин, радиациялык нурлануу коркунучу көбөйөт. Уранды өндүрүп алууда анын калдыктары калат. Андагы радиация бир нече миң жылга чейин коркунуч жарата берет. Анын зыяны суу жана шамал аркылуу таркалат. Кендеги коктулардын суулары биригип келип Чүй суусуна кошулат. Чүй суусу Казакстандан өтүп, Өзбекстанга чейин барат. Көл аймагы шамалдуу болгондуктан, кенден Балыкчага карай такай шамал болуп турат. Казып алынган сыръёну тоо-кен фабрикасына ташып жеткирүү да кооптуу. Эгер уран жүктөлгөн контейнерлер аварияга учурагыдай болсо, аны зыянсыз деп алдап кетишет, бирок, эл зыянын тарткан бойдон калат. Мындай окуяга Барскоондогу цианид авариясында күбө болгонбуз.

Эл аралык саясат

Эл аралык саясаттан караганда, Кызыл-Омпол кенинин иштетилиши Россия колонизаторлугуна тиешелүү. Анткени, Кенди чалгындап жаткан «Кыргызстандагы ЮрАзия» ишканасы Канадада катталганы менен, анын 60 пайыздык үлүшү орусиялыктарга, 40 пайызы Кыргызстанга таандык.

Ошондуктан, АКШ атаандаш колонизатор катары, бул иште Россия колонизаторлугун ачып таштоого кызыкдар. Буга чейин да АКШ СССРден калган уран калдыктары боюнча да көптөгөн айыптарды ачыктап келген. Ушундан улам, Кызыл-Омпол кени жаатында да, Кыргызстандагы АКШ кадрлары “жарандык активисттер” наамы менен, элдин “ЮрАзия” ишине каршылыктарын маалымат каражаттары жана соцтармактар аркылуу көтөрүп чыгышты. Алгач, алардын аракети бийлик троллдору тарабынан чабуулга учурады. Буга чейин, Путиндин визитиндеги талылуу маселелерди ачып салбашы үчүн, кыргыз бийлиги 8-марттагы “гейпарад” аркылуу АКШ кадрларынын беделин сындырып жиберген эле. Ошондуктан, Америка “активисттери” кен тууралуу айтып жатса, троллдор “гейлерди укпагыла” деп жатышты. Бирок, бул элдин чыныгы көйгөйү болгондуктан, уран кени тууралуу маалыматтар жалпы калкка жайылып кетти.

Жергиликтүү саясат

Жергиликтүү саясаттан алганда, оппозиячыл саясатчылар бул маселеге популисттик маанайда келип киришти. Айрыкча, атамбаевчил саясатчылар алдыга түшүштү. КСДП партиясы кендин иштетилишине каршы расмий билдирүү жасады. Экс-президентке тымызын ыктап келген айрым саясатчылар, коомдук ишмерлер жана маданият өкүлдөрү муну колдоого алышты. Негизи, кенди чалгындоо иштери үчүн Юразия компаниясына лицензия 2010-жылы 18-ноябрда берилген. 2012-жылы чалгындоо иштери башталган. Лицензия кийин 2020-жылдын 31-декабрына чейин узартылган. Бул иштердин баары Атамбаев жана анын партиясы бийликте экенинде болгон.

Ал эми бийликтин иш-аракеттерине келсек, кен  иштетилиши элге зыяндуу экенине карабастан, азыркылар да мурункулардын кылмыштарын улантышууда. Белгилеп өткөнүбүздөй, былтыркы күз айларынан бери бул жаатта элдик нааразылыктар болуп келет. Ошондуктан, 2018-жылдын 31-декабрында мекемелер аралык жумушчу топ түзүлгөн. Бирок, бул топ – качан элдин нааразылыгы күчөмөйүнчө – “жабылуу аякты жабык бойдон” жашырып келишти. Эми болсо, мекемелер аралык комиссия түзүү менен элди алаксытып, убакытты артка сүрүп жатышат. Негизи, өкмөт жана анын комиссиясы – мурункулар Кумтөрдө кылганындай – ЮрАзияга адвокаттык кыла баштаганы даана көрүнүп калды. О.э. алар элди алдай башташты. Мурун Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитет менен Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекттик агенттик бул уран кени коопсуз ыкма менен казылып, Кара-Балтадагы тоо-кен фабрикасында иштетиле турганын жарыялашкан. Эл алдына барганда болсо, комиссия төрагасы уран кенин казууга урухсат бериле элек экенин айтты. Кайра премьер-министр айыпты мурунку өкмөттөргө коюп жатып, аларга уран өндүрүү белгилүү болгонун билдирди.

