«Нахза» кыймылы илманийлик менен Ислам ортосунда (2)

348
0

«Нахза» кыймылы илманийлик менен Ислам ортосунда (2)

Хамд Табиб

Өткөнкү бөлүгүбүздө «Нахза» кыймылы козголоң башталгандан бери сегиз жыл ичинде түрдүү карама-каршылыктарды жана жолдон таюуларды башынан өткөргөнү жөнүндө маек курган элек. Биз Аллахтын динин кызганабыз, Умматтын кызыкчылыгына камкордук кылып, ушуларды айтабыз:

Биринчи акыйкат: Аллах Азза ва Жалла улуулуктун, туура ойгонуунун, бейкажеттиктин, бейпилдиктин, коопсуздуктун жана тынчтыктын себеби Ислам деп көрсөтүп берди. Аллах Таала айтат:

يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُواْ إَن تَتَّقُواْ اللّهَ يَجْعَل لَّكُمْ فُرْقَاناً وَيُكَفِّرْ عَنكُمْ سَيِّئَاتِكُمْ وَيَغْفِرْ لَكُمْ وَاللّهُ ذُو الْفَضْلِ الْعَظِيمِ

«Эй момундар, эгер Аллахтан корксоңор, силер үчүн хак менен жалганды ажырата турган туура жол берет жана жамандыгыңарды өчүрүп, силерди кечирет. Аллах улуу фазилет, жоомарттык ээси»[8:29]

فَقُلْتُ اسْتَغْفِرُوا رَبَّكُمْ إِنَّهُ كَانَ غَفَّاراً + يُرْسِلِ السَّمَاء عَلَيْكُم مِّدْرَاراً + وَيُمْدِدْكُمْ بِأَمْوَالٍ وَبَنِينَ وَيَجْعَل لَّكُمْ جَنَّاتٍ وَيَجْعَل لَّكُمْ أَنْهَاراً

«Мен айттым: «Роббиңерден кечирим сурагыла, албетте Ал өтө кечиримдүү. Ал үстүңөргө асмандан жамгыр куйдурат. Жана силерге мал-дүйнө, бала-чакадан жардам берет, ошондой эле силерге бактарды (тартуу) кылат жана силерге аккан дарыяларды (тартуу) кылат» [71:10-12]

وَلَوْ أَنَّ أَهْلَ الْقُرَى آمَنُواْ وَاتَّقَواْ لَفَتَحْنَا عَلَيْهِم بَرَكَاتٍ مِّنَ السَّمَاء وَالأَرْضِ وَلَـكِن كَذَّبُواْ فَأَخَذْنَاهُم بِمَا كَانُواْ يَكْسِبُونَ

«Эгер, ал айылдардын калкы ыйман келтирип, таквадар болушканда, албетте Биз аларга асман-жерден береке (дарбазаларын) ачып койгор элек. Бирок, алар (пайгамбарларыбызды) жалганчы дешти, анан, аларды өздөрү кылган күнөөлөрү себептүү кармадык» [7:96]

Эгер, Уммат Аллах Азза ва Жалланын жолунан тайса, адашууга түшүүсү анык. Аллах Таала айтат:

وَكَأَيِّن مِّن قَرْيَةٍ عَتَتْ عَنْ أَمْرِ رَبِّهَا وَرُسُلِهِ فَحَاسَبْنَاهَا حِسَاباً شَدِيداً وَعَذَّبْنَاهَا عَذَاباً نُّكْراً + فَذَاقَتْ وَبَالَ أَمْرِهَا وَكَانَ عَاقِبَةُ أَمْرِهَا خُسْراً + أَعَدَّ اللَّهُ لَهُمْ عَذَاباً شَدِيداً فَاتَّقُوا اللَّهَ يَا أُوْلِي الْأَلْبَابِ الَّذِينَ آمَنُوا قَدْ أَنزَلَ اللَّهُ إِلَيْكُمْ ذِكْراً

