Кыргызстан-Кытай газ түтүгү кызуу талкууда

327
0

Кыргызстан-Кытай газ түтүгү кызуу талкууда

Түркмөнстан газын Кытайга алып өтүүчү газ түтүгүнүн Кыргызстанда жаткырылчу бөлүгү коомчулукта кызуу талкууга алынууда. Куурдун Тажикстандагы бөлүгүнө тиешелүү иштер башталды. Кыргызстан бийлиги да эртерээк ишке киришүүгө кызыкдар болууда.

Кыргызстанда жумушту Кытайдын «SINO-Pipeline International Company Limited» компаниясы жүргүзөт. Бул долбоор Кытайдын Орто Азияга карата экономикалык колонизаторлугу алкагында алып барылууда.

Аталган газ түтүгү Түркмөнстандан Кытайга тартылып, жалпы узундугу 1000 км ди түзөт. Анын 180 км.и Өзбекстан, 400 км.и Тажикстан аркылуу өтөт. Кыргызстандын аймагы менен өтчү газ түтүгүнүн жалпы узундугу болжол менен 215 километр болуп, өткөрүүчү кубаттуулугу жылына 30 млрд. куб метр газды түзөт. Газ түтүгү Ош облусунун Алай жана Чоң-Алай райондору аркылуу өтөт.

Мурдагы вице-премьер-министр Базарбай Мамбетов былтыр ушул маселени көтөрүп, өкмөттү кескин сынга алган. Саясатчы алтургай газ кууру түшө турган жерлер Кытайга сатылып кеткенин, аны кийин Кытайдын аскерлери кайтарарын да билдирип чыккан.

Базарбай Мамбетов:

​“Мурда да айткам, дагы деле айтам, эгерде биз кытайларга уруксат берсек, Алай өрөөнүн өзүбүз колдоно албай калабыз. Анткени бул газ түтүгү өткөн, 50-100 диаметрдей жерди Кытайдын куралдуу күчтөрү коргоого алат экен. Алай өрөөнү экиге бөлүнүп, бир жактан экинчи жакка адамдарды өткөрбөйт экен. Биздин бийликтегилер, ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев келишимге кол коюп жаткан учурда эч ким менен кеңешпей, макулдук берип коюптур. Жогорку Кеңеш ыкчам түрдө ратификация кылып салган. Келишимде биз ала турган пайда да жазылган эмес. 2018-жылы биз чатак салып, чуу көтөргөндө бийлик “Кыргызстан жылына 30 млн. доллар алат” деди. Кийин кыйкырык дагы күчөгөндө “жылына 75 миллион алабыз” деп айтышкан”, деди.

Белгилей кетсек, Орто Азия-Кытай газ кууру Туркменистандагы газды алып чыгып кетүүчү долбоорлордун бири гана. Буга окшогон ТАПИ, Туркменистан-Европа долбоорлору да бар. Туркменистан дүйнөдөгү газдын запасы боюнча 4-орунда турат.  Бул Орто Азиядагы бир мамлекеттин гана байлыгы. Мына ушундай байлыктар ач көз ири державалардын Орто Азияда таасир талашууларын арттырып баратат.

Али Маураннахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here