Бийлик менен оппозициянын саясий элита өкүлдөрүн талашуу аракеттери күчөй баштады

475
0

Бийлик менен оппозициянын саясий элита өкүлдөрүн талашуу аракеттери күчөй баштады

Кыргызстанда 2020-жылы өтүшү күтүлүп жаткан парламенттик шайлоонун алдында бийлик менен жаңы оппозициялык күчтөр ортосундагы саясий күрөш күчөй баштады. КСДП партиясынын 6-марттагы ХVII-сьезди жана 3-марттагы “Атамбаевсиз – КСДП” сьезди партияны экиге бөлүп жиберди. КСДП Кыргызстандагы негизги элита өкүлдөрү болуп эсептелген саясатчыларды өзүндө топтогон эң ири партия болчу.

Акаевдин президенттиги учурунда “Алга Кыргызстан”, Бакиев президент болгондо “Ак жол” партиялары жетекчи элита өкүлдөрүнөн түзүлгөн бийликтин партиясы болгон. Акаев мамлекеттен качып кеткен соң, анын партиясы да жок кылынып, партия өкүлдөрүнүнүн  дээрлик бардыгы “Ак жол” партиясына өтүп кетишкен. Ушул аркылуу ошол кезде саясий элита ортосунда эч кандай бөлүнүү проблемасы жүз берген эмес. Аталышы өзгөргөнү менен  бийликте да, партияда да дээрлик мурунку саясий элита өкүлдөрү калган эле.

Мамлекет парламенттик башкарууга умтулуп бара жаткандыктан, кыргыз бийлиги үчүн жетекчи партия өтө маанилүү. Себеби, президент өз ыйгарым-укугу менен парламентти башкара албайт. Демек, ал парламентти жетекчи партия жана коалициянын кубаты менен өз таасири астында кармап турушу керек. Атамбаевдин келиши да, кетиши да мыйзамдуу шайлоо жолу менен ишке ашырылды. Ошондуктан, президент Жээнбеков КСДП партиясын өз таасири астына алууда бир аз кыйынчылыктарга дуушар болууда. Демек, президент партияны өз таасири астына алат, же аны алсыратып мүчөлөрүн ар түрдүү кысымдар аркылуу, же кызыкчылыктарды сунуштоо жолдору менен өзү тарапка алып өтүүгө катуу аракет кылат. Ал үчүн президент жаңы партия түзүп, аны бир жылда жетекчи партия кылышы керек болот. Бул болсо, өтө кыйын иш. Демек, президенттин командасы КСДПны өз таасири астына ала албаса,  анда учурдагы партиялардын бирин тандайт о.э. КСДПнын саясий таасирин алсыратуу үчүн админстративдик кубатынан пайдаланат. Антпесе, КСДП мамлекетте күчтүү оппозициялык партияга айланып, шайлоодо парламентке ушул кубаты менен кирип келиши мүмкүн.

Тилекке каршы, Кыргызстанда калыптанып калган бул саясий чөйрө жана жетекчи топтон турган башкаруу механизми, биз мусулмандарга жат жана пайдасыз болгону менен, алар биздин үстүбүздө жана кызыкчылыктарыбыз үстүндө бири-бири менен бийлик талашууда. Башкача айтканда, алар куфр башкаруу системасы негизинде саясат жүргүзүп, шайлоо жана шайлоо алдындагы иштерин да шариятка тескери ыкма жана аракеттер менен улантышат. Ошого карабастан, биз мусулмандар алардын таасир майданы жана айла-амалдары үчүн негизги таяныч жана курал болуп кала беребиз. Каалайбызбы-каалабайбызбы, жетекчи топ өз кызыкчылыктары жолунда биздин үстүбүздөн мыйзамдарды чыгарып, моюн сунууга мажбурлашат. О.э. ресурстарыбызды эл аралык саясатта аларды колдошу мүмкүн болгон күчтүү мамлекеттерге берип жиберишүүдө. Биз алардын бири-бири менен кызыкчылык талашуудагы куралдарына айланып калдык.

Биз мусулмандар саясатка аралашпайбыз деп жар салганыбыз менен, иш-жүзүндө саясатка аралашпай коюу мүмкүн эмес! Биздин бир гана тандоо мүмкүнүчүлүгүбүз бар. Башкача айтканда, бүгүнкү күндө жүз берип жаткан куфр механизми менен саясатка аралашуу,  же  болбосо, Хизб ут-Тахрир алып барып жаткандай, Пайгамбарыбыз С.А.В. сийратына ылайык исламий тарыйкат негизинде саясатка аралашуу! Бирок кандай болгон күндө да, биз саясаттан тышкарыда кала албайбыз. Ал тургай, муфтият жана мечит имамдарына карата болуп жаткандай , ар түрдүү басымдар аркылуу шайлоолорго аралашууга мажбурланабыз! Демек, айласыздан саясатка аралашабыз!

Мындан тышкары, куфр саясий механизми – саясий партия жана өкмөттөрдү өз калкы жана мамлекетинин байлыктарын талап-тоноо менен өз кызыкчылыктарына жете турган ыплас жолдорго багытталат. Мисалы, Путиндин Кыргызстанга сапарынан кийин Казакстан жана Өзбекстан менен мамилелер бузулуп барууда. Жүздөгөн жүк машиналар чек арадан өткөрүлбөй, миңдеген жарандар зыян тартууда. Ушул сыяктуу иштердин бардыгы кайсы бир чиновник, партия же бийлик өкүлү өз кызыкчылыгы үчүн кол койгон кандайдыр документ же келишим себептүү жүз берүүдө. Башкача айтканда, эл аралык саясат бизди ушул куфр башкаруу механизмине моюн сундуруу менен, бири-бирибизге каршы багыттап, ушунун артынан ири жетекчи мамлекеттер аскерий жана саясий кызыкчылыктарын жүзөгө чыгара ала турган мухитти (дүйнөлүк башкаруу системасын) жаратып алышты.

Боордоштор, ар дайым куфрга алданып, эки дүйнө жыргалчылыгыбызды коркунучка дуушар кыла бербейли! Жок эле дегенде, куфр партиялары ортосундагы шайлоодо жана шайлоо алдындагы тирешүүлөрдө алардын бир тарабына кызмат кылуудан сактанып туралы. Саясатка бир гана исламий сийрат негизинде жандашып, Аллахтын нусратынан үмүттөнүп, нусратка татыктуу болууга умтулалы! Бул болсо, бизден таква жана калыстыкты, саясатка Пайгамбарыбыз С.А.В. кандай жолдор менен аралашканын жакшылап үйрөнүп чыгууну жана жашообузду Аллахтын  ыраазылыгы негизине курууну талап кылат. Ассаламу алайкум!

Абдураззак.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here