Кыргызстан менен Чеченстандын муфтийлери экстремизмге каршы биргеликте күрөшүүгө келишип алышты

506
0

Кыргызстан менен Чеченстандын муфтийлери экстремизмге каршы биргеликте күрөшүүгө келишип алышты

Кыргызстандын муфтийи Максат ажы Токтомушев Чеченстандын муфтийи Салах-Хаджи Межиев менен Грозный шаарында жолугушту. Бул тууралуу Кыргызстан дин башкармалыгынын маалымат бөлүмү кабарлады.

Жолугушуу Москвада болуп өткөн “Ислам – мээримдүүлүктүн жана тынчтыктын дини” деген аталыштагы конференциядан кийин Грозныйда уюштурулду. Жолугушууда Токтомушев Кыргызстан дин башкармалыгы “экстремизм жана терроризм”дин алдын алуу жана муътадил (салттуу) Исламды кеңири жайылтуу боюнча ар кандай кызматташтыкка даяр экендигин билдирди.

Путиндин Кыргызстанга сапары учурунда кол коюлган документтердин арасында диний кызматташтыкты өнүктүрүү беренеси да бар эле. Бирок, диний кызматташтык же мамлекеттеги диний башкаруу ошол мамлекеттин саясатына шайкеш болууга мажбур! Россия Кыргызстандын саясатын өз таасири астына алууда. Демек, диний чөрөнү да өзү каалаган саясатка кызмат кылууга мажбурлайт!

Кыргызстан муфтиятын Чеченстан менен кызматташууга мажбурлоонун артында кандай иштер болушу мүмкүн? Россия Кыргызстанда да, Рамзан Кадыров сыяктуу динди маска кылып алган диктатордук режим орнотууга аракет кылып жатпады бекен……

Абдураззак.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here