«Кандан-канча шаар-айылдар бар эле, Жараткандын жана Анын Расулдарынын буйругунан баш тарткан. Анан, Биз алардан катуу эсеп-кысап алганбыз жана жаман азап менен азаптаганбыз. Ошондо, алар өз иш-кылмыштарынын зыянын татышты жана бул иштеринин жыйынтыгы кыйроо болду. Аллах алар үчүн катуу азапты даярдап койгон. Ошондуктан, эй ыйман келтирген акыл ээлери, Аллахтан корккула, чынында Ал силерге эскертмени түшүрдү» [65:8-10]

Шек-күмөнсүз, Тунис жана башка мусулман өлкөлөрү узак жылдар Халифалык астында жашап, жанданды жана өнүктү, бардык тармактын гүлтаажысына айланды.

Экинчи акыйкат: кээ бир мусулман өлкөлөрү белгилүү бир убакыт Аллах Азза ва Жалланын дининен алыс жашаган. Ошондо бөлүнүү, ыдыроо, жакырчылык, мусулмандардын өз ара согушу, өз ара душмандык сыяктуу бизге жеткен кыйынчылыктар аларга да жеткен. Ал заманда улуу кол башчылар Муса ибн Нусайр, Тарик ибн Зияд, Абу Бакр ибн Умар жана Юсуф ибн Ташфин сыяктуулар болгон. Уммат кайра жанданып, бардык проблемаларга каршы тура алган. Биз үчүн Исламий Магриб өлкөлөрү ибрат. Анткени, бизден мурункулардын доорунда учураган мусибаттарды биз бүгүн башыбыздан өткөрүп жатабыз. Ошондуктан, биз үчүн мурдагы туура жолдон т.а. салафтарыбыз рахимахуллахтар баскан жолдон башка кутулуу жолу жок.

Үчүнчү акыйкат: бүгүн бүткүл мусулман өлкөлөрү, өзгөчө, Магриб өлкөлөрү, алардын катарында Тунис Аллах Азза ва Жалладан алыс жашап жатат. Буга акимдердин кафир мамлекеттерге көз карандылыгы, акимдер Умматтын динине жана мабдасына тескери түзүмдөрдү колдонуп жатышканы, мусулман өлкөлөрүндө иш алып барып жаткан исламий кыймылдар өз дининен четтеп, бузгунчу илманийликке аралашканы себеп болду. Мисалы, Тунистеги «Нахза», Пакистандагы «Хизбул Исламий», Түркиядагы «Адилет жана Өнүгүү» партиясы, Мароккодогу «Адилет жана Өнүгүү» партиясы жана башкалар өздөрүнүн туура дининен алысташты жана илманийлик, демократия, адам укуктарын коргоо, жасалма эркиндиктер сыяктуу нерселерди ээрчишти.

Төртүнчү акыйкат: бүгүн Тунис саясий боштукта жашоодо. Боштукту илманий партиялар да, «Нахза» кыймылы да толтура алышпады. Буга Тунистин дагы да төмөн кулап бара жатканы, колонизаторлордун кучагына кирип жатканы, калкы күндөн-күнгө жакырлашып жатканы, тааныш-билишчилик, уурулук жана экономикалык мыйзамбузуулардын күчөп жатканы себеп.

Жыйынтыктаганда: биз бүткүл Тунистеги мусулмандарга, өзгөчө, «Нахза» кыймылынын мүчөлөрүнө жана тарапкерлерине кайрылып, мындай дейбиз: Ислам Умматы эң күчтүү уммат. Тунистеги коомдук пикир Ислам кызыкчылыгына, Исламдын мамлекетте жана коомдо колдонулушунун пайдасына өзгөрүүдө. Ушул себептен улам, силердин мойнуңарда ушул кыймылдагы жетекчилерди адашуудан токтотуп, акыйкатка баш ийдирүү. Расулуллах A буйругандай:

