Ливия: АКШ жана Британия малайларынын фитналары

400
0

Ливия: АКШ жана Британия малайларынын фитналары

4-апрелде Ливия улуттук армиясын жетектеген Халифа Хафтар Ливиянын борбор калаасы Триполиге чабуул жасоо жөнүндө буйрук берди. Хафтар өзүнүн кайрылуусунда мындай дейт: «Триполини… боевиктерден жана террористтерден азат кылуунун учуру келди» («Al Hadath», 2019-жыл, 4-апрель). Азыркы күндө Хафтардын армиясы Триполинин жака белинде Улуттук келишүү өкмөтүнүн кошуундарына каршы салгылашып жатат. Буга чейин Хафтар Ливиянын түштүк аймактарын басып алган болчу. Бул кескиндик Каддафи өлтүрүлгөндөн бери токтобой келе жатат. Анткени, Ливияда өз ара күрөшүп жаткан тараптардын артында тышкы күчтөр турат жана ал ачкөздөрдүн “тамак талашуусу” бүтпөйт.

Каддафинин доорунда өлкөнүн саясий элитасы Британияга жан тартчу, себеби Каддафи өзү Британиянын малайы болгон. Ал эми, АКШнын таасири дээрлик жок эле. 2011-жылы Ливияда козголоң башталып, өлкө президенти Каддафи өлтүрүлдү, бирок, өлкөдө эски саясий элита өзгөрүүсүз калды, ошондуктан Ливия саясатында Британиянын өкүмдарлыгы сакталып турат. Европа, негизинен Британия, Ливияда шайлоолорду батыраак өткөрүп, өзүнө моюн сунган өкмөттү жана парламентти түзүүгө аракет кылды. 2015-жылы Европа БУУнун Коопсуздук Кеңешинде Ливия маселесинин чечимин алга сүрүп, күчтүү басым жарата алгандыктан, АКШ бул саясий чечимге көнүүгө аргасыз болду. Ошентип, 2015-жылы эл аралык коомчулук тан алган Улуттук келишүү өкмөтү түзүлдү жана бул өкмөттү азыр Европага малай Файиз Сараж жетектеп келет.

АКШ Ливиядагы саясий жараяндарга жана чечимдерге каршы аракет кылып, аларды болтурбоого же кечиктирүүгө умтулууда. Себеби, АКШ Ливиядагы саясий элита Британиянын «мүлкү» экенин жакшы түшүнүп турат, ошондуктан ар кандай шайлоо британиячыл адамдардын бийликке келишине мүмкүнчүлүк жаратарын аңдап турат. Ушул себептен улам, АКШ Ливияда өзүнө малай саясий элитаны пайда кылуугу умтулууда. Бул үчүн убакыт керек жана АКШга малай саясий элита пайда болгонго чейин саясий жараяндарга тоскоолдук жаратуу зарыл. Ошондуктан, Америка саясий жараянга тоскоолдук кылуу үчүн аскерий иш-аракетти тандады жана бул планды жүзөгө чыгарууну малайы Халифа Хафтарга тапшырды.

Халифа Хафтар жөнүндө айтсак, Муаммар Каддафи 1969-жылы өлкөдө аскерий төңкөрүш жасап, бийликти колго алганда, Хафтар аны менен бирге болгон. Хафтар өткөн кылымдын 80-жылдары болуп өткөн Ливия-Чад жаңжалына катышкан. 1987-жылы Чад аскерлери Хафтарды жана ал жетектеген Ливия аскерлерин туткунга алышты. Кийин Америка ортомчулук ролун аткарды, ал эми БРБ (ЦРУ) 1990-жылы Хафтарды азат кылуу жөнүндө Чад мамлекети менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Ошентип, АКШ Хафтарды Америкага алып кетти жана ал чет элдеги Ливия оппозициялык кыймылына кошулду. Хафтар ошондон тартып 20 жыл АКШнын Виржиния штатында жашады жана БРБнын көзөмөлүндө партизандык согуш алып барууну үйрөндү. Хафтар 2011-жылы Ливияда козголоң башталганда өлкөсүнө кайтып, Америка планын жүзөгө чыгарууга киришти. АКШ Хафтарга ар кандай курал-жарак менен колдоо көрсөттү, натыйжада ал Ливиянын чыгышында өкүмдөрлык орнотуп Өкүлдөр палатасын көзөмөлдөй баштады.

Ошентип, өлкөнүн чыгышында Америка малайы Хафтар көзөмөлдөгөн парламент, ал эми өлкөнүн батышында БУУ колдогон, эл аралык коомчулук тан алган европачыл Улуттук келишүү өкмөтү пайда болду.

