Судан Ислам менен гана азат болот
Мухаммад Жамиъ (Абу Айман) Хизб ут-Тахрир–Судан вилаятынын расмий сүйлөөчүсүнүн жардамчысы
Умар Башир 2018-жылы 19-декабрдан бери нааразылыктар толкунуна дуушар болуп келди. Бу нааразылыктар анын бийликке келгенинен 30 жылдан кийин болуп жаткан эң күчтүү жана узакка созулган нааразылыктар болуп калууда. Нааразылыктар башында экономикалык төмөндүккө каршы каарданган абалда башталды. Лекин алар тез эле Баширдин өзү жана режимин кулатуу талабына айланды.
Туура, демонстрациялар айрым бир себептерге байланыштуу солгундады. Демонстранттарды бириктирие турган бир максаддын жоктугу жана айрым бир «светскийлердин» режим кулагандан кийин динди турмуштан бөлүү үчүн кылып жаткан аракеттери себептүү ураандар да анык эмес, жалпы түрдө болууда.
Калк тынбай айтып жаткан (азаттык, тынчтык жана адилет) сыяктуу жалпы көрүнүштөгү ураандар жөнүндө белгилүү бир түшүнүк жок. Азаттык дегенде эмнени айтып жатышат? Ал кандайча ишке ашат? Алар айтып жаткан азаттык жаатында Ислам фикири кандай? Ал кулчулукка каршыбы? Же Батыш айтып жаткан акыйда эркиндиги, муртаддык, хад-жазаларды колдонбоо, жеке эркиндик, фахш жана жыныс эркиндигиби? Же фикр эркиндигиби, же болбосо, динди жана илахий затты акаараттоо эркиндигиби? Ошондуктан, Исламды жана анын өкүмдөрүн каалабаган чечимдерге дал келүүчү жалпы түстөгү ураандардын ордуна чыныгы жана тунук ураандар көтөрүлүшү керек. Анткени, Ислам шаръий мааниге ээ сөз жана терминдерге бай, ал сыркоо сөздөргө мухтаж эмес. О.э. Ислам ар бир нерсени кеңири ачыктап, тафсилаттарына чейин баяндап берген. Аллах Тааала мындай дейт:
وَنَزَّلْنَا عَلَيْكَ الْكِتَابَ تِبْيَاناً لِّكُلِّ شَيْءٍ وَهُدًى وَرَحْمَةً وَبُشْرَى لِلْمُسْلِمِينَ
«Сага — бардык нерсени баян кылып берүүчү, хидаят, рахмат жана мусулмандар үчүн сүйүнчү болгон Китебди-Куръанды түшүрдүк» [Нахл 89]
Ошондуктан, жакшылап аңдоо жана түшүнүү керек болгон иш – айрым кишилер козголоңду өз жолунан бурууга аракет кылып жатышат. Муну «динди өкмөт жана саясаттан бөлүү керек» деген фикрлер козголуп калганынан билсе болот. «Кушньюс» сайты 2019-жылы 14-февралда кабарлашынча, Судан жумушчулар жыйынынын өкүлү доктор Мухаммад Юсуф Мустафа тарыхтагы каталарга чек коюу жана диндин мамлекет менен болгон алакасы тууралуу сүйлөгөн. Ал айтат: «Албетте дин судандыктардын негизги мурасы, биз дин мамлекеттен ажыратылсын жана светтик болсун деп айтпайбыз. Балким, динди мамлекеттен куткаруу керек жана дин коомдо өз ролун аткарышы үчүн мамлекет аны эксплуатация кылбашы керек дейбиз». Бул баянат шек-күмөнсүз козголоңду алсыратат жана өз жолунан буруп жиберет. Себеби, Башир өкмөтү 1989-жылкы төңкөрүштөн бери светтик өкмөт. Бу өкмөт башкарууда калууга мыйзамдуу түс бериш үчүн Судан мусулмандарынын туйгуларын кытыгылай турган айрым исламий ураандарды көтөрүп келди. Лекин анын акыйкаты адамдарга белгилүү, анткени, ал иршад министрлигин базар жана башка массалык жайларда Ислам тууралуу сүйлөөсүнө тыюу салат.