«كَلَّا، وَاللَّه لَتَأْمُرُنَّ بِالْمَعْرُوفِ، وَلَتَنْهَوُنَّ عَنِ الْمُنْكَرِ، ولتَأْخُذُنَّ عَلَى يَدِ الظَّالِمِ، ولَتَأْطرُنَّهُ عَلَى الْحَقِّ أَطْرًا، ولَتَقْصُرُنَّهُ عَلَى الْحَقِّ قَصْرًا، أَوْ لَيَضْرِبَنَّ اللَّه بقُلُوبِ بَعْضِكُمْ عَلَى بَعْضٍ، ثُمَّ ليَلْعَنكُمْ كَمَا لَعَنَهُمْ»

«Жок, Аллахка ант албетте маъруфка буйруп, мункардан кайтарасыңар жана залимди колунан кармап, аны акыйкатка моюн сундуруп коёсуңар. Антпесеңер, Аллах айрымыңар аркылуу айрымыңардын жүрөктөрүнө сокку берет. Кийин силерди (Бани Исраилди) наалаттагандай наалаттайт». (Абу Давуд риваяты).

Ислам илманийликтин жактоочуларынан айырмаланууну, исламий түс менен өзгөчөлөнүп турууну, бекемдикти талап кылат. Аллах Таала айтат:

فَاسْتَقِمْ كَمَا أُمِرْتَ وَمَن تَابَ مَعَكَ وَلاَ تَطْغَوْا إِنَّهُ بِمَا تَعْمَلُونَ بَصِيرٌ + وَلاَ تَرْكَنُواْ إِلَى الَّذِينَ ظَلَمُواْ فَتَمَسَّكُمُ النَّارُ وَمَا لَكُم مِّن دُونِ اللّهِ مِنْ أَوْلِيَاء ثُمَّ لاَ تُنصَرُونَ

«Демек, сен жана сени менен бирге тообо кылгандар силерге буйрулгандай туура жолдо болгула! Дагы аша чаап кетпегиле! Албетте, Ал кылып жаткан амалыңарды көрүп турат. Зулумдук жолун туткан адамдарга таянбагыла, антпесе, силерге тозок оту жетет, силер үчүн Аллахтан башка бир да дос жок, кийин (залимдерди ээрчип кетсеңер) силерге (Аллах тарабынан) нусрат берилбейт»  [11:112-113]

Кафир мамлекеттердеги мушриктерге же илманийлерге кор болуп, алардын кучагына кирүүнү Ислам кабыл албайт. Расулуллах бизге чырайлуу үлгү. Мушриктер ал затка бир жыл биздин кудайыбызга сыйынасың, бир жыл сенин кудайыңа сыйынабыз деп сунуш коюшканда, ал муну бүтүндөй четке каккан жана Аллах Азза ва Жалланын ушул аяты түшкөн:

قُلْ يَا أَيُّهَا الْكَافِرُونَ + لَا أَعْبُدُ مَا تَعْبُدُونَ + وَلَا أَنتُمْ عَابِدُونَ مَا أَعْبُدُ + وَلَا أَنَا عَابِدٌ مَّا عَبَدتُّمْ + وَلَا أَنتُمْ عَابِدُونَ مَا أَعْبُدُ + لَكُمْ دِينُكُمْ وَلِيَ دِينِ

«Айткын: «Эй кафирлер! Мен силер ибадат кылып жаткан нерселерге ибадат кылбаймын. Жана силер да мен ибадат кылган (Аллах)ка ибадат кылуучу эмессиңер. Мен силер ибадат кылган нерсеге ибадат кылуучу эмесмин. Жана слер да мен ибадат кылган (Аллах)ка ибадат кылуучу эмессиңер. Силердин диниңер өзүңөр үчүн, менин диним өзүм үчүн!» [109:1-6]

Бүгүн Ислам негизинде жанданууну, ойгонууну каалагандар Исламды Уммат үчүн саясий долбоор катары жеткирүүлөрү, калктын Исламдан келип чыккан колдоосуна ээ болушу шарт.