2018-жылы 13-ноябрда Италиянын Палермо шаарында Ливия боюнча конференция өткөрүлдү. Конференцияда БУУнун Ливиядагы атайын өкүлү Гассан Салама 2019-жылы жазында Ливияда шайлоолорду өткөрүү демилгесин сунуштады, конференциянын катышуучулары бул сунушту колдоого алышты.

2019-жылы март айында Коопсуздук Кеңишинин жыйынына видео-байланыш аркылуу катышкан БУУнун Ливиядагы атайын өкүлү Гассан Салама мындай деди: «14-апрелде Ливияда Жалпы улуттук конференция болуп өтөт, бул сегиз жыл мурун башталган өткөөл мезгил кризисин чечүүнүн мүмкүнчүлүгү. Өлкөнү жакынкы келечекте эмне күтүп турганы – туруктуулук жана жаңжалдын жанданышы андан [Жалпы улуттук конференциядан] көз каранды». Салама минтип кошумчалады: «Эгер, ливиялыктар бул конференция сунуштап жаткан мүмкүнчүлүктөрдөн пайдалана алышпаса, бул саясий туңгуюкту жана жаңжалды түшүндүрөт. Туңгуюк эртеби-кечпи баары бир жаңжалга алып келет».

4-апрелде Хафтар Триполиге чабуул жасоону жарыялаган соң, Гутерриш Бенгазиде Хафтар менен жолугушуп, 5-апрелде Твиттерде мындай билдирүү берди: «Мен жүрөгүм ооруп жана абдан кабатырлануу менен Ливиядан чыгып бара жатам. Мен Триполиде жана анын тегерегинде кан төгүүдөн качуу мүмкүнчүлүгү бар деп дагы эле үмүттөнөм». БУУ баш катчысы Антонио Гутерриш Хафтардын чабуулун каралабастан, мунусу менен Хафтарга колдоо көрсөттү.

4-апрелде «Британия Ливия боюнча Коопсуздук Кеңешинин жыйынын өткөрүүнү шашылыш талап кылды… жыйын 5-апрелде жабык эшиктер артында өткөрүлмөй болду» («AFP», 2019-жыл, 5-апрель).

6-апрелде БУУнун Ливиядагы атайын өкүлү Гассан Салама жаңжалга карабастан Жалпы улуттук конференция өз убагында өткөрүлөрүн маалымдады. Гассан Салама айтат: «Биз бир жыл бою Жалпы улуттук конференцияны уюштуруу үчүн иштедик, жана ушунча аткарылган саясий иштен заматта баш тартпайбыз… Биз бул кескин маалда жана согуштук аракеттер жүрүп жатканда конференцияны өткөрүү оор маселе экенин билебиз. Бирок, биз аны өз убагында өткөрүүгө чечкиндүү бекем турабыз» («VOA», 2019-жыл, 6-апрель).

Хафтардын Триполиге чабуул жасашы – Жалпы улуттук конференцияны өткөрүүгө жападан жалгыз тоскоолдук болуп турат. 9-апрелде Гассан Салама Ливиядагы жаңжалдан улам Жалпы улуттук конференция башка мөөнөткө калтырылганын маалымдады: «Биз тарыхий мүмкүнчүлүктү колдон чыгарып жибербөө үчүн сактык менен аракет кылууну жана шашылбоону чечтик… Биз конференцияны мүмкүн болушунча батыраак өткөрүү үчүн болгон аракетибизди кылабыз» («ТАСС», 2019-жыл, 9-апрель).

Ливияда тышкы күчтөр: Америка менен Британия мына ушундай күрөш алып барышууда. Өкүндүргөнү, колонизатордун кызыкчылыгын камсыздаган бул согушта мусулмандардын каны төгүлүүдө, андан да жаманы кафирдин кызыкчылыгы деп мусулман мусулманды өлтүрүп жатат. Аллах Таала айтат:

وَلَا تَرْكَنُوا إِلَى الَّذِينَ ظَلَمُوا فَتَمَسَّكُمُ النَّارُ وَمَا لَكُمْ مِنْ دُونِ اللَّهِ مِنْ أَوْلِيَاءَ ثُمَّ لَا تُنْصَرُونَ

«Зулумдук кылгандарга таянбагыла, антчү болсоңор, анда силерге тозок оту жетет, силер үчүн Аллахтан башка бир да дос жок, анан (залимдерди ээрчип кетсеңер) силерге (Аллах тарабынан) нусрат жок»  [11:113]

Расулубуз A айтат:

«كلُّ الْمُسْلِمِ عَلَى الْمُسْلِمِ حَرَامٌ دَمُهُ وَمَالُهُ وَعِرْضُهُ»

«Мусулманга башка бир мусулмандын каны, намысы, мүлкү арам». (Муслим).

Абдулхакк

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here