Ооба, өкмөт чегинип, компаниянын ишин убактылуу токтотконун жарыялады. Бирок, премьер компания иши биротоло токтотула турган болсо, аны менен эсептешүү оор болорун эскертип өттү. Муну менен, компания иши уланышына кызыкдар экенин кыйытты. Эскерте кетсек, мурун кыргыз өкмөтү “Русгидро” менен келишимди үзгөндө ушундай кыйын кырдаалда кептелген жана анын “куну чубалып”, бүгүн да бүтө элек.

Ал арада “ЮрАзия в Кыргызстане” компаниясы маалымат жыйынын өткөрүп, иши элге жана экологияга зыянсыз түрдө алып барыларын айтып өттү. Бирок, ал айтылгандар чындыкка коошпосун эркин эксперттер баса белгилеп жатышат. О.э. мындай калптардын далайына Кумтөрдө көп күбө болгонбуз. Мындан сырткары, компания буга чейин үлкөн каражат сарптаганын да көзгө сая көрсөтүп кетти. Компания жетекчиси Светлана Менг: “Биз геологиялык чалгындоо иштерине эле 271 млн сом короттук, жалпы чыгымдарыбыз мындан эки эсе көп” – деп, эгер иши токтотулса, доосу чоң болорун каңкуулады. Негизи, алар кенди чалгындап коюу үчүн эле эмес, аны өндүрүп, пайдасын көрүү үчүн келген да…

Акы-укугун талашкан элге келсек, алар азаматтар. Болгону, алар башка күчтөргө кызмат кылып калбоолору керек. Мисалы, жергиликтүү саясаттан алганда, атамбаевчилер муну түндүк-түштүк бөлүнүүсүнө такаганы жатат. Анткени, бул кен түндүктө жайгашкан жана ага кошуп көтөрө турган түндүктө дагы башка проблемалар бар. Азыркы президент түштүктөн болгондуктан, түштүк элинин көпчүлүгү мындай көйгөйлөрдү көтөрүүдөн өздөрүн тыйып жатышат. Президент да алардын ишениминен пайдаланып, мындай проблемалардын туура чечимин издебей жатат. Ушундан улам, мындай проблемалар акыры барып түндүк-түштүк бөлүнүүсүнө барып такалат. Ошентип, элдин проблемаларга мындайча жандашуусун саясатчылар өз кызыкчылыктарына пайдаланып кетишет. Ошондуктан, жалпы өлкө калкы муну жалпыбыздын проблемабыз деп, ал тургай, Уммат проблемасы деп түшүнүшүбүз керек. Анткени, бул урандын зыяны Казакстан жана Өзбекстанга жетип барат. Ошондуктан, азыркы демократ сөрөй саясатчылардын башка саясий иштерин бул көйгөйгө аралаштырууларына жол бербешибиз зарыл. Мына ошондо бу куу саясатчылардын кутумдарынан кутула алабыз.