Өкмөт көптөгөн сандагы масжид имамдарын масжидде хакты айткандыктары үчүн иштен бошоткон. Анткени, Судандагы «Инкоз» (куткаруу) режими илманий (светтик) режим болуп, башкарууда демократиялык республика түзүмүн колдонсо, экономикада Эл аралык Валюта Фондунун жана Дүйнөлүк Банктын буйруктарын ишке ашырат. Парламент тарабынан бир нече жолу сүткордук адал кылынышын жана ага урухсат берилишин айтпаса да болот. Социалдык жактан болсо, CEDAW келишиминде белгиленген токтомдор колдонулат. Бу нерсе көңүл ачуучу жайларда жана коомдук парктарда ачык көрүнөт. Өкмөт ал тургай Исламдан болбогон «коомдук тартиб» деген мыйзамды да аткарбайт. Айрым өкүмдөр шаръий далилдерден алынган шаръий хукм катары эмес, акимдердин каалоосу жана ыраазылыгы менен кабыл алынган. Ошондуктан, Америка элчилиги ачык кийинишке тыюу салуу боюнча беренеге каршы чыкканда, өкмөт ага моюн сунду жана ушул беренени өзгөртүүгө киришти. Ал эми Исламда шаръий хукмдарды өзгөртүп болбойт. Аллах Таала айтат:
وَمَا كَانَ لِمُؤْمِنٍ وَلا مُؤْمِنَةٍ إِذَا قَضَى اللَّهُ وَرَسُولُهُ أَمْراً أَن يَكُونَ لَهُمُ الْخِيَرَةُ مِنْ أَمْرِهِمْ وَمَن يَعْصِ اللَّهَ وَرَسُولَهُ فَقَدْ ضَلَّ ضَلالاً مُّبِيناً
«Аллах жана Анын пайгамбары бир ишти буюрган убакта бирер мумин жана мумина үчүн (Аллахтын хукмун коюп) өз иштеринде ыхтыяр кылуулары жаиз эмес» [Ахзаб 36]
Ал эми, оппозициядагы айрым жетекчилердин аракетке эл аралык түс берүүгө урунууларына келсек, бул нерсе колонизаторлорго байланган күчтөрдүн адаты. Себеби, өкмөт 5+1 келишими боюнча Америка менен сүйлөшүүлөр алып барып жатса, оппозиция режимди кулатууга жардам бериши үчүн Европанын ишке аралашуусун каалап жатат. Ошон үчүн оппозиция өкүлү 2019-жылы 14-февралда британиялык юрист, Судан жана Түштүк Судан боюнча парламенттик жумушчу топтун экс-төрагасы лорд Элтон менен учурашты. Мындан мурунураак «Судан үнү» союзундагы тышкы мамилелер боюнча жооптуу адам Британиянын Судан жана Түштүк Судан боюнча атайын өкүлү Крис Трут менен жолугушту. Анда делегация башчысы Британия жана Франциядан 25-февралда башталышы күтүлүп жаткан адам укуктары кеңешинин кезектеги кыркынчы сессиясында «демонстранттарды өлтүрүү боюнча эл аралык текшерүү кеңешин» түзүүлөрүн суранган. («Судан Трибюн» газетасы, 2019-жыл, 16-февраль).
Бирок, адамдардын көчөгө чыгууларына түрткү болгон себебдер азыр да бар. Анткени, адамдар бензин куюучу жайларда, банктарда жана нан дүкөндөрүндө узун катар кезектерде турушат. Баалар улам көтөрүлүп баратат, жунайхтын куну түшүп, бир доллар жетимиш жунайхка барабар болуп калган. Банктын чек кагазында болсо бир доллар 83 жунайх. Ооба, козголоңго түрткү болгон себебдер дагы эле бар. Лекин, козголоңчуларды бириктире турган максад тунук эмес. Айрым илманийлердин негизги кыймылдаткычы болгон динди козголоңдон бөлүүгө урунууларын адамдарга түшүндүрүп, баяндап берүү зарыл. Мына ошондо козголоң аң-сезимдүү болот жана адамдарга анын белгилери көрүнөт. Ошон үчүн, козголоңчуларды бириктире турган жана козголоңчулар ал үчүн өзүн курбан кыла турган фикрат болушу керек.
Судан калкы мусулман болгону үчүн аларды Ислам, анын хукмдары жана шариаты бириктирет. Баширдин өкмөтү илманий өкмөт, ал динди башкаруудан бөлдү. О.э. базарларда жана башка жайларда Ислам жөнүндө сүйлөөгө тыюу салып, Ислам көрүнүштөрүнө каршы күрөштү. Залдарда чогулуудан кайтарды. Алардын акыркысы «Судан келечеги илманийлик жана исламий шариат ортосунда» деген уламалар жана исламий жетекчилер, масжид имамдары чогула турган конференция болду. Бул конференция шахид Зубайр залында өтүшү керек эле, лекин өкмөт ага тыюу салды. Бу нерсе өкмөттүн терроризмге каршы күрөш наамы астындагы Исламга каршы күрөштө Америка менен кызматташ экенин тасдыктады. Натыйжада, конференция Хизб-ут-Тахрирдин Судан вилаяты офисинин майданына көчүрүлдү. Еонференцияда көптөгөн уламалар, исламий жетекчилер жыйылды. Анда Халифалыктын фарздыгы, мааниси жана ага амал кылуу важибдиги тууралуу күчтүү кептер айтылды.
Демек, козголоңчуларды бириктире турган жаркын фикр болушу маанилүү жана негизги иш. Бу кудум азан айтылган кезде мусулмандарды Аллахтын үйүнө жамдай турган намазга окшойт. Себеби, анда адамдар Аллахтын үйүнө жыйылат, ажайыб жана тартибдүү аракеттерди кылышат, сөздөрдү сүйлөшөт о.э. бу тартибге бардыгы амал кылат. Себеби, алар белгилери анык фикрат. Козголоң да ушуга окшойт, анда козголоңчуларды бириктире турган түшүнүк жаркын болушу керек. Мисалы, демократиялык республика түзүмүн кулатып, ордуна Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык мамлекетин тикелөө аркылуу Ислам түзүмүн орнотуу лазым. Бу иш режимдин жүзүн ачат о.э. колонизаторлор менен алардын малайларынан турган козголоң ууруларына мүмкүнчүлүк калтырбайт. Ушуну менен бирге, козголоңчулардын талаб жана максаддары аң-сезимдүү болушун камсыздайт.
Роя гезити