Умматтын акимдери өлүк сыяктуу болсо да, мусулмандар – тирүү Уммат

379
0

Умматтын акимдери өлүк сыяктуу болсо да, мусулмандар – тирүү Уммат

Абу Хамза Хутваний

Ислам Умматы – тирүү Уммат. Уммат ыйман жана Ислам менен тирүү. Уммат Исламды сүйөт, исламий шаръий өкүмдөрдүн колдонулушун каалайт, куфр жана кафирлерди жаман көрөт, алардын кайрыилахий мыйзамдарын четке кагат, динди башкаруудан, саясаттан жана турмуштан четтетүүгө чакырган кимселерди жек көрөт. Умматтын чоң бөлүгү акимдерге ишенбейт, аларды урматтабайт, аларды колонизатор кафирдин колундагы куурчак деп билет. О.э. Уммат сарай уламаларына да ишенбейт жана аларды тогут акимдердин айтканын макулдаган жуундукорлор деп эсептейт.

Ислам Умматы булардын баарын жакшы түшүнүп турат жана тогуттарды кулатып, тартып алынган салтанатын кайтарып алуу үчүн алардын эң катуу азап менен кармалышын күтүүдө. Уммат бул учурдун келгени жөнүндө жар сала турган жана алгачкы кадамды таштай турган кишини күтүүдө. Ошондуктан, Уммат араб козголоңдору учкуну чыгары менен эле аракетке келгенин, өзгөрүү кайрылуусун исламий ураандар менен кабыл алып тирүү Уммат экенин далилдегенин көрдүк. Уммат Ислам жолунда курмандыктарды берүүгө, өз канын төгүүгө даяр экенин көрсөттү. Өзгөрүү кербенине кошулууга кудуреттүү экенин, муну менен шарт пайда болсо Ислам байрагын бийик көтөрүүгө татыктуу Уммат экенин көрсөттү.

Аллах Субханаху ва Таала Анъам сүрөсүндө мындай дейт:

أَوَمَن كَانَ مَيْتاً فَأَحْيَيْنَاهُ وَجَعَلْنَا لَهُ نُوراً يَمْشِي بِهِ فِي النَّاسِ كَمَن مَّثَلُهُ فِي الظُّلُمَاتِ لَيْسَ بِخَارِجٍ مِّنْهَا كَذَٰلِكَ زُيِّنَ لِلْكَافِرِينَ مَا كَانُوا يَعْمَلُونَ

«Оболу өлүк болгон, кийин Биз аны тирилтип, ага адамдар арасында өзү менен бирге алып жүрө турган нурду берип койгон бир адам – караңгылыкта калып кеткен жана андан эч качан чыга албаган адамга окшойбу?! (Момундарга ыймандары кандай жакшы көрүнсө), кафирлерге да кылып жаткан амалдары мына ушундай чырайлуу кылып көрсөтүлдү» [6:122]

Инсан ыйман келтирүүдөн мурда пикирий өлүк эле. Себеби, инсан адашып жүргөндө Аллах ага Ислам менен жан берди, Расулуллахты итикад, амал, жашоо таризи жана аракет менен ээрчүүгө жетиштирди. Натыйжада, адам адашуу жана нафс караңгылыгынан Исламдын хак жана хидаят нуруна өттү. Кудум, ал өлүм дүйнөсүнөн тирүүлүк дүйнөсүнө өткөндөй болду. Андыктан, куфр жана адашуу – өлүм болсо, ыйман жана Ислам – тирүүлүк. Ошондуктан, Аллах Субханаху ва Таала Анфал сүрөсүндө мындай дейт:

يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُواْ اسْتَجِيبُواْ لِلَّهِ وَلِلرَّسُولِ إِذَا دَعَاكُم لِمَا يُحْيِيكُمْ وَاعْلَمُواْ أَنَّ اللَّهَ يَحُولُ بَيْنَ الْمَرْءِ وَقَلْبِهِ وَأَنَّهُ إِلَيْهِ تُحْشَرُونَ

«Эй ыйман келтиргендер, Аллах жана Анын пайгамбары силерди түбөлүк жашоо бере турган нерсеге даъват кылганда, аны кабыл алгыла жана билип койгула, шек-күмөнсүз, Аллах ар бир киши менен анын жүрөгүнүн ортосун ээлеп турат. Албетте, Анын алдына топтолосуңар» [8:24]

Ушул аятта Аллах Субханаху يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُواْ « Эй ыйман келтиргендер» деп бизге ыйманыбызды эске салууда, Аллахтын жана Расулунун чакырыгын итаат, амал жана баш ийүү менен кабыл алууну талап кылууда. Демек, эгер бул талапты кабыл алсак, бизге жан кирет, эгер аны кабыл албасак – момун болсок да – өлүк бойдон калбыз. Ушул себептен улам, Аллах Таала бизди ар дайым итаатта болууну, сүйүктүү Расулубуз A бизге алып келген ар бир нерсени алып, Исламдагы ар бир нерсеге амал кылууну эске салат. Мисалы, Хашр сүрөсү менен Анфал сүрөсүндөгү ушул аят сыяктуу:

وَمَا آتَاكُمُ الرَّسُولُ فَخُذُوهُ وَمَا نَهَاكُمْ عَنْهُ فَانتَهُوا وَاتَّقُوا اللَّهَ إِنَّ اللَّهَ شَدِيدُ الْعِقَابِ

