Британия Украина менен биргеликте Россия баскынчылыгына каршы турат

431
0

Британия Украина менен биргеликте Россия баскынчылыгына каршы турат

Британиянын премьер-министри Тереза Мэй Украинанын жаңы шайланган Владимир Зеленский Британияга “мүмкүн болушунча эртерээк” келип кетүүгө чакырды. Бул тууралуу Британия өкмөтүнүн маалымат кызматы кабарлады.

Мэй менен Зеленский  23-апрелда телефон аркылуу сүйлөшүп, Тереза Мэй Зеленскийди шайлоодогу жеңиши менен куттуктаган. 

Мэй Британия жана Украина кызматташтыгын кеңейтүү, айрыкча, «Россия баскынчылыгына каршы турууда эл аралык коомчулук менен иштешүүнү» сунуштаган. О.э. Британия Украинанын суверенитетин жана аймактык бүтүндүгүн колдой тургандыгын билдирген. 

Мындан тышкары, сүйлөшүү учурунда жакындан кызматташууга келишип алышкан.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here