Афган өкмөтү менен “Талибан”дын ортосундагы сүйлөшүүлөр Самарканд шаарында өткөрүлөт

293
0

Афган өкмөтү менен “Талибан”дын ортосундагы сүйлөшүүлөр Самарканд шаарында өткөрүлөт

Өзбекстан президентинин алдындагы Коопсуздук кеңешинин катчысы Виктор Махмудов жана тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов башчылыгындагы өкмөттүк делегация 2019-жылдын 31-мартында иш сапар менен Афганистанда болду. Бул тууралуу Өзбекстан Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Кабарда келишинче, Өзбекстан делегациясын Афганистандын президенти Мухаммад Ашраф Гани кабыл алган.

Жолугушуунун жүрүшүндө саясий, соода-экономикалык, транспорт-коммуникациялык, маданий-гуманитардык жана  башка тармактардагы эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары талкууланды. О.э. Афганистандагы кырдаал боюнча пикир алмашылды.

Афганистан президенти Өзбекстан тарапка тынчтык жараянын баштоо жаатындагы активдүү аракети үчүн ыраазылык билдирди. Учурдагы кырдаалды жөнгө салууда өлкөнүн социалдык жана экономикалык жактан тикелениши маанилүү экендигин жана бул жараянга Өзбекстан өтө чоң салым кошуп жаткандыгын белгиледи. Мухаммад Ашраф Гани экономикалык жана инфраструктуралык тармакта кызматташтыкты активдештиргени үчүн Өзбекстанга ыраазылык билдирип, экономикалык кызматташтык аймактагы туруктуулукка шарт түзөрүн белгиледи.

“Афганистандын жетекчиси, тынчтык сүйлөшүүлөрүн уюштуруу майданы катары Самарканд шаарын тандаганы үчүн, Өзбекстан делегациясына ыраазылык билдирди”, – деп айтылат кабарда.

Өзбекстан делегациясынын Кабулга сапары алкагында, Өзбекстан Коопсуздук кеңешинин катчысы Виктор Махмудов жана Афганистан президентинин улуттук коопсуздук маселелери боюнча кеңешчиси Хамидулла Мухиб төрагалыгында коопсуздук маселелери боюнча биргелешкен комиссиянын кезектеги жыйыны болуп өттү.

Өзбекстан делегациясы ошол эле күнү, Афганистан өкмөтүнүн аткаруу кеңешинин төрагасы Абдулла Абдулла, президенттин улуттук коопсуздук маселелери боюнча кеңешчиси Хамидулла Мухиб, тышкы иштер министри Салахиддин Раббоний, БУУнун башкы катчысынын ыйгарым-укуктуу өкүлү, БУУнун Афганистанга жардам миссиясынын жетекчиси Тадамичи Ямамото жана экс-президент Хамид Карзай менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here