Негизи, “жарандык активисттер” да, оппозициядагылар да, бийликтегилер да ушул көйгөйү үчүн көтөрүлгөн мусулман калктын перзенттери. Ыхтымал, алар да бул иштери менен элге жакшылык кылып жатабыз деп ойлоп жатышкандыр. Бирок, алардын ар бири жакшылыкты ар кандай түшүнүшөт. Бирок, жакшылык эмне экенин алардын акылы же нафси белгилеп бере албайт. Адамзат пендесине эмне жакшы да, эмне жаман экенин алардын  Жаратуучусу белгилеп берет. Ошондуктан, ар бирибиз жараткан Аллах Таала Өз шарияты аркылуу бизге тааныткан жакшы-жаманды ажыратып алышыбыз зарыл. Андыктан, ар бир проблемага тушукканда, анын Исламдагы чечимин үйрөнөлү. Ошондуктан, жогоруда аталган жарандардын Аллахтан башкага арнап кылып жаткан кызматтары үчүн эч кандай сооп жок. Эгер билип туруп кылышса, жалаң гана күнөө арттырып жатышат. Эгер билишпесе, бул жааттагы шаръий өкүмдөрдү үйрөнбөгөндүктөрү үчүн жоопкер болушат.

Ислам эмне дейт?

Уран да, башка нерселер сыяктуу эле, адамзат пайдаланышы үчүн Аллах тарабынан берилген бир ниъмат. Эгер аны Аллах буйругандай пайдаланбасак, адамзат үчүн ниъмат эмес, балекет болот.

Азыр капиталисттик системада бул уран кенинин иштетилиши экономикалык проблема катары каралып, империалисттердин жеке компанияларына берилип жатат жана мында анын адамдарга зыяндуулугу эске алынбайт. Зыянсыз ыкмалар менен иштетебиз деп жатышканы – алдоодон башка нерсе эмес. Анткени, аларга пайда болсо болду, башка нерсени ойлоп да коюшпайт. Ислам болсо, буга экономикалык проблема деп эмес, адам проблемасы деп карайт. Ошондуктан, уран качан адамдарга зыянсыз болсо гана иштетилет. Мунун ишке ашуусу адамдардын ыйманы жана таквасына сүйөнөт о.э. муну Исламий Мамлекет шарият негизинде ишке ашырат.

Шариятта уран жалпы элдик мүлк болуп саналат. Анын өзү же пайдасынын үзүрүн ар бир жаран тең көрүү керек. АЭСке отун кылып, өндүрүлгөн энергияны элге бекер жеткирип береби, же Ислам мамлекетинин айбаты үчүн атомдук курал чыгарабы ж.б. – айтор, уранды элге Ислам Мамлекети иштетип берет. Бирок, азыр андай мамлекет жок.

Исламий мамлекет жок болсо да, уранды кафир державаларга жана алардын компанияларына берүү харам.

О.э. саясатчылардын бул көйгөйдү бийлик үчүн күрөштөрүнө колдонуусу харам о.э. алардын бул иштерине жардам берүү да харам.

Булар менен бирге, Исламда түндүк-түштүк болуп жиктелүү сыяктуу бөлүнүүлөр да харам.

Учурдан пайдаланып айта кетсек, аалымдар бул ишке аралашмакчы болсо, мына ушул акыйкаттарды айтышсын. Бийлик же башкасынын арыгын чабуу үчүн шарияттан жол табышса, бул фитна болот. Фитнанын шаръий аныктамасы – акыйкаттан адаштыруу. Акыйкатты айта алышпаса, анда сүкүт сакташсын. Фажирликтен көрө ажиздикти тандашсын.

Тыянак

Уран маселеси жаатында эл бийликти ушул шарият өкүмдөрү боюнча мухасаба кылып алышы керек.

Саясатчылар бул көйгөйдү өз кызыкчылыктары жолунда пайдаланып кетүүгө урунушпастан, көйгөй шарият негизинде, эл кызыкчылыктарына ылайык чечилишине көмөк көрсөтүшсүн.

Бүткүл эл биригип, фикрий-саясий күрөш аркылуу Исламий Халифалыкты тикелөөгө аракет кылышыбыз фарз. Мына ошол Халифалык Ислам Умматын эле эмес, бүткүл адамзатты империалисттердин бардык зулумдарынан куткарат.

Абдулхакийм

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here