«Расулуллах силерге тартуу кылган нерсени алгыла, ал силерди кайтарган нерседен кайткыла жана Аллахтан корккула, албетте Аллахтын жазасы катуу»  [59:7]

يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا أَطِيعُوا اللَّهَ وَرَسُولَهُ وَلَا تَوَلَّوْا عَنْهُ وَأَنتُمْ تَسْمَعُونَ

«Эй ыйман келтиргендер, Аллах жана Расулуна моюн унгула жана угуп туруп, андан баш тартып кетпегиле!» [8:20]

Ошентип, кимде-ким шаръий өкүмдөрдүн колдонулушуна аракет кылса, бул жолдогу амалды таштабаса, албетте, ал Аллах менен болгон алакасын идирек кылып жаткан тирүү инсан болот жана чыныгы тирүүлүк мына ушул болуп эсептелет. Кимде-ким Аллахка кайдыгер болсо жана Ислам даъватын жеткирүүдө жалкоолук кылса, албетте, ал Аллах менен болгон алакасын үзгөн болот жана ал өлүк болуп эсептелет.

Ырас, Ислам Умматы шаръий өкүмдөрдүн колдонулушу үчүн жан күйдүрүп жаткан соң, демек, анын тирүү экенине күмөн жок. Ал нусратка жана үстөмдүккө татыктуу. Ошол эл еучурда, Умматтын акимдери өлүк. Себеби, алар өткүнчү тактыларын сактап калуу максатында жасалма куфр мыйзамдарын колдонушууда, илманий жана кудайсыздык маданиятын жайып, өз элине каршы күрөшүүдө, колонизатор кафир кожоюндарын ыраазы кылуу үчүн болгон күчтөрүн жумшоодо.

Бул акимдер мусулман дүйнөсүндө бечара мусулмандардын массалык өлтүрүлүп жатканын, мусулман болушканы үчүн эркектерден, аялдардан, балдар жана карыялардан өз алынып жатканын, качкынга айлантылып, ачка калтырылып жатканын көрүп туруп унчукпай жатышат. Мына, өткөн айда Африканын Буркина-Фасо мамлекетинде кайрымусулман уруу мусулман уруусуна таандык ондогон мусулманды жырткычтык менен кыргын кылды. Бул сыяктуу канкорлук ушул мамлекеттин репрессия астында жашаган он сегиз мусулман айылында жасалган. Бирок, бул бечаралар жардам берүүчү бир да кишини табышпады, массалык маалымат каражаттары да бул жөнүндө ооз ачпады. Чыгыш Түркстанда мусулмандардын жерлери үлкөн камак лагерлерине айланууда. Ал жерде кылмышкер Кытай мусулмандарга түрдүү зулумдарды, азаптарды көрсөтүп жатат. Жада калса, Кытай бийлиги мусулмандарды динден чыгарып, динсиздерге айлантуу үчүн намаз жана орозо сыяктуу ибадаттарды аткарууга тыюу салды о.э. ыплас жолдор менен мусулмандарды нике куруудан жана перзент көрүүдөн тосуп жатат. Бирок, мусулман өлкөлөрдүн бири да аларды коргоого аракет кылбай жатат, а түгүл, жырткыч Кытайдын мындай зулумуна жөн гана нааразылык билдирүүнү аткарбай жатышат. Тескерисинче, алар Чыгыш Түркстандан келген уйгур мусулмандарын Кытайга – камасын жана өлтүрсүн үчүн – экстрадиция кылып жатышканына күбө болуп жатабыз! Өз ара болсо, бул мамлекеттер  жасалма карама-каршылык менен алек болуп жүрүшөт, коомду бузуу жана бузгунчулук жаюу максатында Батыштын ыплас маданияты жөнүндөгү түшүнүктөрдү жайышууда.

Бирок, Ислам калктары мына ушундай оор шартта жашап, алсыздык абалын башынан өткөрүп жатышса да, аларды сактап турган коргон – бул Исламга болгон ыйман. Мына ушул ыйман аларды тайылуудан сактоодо, Батыштын жалган жасалма маданиятынын пикирий күрөшүнө алдануудан коргоодо. Мусулман үй-бүлөлөрдүн бекемдиги жана нике тууралуу шаръий өкүмдөргө амал кылуу экинчи коргоочу коргон болуп, бул нерсе мусулмандарды Батыш мамлекеттери башынан өткөрүп жаткан жана кеңири жайылган бузгунчу илдеттерден сактоодо. Мусулман калктары арасында мабдага негизделген исламий хизбдердин бар экени, алар рошид Халифалыкты тикелөө, Аллах жолунда жихад кылуу жана исламий шаръий өкүмдөрдү турмуштун бардык тармактарында толук колдонуп, исламий жашоону кайрадан баштоо идеясын бекем кармагандыгы – үчүнчү коргон. Бул коргон Умматты дагы да бекем коргоо менен камсыздоодо.

Уммат ушул үч коргону менен, кафирлердин кыйраткыч чабуулдары каршысында бекем турууда, сабыр кылып, рошид Халифалык мамлекетин жана Ислам диярын тикелөө үчүн аракет кылып жаткан үчүнчү коргондун өкүлдөрү менен бирге аракет кылууда.

Аллахтын уруксаты менен, Халифалык Умматка кайтса жана Уммат да Халифалыкка кайтса, мына ошондо мусулмандар үмүтсүздүк, түшкүндүк, кыйроо жана сынуу эмне экенин билишпейт.

Роя гезити

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here