Масжидул Аксадан кайрылуу

431
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيم

Халифалык мамлекетинин кулатылганын эскерүү: Масжидул Аксадан кайрылуу

Бүткүл ааламдар роббиси Аллахка мактоолор болсун. Аллахтын Расулуна, ал кишинин үй-бүлөсүнө жана сахабаларына, аны дос туткандарга саламдар болсун. Амма баъд:

Эй Жер жүзүнүн чыгышы-батышындагы мусулмандар!

Эй мусулман армияларындагы офицерлер-аскерлер!

Биз силерге Расулуллах ﷺдын Исро жеринен кайрылып жатабыз. Туткундагы Акса мечитинде туруп «Халифалык – Аллахтын нусраты жана жакынкы жеңиш» деп жатабыз. Демек, Аллахка жардам бергиле, Ал да силерге нусрат-жардам берет жана кадамыңарды бекем кылат.

Акса мечитинде туруп Исламга нусрат берүүгө үндөп жатабыз. Ушул мубарек жерден силерге кыйкырып, Аллахтын динин жер жүзүндө орнотууга чакырып жатабыз, кабыл аласыңарды?!

Эй мусулмандар!

Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык – силердин нажатыңардын жана күч-кубатыңардын, диниңерди тикелешиңердин жалгыз жолу.

Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык – Аксаны, мубарек Фалестина жерин ыплас баскынчылардан азат кылуу, Бирмадагы жана Чыгыш Түркстандагы бечараларга жардам берүүнүн жолу. Ал – Американы Ирак жана Афганстандан, Араб жарым аралынан жана бардык басып алынган исламий өлкөлөрдөн кууп чыгаруунун шаръий жана амалий тарыйкаты.

Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык – биригишиңердин жолу. Жалгыз ал гана силерди бириктирет, жалгыз ал гана Үммөттү бөлүп-жарган мазхабчылык жана улутчулдук сыяктуу илдеттерди жок кылат, жалгыз ал гана мусулмандардын жүрөктөрүн бир кылып, башка адамдардан айырмаланган, Аллах жана Расулу каалаган Үммөт кылат.

Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык гана армияларды жамдап, инсандарды куфр караңгылыгынан Исламдын нуруна жана адилетине алып чыгуу үчүн Исламды жер жүзүнө жаят.

Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык гана бүткүл дүйнөнү капитализм ач көздүгүнөн жана бузгунчулугунан, Американын жана анын союздаштарынын жырткычтыгынан куткарат.

Ооба, ушул Халифалык гана адамзатты куткарып, жер жүзүнө изгилик жайат.

Эй мусулмандар жана мусулман армиялары!

Аллахтын зикрине жана хакка жүрөгүңөрдү ачылышыңардын убагы келбедиби?! Аллах жана Расулуна жардам берүүнүн убагы келбедиби?!

Үммөткө түрдүү кордукту көрсөткөн тогут акимдерди жана алардын паракор куйруктарын кулатуунун убагы келбедиби?!

Бөлүнүүңөргө, биримдигиңерди бузууга себеп болгон чегараларды кыйратуунун убагы келбедиби?!

Үммөт армиялары Ислам тарабына өтүп, Аллахка жана Расулуна жардам берүүнүн убагы келбедиби?!

Жок-жок, булардын баарынын убагы – Аллах акысы – эбак келген, Аллахка ант болсун, эбак келген!

Эй ага-инилер жана достор!

Биздин маанилүү вазыйфабыз – Аллахтын динин жер жүзүндө орнотуу. Аллах бизди адамдар үстүндө күбө болуу үчүн тандады жана ушул дин менен бизди эң жакшы Үммөткө айлантты. Аллах Тааланын ушул аяты жөнүндө ой жүгүрткүлө:

وَجَاهِدُوا فِي اللَّهِ حَقَّ جِهَادِهِ هُوَ اجْتَبَاكُمْ وَمَا جَعَلَ عَلَيْكُمْ فِي الدِّينِ مِنْ حَرَجٍ مِلَّةَ أَبِيكُمْ إِبْرَاهِيمَ هُوَ سَمَّاكُمُ الْمُسْلِمِينَ مِنْ قَبْلُ وَفِي هَذَا لِيَكُونَ الرَّسُولُ شَهِيدًا عَلَيْكُمْ وَتَكُونُوا شُهَدَاءَ عَلَى النَّاسِ فَأَقِيمُوا الصَّلَاةَ وَآتُوا الزَّكَاةَ وَاعْتَصِمُوا بِاللَّهِ هُوَ مَوْلَاكُمْ فَنِعْمَ الْمَوْلَى وَنِعْمَ النَّصِيرُ