Сөзүбүздүн соңунда ушуну айтабыз, Аллах Таала мындай дейт:

فَأَمَّا الزَّبَدُ فَيَذْهَبُ جُفَاءً وَأَمَّا مَا يَنفَعُ النَّاسَ فَيَمْكُثُ فِي الأَرْضِ كَذَلِكَ يَضْرِبُ اللّهُ الأَمْثَالَ + لِلَّذِينَ اسْتَجَابُواْ لِرَبِّهِمُ الْحُسْنَى وَالَّذِينَ لَمْ يَسْتَجِيبُواْ لَهُ لَوْ أَنَّ لَهُم مَّا فِي الأَرْضِ جَمِيعاً وَمِثْلَهُ مَعَهُ لاَفْتَدَوْا بِهِ أُوْلَـئِكَ لَهُمْ سُوءُ الْحِسَابِ وَمَأْوَاهُمْ جَهَنَّمُ وَبِئْسَ الْمِهَادُ

«Эми, ал көбүк өз-өзүнөн жок болуп кетет. Адамдарга пайдалуу болгон нерсе болсо Жер жүзүндө калат. Аллах мисалдарды мына ушундай баян кылат. Жаратканга моюн сунгандар үчүн жакшы сыйлык бар. Ага моюн сунбаган кимселер болсо, эгер жердеги мал-дөөлөт (дагы) эки эсе (көбөйүп) аларга таандык болсо, албетте аны (Аллахтын азабынан кутулуу үчүн) курман кылышкан болоор эле. Алар үчүн эң жаман эсеп-кысап болот. Алардын жайлары тозок. Ал кандай гана жаман жай!» [13:17-18]

Батыл канчалык күчөбөсүн, бир күнү ойрон болушу анык. Себеби, акыйкаттын жеңип чыгышына күмөн жок. Аллах Таала айтат:

وَنُرِيدُ أَن نَّمُنَّ عَلَى الَّذِينَ اسْتُضْعِفُوا فِي الْأَرْضِ وَنَجْعَلَهُمْ أَئِمَّةً وَنَجْعَلَهُمُ الْوَارِثِينَ * وَنُمَكِّنَ لَهُمْ فِي الْأَرْضِ وَنُرِي فِرْعَوْنَ وَهَامَانَ وَجُنُودَهُمَا مِنْهُم مَّا كَانُوا يَحْذَرُونَ

«Биз болсо ал жерде кордолгон кишилерге камкордук кылууну, аларды башчыларга айлантууну жана аларды мураскорлор кылууну каалайбыз. Дагы аларды ошол жерде жайгаштырып, Фиръавн жана Хаманга о.э. экөөсүнүн аскерлерине (Бани Исраил) тарабынан өздөрү корккон нерсени көрсөтүп коюуну (каалайбыз)» [28:5-6]

Аллах Азза ва Жалла Тунистеги элибизге Хизбди тартуулады. Бул Хизб – жагынууну, эки жүздүүлүктү жана Батышты ээрчип, анын долбоорлорун кабыл алууну билбейт. Ушул Хизб Аллах Азза ва Жалланын динин бекем кармоодо. Ал адашкан хизб-кыймылдарды Исламга кайтууга, Умматты Куран жана Суннатты карманууга жана Магриб өлкөлөрүн исламий улуу кол башчылардын жетекчилигине кайтууга чакырып жатат.

Аллах Таалага дуа кылып, Мухаммаддын Умматына тез арада Ислам башкаруусун беришин сурайбыз. Мына ошондо Уммат Аллах Субханаху ва Таала сыпаттаган сыпатка ээ болушат:

كُنتُمْ خَيْرَ أُمَّةٍ أُخْرِجَتْ لِلنَّاسِ تَأْمُرُونَ بِالْمَعْرُوفِ وَتَنْهَوْنَ عَنِ الْمُنكَرِ وَتُؤْمِنُونَ بِاللّهِ

«Адамдар үчүн чыгарылган умматтардын эң жакшысы болдуңар. Анткени, силер маъруфка буюрасыңар, мункардан кайтарасыңар жана Аллахка ыйман келтиресиңер. Эгер, ахли китептер да ыйман келтиришкенде өздөрү үчүн жакшы болоор эле. Алардын момундары да бар жана (бирок) алардын көпчүлүгү фасыктар» [3:110]

Роя гезити

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here