Фираун болууну эңсеген ас-Сиси

466
0

Фираун болууну эңсеген ас-Сиси

Мисирде конституцияны өзгөртүү жөнүндө референдум өтүүдө. Шайлоо бир нече күнгө созулат: өлкө ичинде дүйшөмбү күнүнө чейин, ал эми чет элде жашаган мисирликтер үчүн жекшемби күнүнө чейин уланат. Ошол эле учурда, шайлоого катышуу милдеттүү болуп эсептелет, олуттуу себеби жок шайлоого катышпаган адамга чоң айып пул салынары айтылууда.

Бул референдумда конституцияга бир катар өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда. «Эң башкы өзгөртүү – бул президенттин ыйгарым укугунун мөөнөтүн төрт жылдан алты жылга узартуу. Ошентип, учурдагы мамлекет башчысы Абдул-Фаттах ас-Сиси 2030-жылга чейин өз кызматында кала алат» («euronews», 2019-жыл, 20-апрель).

Мындан мурун, 9-апрелде ас-Сиси шайлоо алдында өз кожоюну Америкага барып Трамп менен жолугушуу өткөрүп, анын «ак батасын» алып келген. Ошол жолугушууда ас-Сисинин 2034-жылга чейин калуу аракети жөнүндөгү суроого Трамп минтип жооп берген: «Менин оюмда, ал мыкты ишти аткарып жатат… ал улуу президент» («trt.net.tr», 2019-жыл, 10-апрель).

Мисирде репрессия күч алып, мусулмандар эч бир айыпсыз өлүм жазасына тартылып жатышкан бир учурда (муну дүйнөлүк адам укуктарын коргогон уюмдар да тан алышууда), АКШ өз малайы ас-Сисини ар тараптуу колдоого алып жатат.

Абдулхак

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here