«Жана да Аллах (жолунда) чыныгы жихад кылгыла! Анын Өзү силерди (ушул ыйык дин үчүн) шайлады жана бул динде силерге бир да тарлык кылбады. Атаңар Ибрахимдин динин кармангыла. Тээ (кыямат күнүндө) пайгамбар силердин үстүңөргө күбө болсун үчүн, силер болсо (бардык диндердеги) адамдар үстүндө күбө болушуңар үчүн (Аллах) Өзү силерди мурда(гы ыйык китетерде) да, ушул (Куръанда) да мусулмандар деп атады. Демек, намазды толук аткаргыла, зекетти бергиле жана Аллахка байлангыла! Ал силердин Эгеңер. Ал кандай гана жакшы Эге жана кандай гана жакшы нусрат берүүчү» [22:78]

Ошондой болгон соң, Аллахтын арканын бекем кармагыла, биргеликте Аллахтын динин тикелөө менен Расулуллах ﷺдын Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалыктын болушу жөнүндөгү башаратын жүзөгө чыгаралы.

Эй мусулман өлкөлөрүндөгү ага-инилер жана достор!

Биз ушул Акса мечитинен силерге кайрылууну талыкпай улантабыз. Аллах Өзү нусрат берүү менен көздөрүбүздү кубантуусуна ынтызарбыз, көздөрүбүз силер такбир-тахлил айтып, Аллахтын:

فَقُطِعَ دَابِرُ الْقَوْمِ الَّذِينَ ظَلَمُوا وَالْحَمْدُ لِلَّهِ رَبِّ الْعَالَمِينَ

«Бүткүл ааламдардын Роббиси Аллахка мактоолор болсун, залим коомдун куйруктары кесилди» [6:45]

аятын жарыялап, Акса аянтына кирип келишиңерди көрүүгө ынтызар.

Эй мубарек жердин калкы, Хашим Газасы эли!

Силерге каршы алыс-жакындагы душман тил бириктирди. Силерди бул мусибаттан Аллах Азза ва Жалладан башка эч ким куткара албайт. Душмандарыңар силерге айла-амал кылып, зыян жеткирүү максатында турат. Бирок, алардын айла-амалынан Аллахтын айла-амалы күчтүү. Душмандарыңар тигил саткын акимдердин коркоктугуна же өз текебердиктерине алданышты. Бул мубарек Фалестина жери – Ислам очогу, мусулмандардын алгачкы кыбласы, Набий ﷺдын асманга көтөрүлгөн миъраж жайы. Бул жерде хак үстүндө бекем турган тайпа бар. Абу Умама G Расулуллах ﷺдын мындай дегенин риваят кылат:

«لاَ تَزَالُ طَائِفَةٌ مِنْ أُمَّتِي عَلَى الْحَقِّ ظَاهِرِينَ, لَعَدُوِّهِمْ قَاهِرِينَ, لاَ يَضُرُّهُمْ مَنْ خَالَفَهُمْ إِلاَّ مَا أَصَابَهُمْ مِنْ لَأْوَاءَ حَتَّى يَأْتِيَ أَمْرُ اللَّهِ وَهُمْ كَذَلِكَ» قَالُوا: يَا رَسُولَ اللَّهِ وَأَيْنَ هُمْ؟ قَالَ: «بِبَيْتِ الْمَقْدِسِ وَأَكْنَافِ بَيْتِ الْمَقْدِسِ»

«Үммөтүмдүн бир тайпасы хак үстүндө туруп, душмандарын жеңип кете берет. Каршылык кылгандар аларга зыян жеткире албайт, болгону аларга кандайдыр бир кайгы-кыйынчылык гана жетет. Алар ушул абалда турушканда Аллахтын иши-нусраты келет». Сурашты: Я Расулуллах, алар каякта болушат? Айтты: «Байтул Макдисте жана анын айланасында». (Ахмад).

Эй калкыбыз жана досторубуз!

Батыш менен исламий өлкөлөрдүн акимдери Фалестина Азаттык кыймылынын үстүнө кыянаттык тонун кийгизишкенде ал саткындардын жолун тандады жана момундарды коюп, Американы жана куфр мамлекеттерин дос тутту, эл аралык сокур мыйзамга ыраазы болду. Бул мыйзам яхудийлердин кызыкчылыгына кызмат кылуудан башка нерсени билбейт жана яхудийлерди мубарек жерге жайгаштырат. Ислам душмандары динибизге каршы тил бириктирүүнү улантууда. Америка, Европа, Россия жана яхудий вужуду бири-бирине дос жана бул Аллахтын Китебинде айтылган:

يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا لَا تَتَّخِذُوا الْيَهُودَ وَالنَّصَارَى أَوْلِيَاءَ بَعْضُهُمْ أَوْلِيَاءُ بَعْضٍ وَمَنْ يَتَوَلَّهُمْ مِنْكُمْ فَإِنَّهُ مِنْهُمْ إِنَّ اللَّهَ لَا يَهْدِي الْقَوْمَ الظَّالِمِينَ * فَتَرَى الَّذِينَ فِي قُلُوبِهِمْ مَرَضٌ يُسَارِعُونَ فِيهِمْ يَقُولُونَ نَخْشَى أَنْ تُصِيبَنَا دَائِرَةٌ فَعَسَى اللَّهُ أَنْ يَأْتِيَ بِالْفَتْحِ أَوْ أَمْرٍ مِنْ عِنْدِهِ فَيُصْبِحُوا عَلَى مَا أَسَرُّوا فِي أَنْفُسِهِمْ نَادِمِينَ

«Эй момундар, яхудий жана насранийлерди дос тутпагыла! Алардын кээ бирөөлөрү кээ бирөөлөрүнө дос. Силерден ким аларга дос болсо, анда, ал ошолордон. Албетте, Аллах залим коомду хидаят кылбайт. Демек, силер жүрөктөрүндө оорусу болгон кимселер бизге бирээр балээ жетишинен коркобуз, деген абалда (кафирлер) тарапка шашып жатышканын көрөсүңөр. Кана эми Аллах мусулмандарга жеңиш берсе же өз алдынан бирээр ишти келтирип, алардын ичинде жашырынган нерселерине өкүнүп калуучуларга айланып калышса» [5:51-52]

Биз ушул жерде, мубарек жайда туруп, силерди бул залим, саткын жана тогут акимдерге моюн сунуудан эскертебиз. Каршылык кыймылдарына насаат кылып, аларга – Фалестина маселеси Америка жана эл аралык уюмдар же болбосо бир ууч саткын акимдердики эмес, Исламдыкы, Исламий Үммөттүкү дейбиз. Бул маселе Мисир, Иордания жана Саудия акимдеринен турган үчтүк саткындарга таандык да эмесин өзгөчө баса белгилейбиз. Ислам душмандары кече Фалестина Азаттык кыймылына саткындык тонун кийгизген болсо, бүгүн аны Фалестинадагы бардык топ жана кыймылдарга кийгизишмекчи. Өз ыктыярыңар менен кийбесеңер, мажбурлоосу турган кеп. Ошондой болгон соң, биз баарыңарды тогут режимдерден, эл аралык уюмдардан баш тартууга чакырабыз. Фалестина маселесин өз ээсине – Исламга кайтарып, Ислам Үммөтүнөн жана анын армияларынан Халифалыкты тикелөө жана Куддуси Шарифти азат кылуу үчүн нусрат талап кылууга чакырабыз.

Эй мусулмандар!

Халифалык – Аллахтын нусраты жана жакынкы жеңиш. Демек, Аллахка нусрат-жардам бергиле, Ал да силерге жардам берет, кадамыңарды бекем кылат. Аллах Азза ва Жаллага ишенгиле, себеби, нусрат Анын колунда:

إِنْ يَنْصُرْكُمُ اللَّهُ فَلَا غَالِبَ لَكُمْ وَإِنْ يَخْذُلْكُمْ فَمَنْ ذَا الَّذِي يَنْصُرُكُمْ مِنْ بَعْدِهِ وَعَلَى اللَّهِ فَلْيَتَوَكَّلِ الْمُؤْمِنُونَ

«Эгер, силерге Аллах нусрат берсе, эч ким силерден үстөм болбойт жана эгер силерди жардамсыз койсо, Андан башка эч бир зат жардамчы болбойт, момундар Аллахтын Өзүнө гана таянышсын!»  [3:160]

Колуңарды сунгула жана биз менен бирге аракет кылгыла, Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыкты тикелейли.

Аллахым, ушул жакшылыкты бизден мусулмандарга жеткир, алардын жүрөктөрүн ач, жүрөктөрүбүздү бириктир, Мухаммад Үммөтүн Өз итаатыңа, ыраазылыгыңа, нусратыңа бириктир, бизге Өз алдыңдан бир жардамчы кубат бер.

Аллахым, Пайгамбарыбыз Мухаммад мустафага, үй-бүлөсүнө жана бардык сахабаларына саламдар болсун. Бүткүл ааламдар Роббиси Аллахка мактоолор болсун.

Хизб-ут-Тахрир–Фалестина

29-ражаб, 1440-х.

5-апрель, 2019-м.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here